Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылыштагы) кезектеги ХI сессиясы
2018-жылдын 25-декабры № 11/1
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2019-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана иштетүү боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2019-жылга бюджети тууралуу Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовдун маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2019-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 327 010 сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогулган жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алып чыгып алар боюнча так маалыматтарды берүү менен максаттуучыгымдарга жумшоо, 2019-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 25.12.2018- жылдагы кезектеги ХI сессиясынын № 11/4-токтомуна тиркеме
СМЕТАСЫ:
№ | Малдын түрү | Малдын саны | ШМБ | Жайыт пайдалануу үчүн 1-мал башына чегерилген төлөм (сом) | Жайыт пайдалануу үчүн төлөөнүчү суммасы | ||||||
Киреше |
| ||||||||||
1 | Ийримүйүздүү мал | 2336 | 2336 | 50-00 | 116800-00 | ||||||
2 | Жылкы | 2165 | 2168 | 50-00 | 108400-00 | ||||||
3 | Кой-эчки | 10181 | 5090 | 10-00 | 101810-00 | ||||||
| Бардыгы |
| 12403 |
| 327010-00 | ||||||
|
|
|
|
|
| ||||||
Чыгаша |
| ||||||||||
№ | Көрсөткүчтүнаталыштары | Статья | Бардыгы
| а.и. квартал |
| ||||||
1 | П | Ш | 1У |
| |||||||
1 | Инфраструктураны ондоо | 22156900 | 20825 | - | 1000 | 19825 | - |
| |||
2 | Эмгек акы | 21111100 | 117000 | 19500 | 39000 | 39000 | 19500 |
| |||
3 | Соц.фонд | 21211100 | 20182 | 3363 | 6728 | 6728 | 3363 |
| |||
4 | Сапар чыгым | 22111100 | 10000 | 1500 | 4000 | 4000 | 500 |
| |||
5 | Транспорт чыгымы | 22155300 | 15000 | 3000 | 8000 | 4000 | - |
| |||
6 | Инвентарь |
| 3000 | - | - | 3000 | - |
| |||
7 | Жайыт мониторинги |
| 9000 | - | 9000 | - | - |
| |||
8 | Канц. товар |
| 5000 | 2500 | 1000 | 1500 | - |
| |||
9 | Мүчөлүк акы |
| 3000 | - | - | - | 3000 |
| |||
10 | Ар түрдүү чыгым |
| 15000 | 1000 | 4000 | 4000 | 6000 |
| |||
11 | Жайыт салыгы |
| 65059 | - | 35059 | 30000 | - |
| |||
12 | Доходдун1/3бөлүгүн айылөкмөткөчегерүү |
| 43944 | - | 219444 | 22000 | - |
| |||
| Бардыгы: |
| 327010 | 30863 | 129731 | 134053 | 32363 |
| |||
Ылай-Талаа айып өкмөтүнүнжооптуу катчысы : С.Осмоналиев