Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылыштагы) кезектеги Х сессиясы
2018-жылдын 21-ноябры № 10/9
Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш Ылай-Талаа айыл аймагында жарандарды сыйлоонун жогорку формасын жана алардын мамлекетти, демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоодо жана чыңдоодоөлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциялын арттырууга кошкон салымын ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин баалоо тууралуу сунуш кылынып жаткан “Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы тууралуу Жобо боюнча Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Жолдошовдунмаалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы тууралуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. “Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы тууралуу ЖобоКыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ylai-talaa-aimak.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги “Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы тууралуу Жобону расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ylai-talaa-aimak.kg веб сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага : Н.Жолдошов
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги
ХII сессиясынын (VI чакырылыш) 19-февраль
2019-жылдагы № 12/3 токтомуна тиркеме
1.1.«Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагында жарандарды сыйлоонун жогорку формасы жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциялын арттырууга кошкон салымы, ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат.
1.2.«Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы Ылай-Талаа айылдык Кенеши жана Ылай-Талаа айыл өкмөтү тарабынан уюштурулат.
1.3.«Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүүнүн, наамды ыйгаруунун жана тапшыруунун, сактоонун тартиптери, бул сыйлык тууралуу башка эрежелер ушул Жобого ылайык жөнгө салынат.
1.4. Чет өлкөлөрдө иштеген жана убактылуу жашап жаткан кыргыз жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Ош облусунун, Кара-Кулжа районунун, Ылай-Талаа айыл аймагынын алдында синирген эмгектери үчүн «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланышы мүмкүн.Аларды сыйлоо боюнча сунуштар жалпы негиздерде берилет.
1.5. Бир эле адам «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен эки жолу сыйланышы мүмкүн эмес.
1.6. Атуулдарды алардын мааракелерине же бир багытта узак мезгилдер бою кадимки кызмат кылгандыгына байланыштуу «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланууга көрсөтүүгө жол берилбейт.
2. «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби
2.1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин алдында жарандарга «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча атайын комиссия (мындан ары – комиссия) түзүлөт. Комиссиянын сандык курамы 9 адамдан турат жана анын сапаттык курамын айылдык Кенеш аныктайт. Комиссия «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына сунуш кылынган талапкерлердин документтерин кабыл алат, ирээттейт, талкууга алат жана талапкерлердин ичинен тандалып алынган адамдын талапкерлиги боюнча өзүнүн чечимин чыгарып, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин жыйынына сунуш кылат. Комиссия коомдук башталышта иш алып барат.
2.2. «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды төмөндөгүлөр киргизе алат:
- ар түрдүү деңгээлдеги мекеме-ишканалар (менчигинин түрүнө карабастан);
-жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүүөз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары;
-өкмөттүк эмес уюмдар;
-Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдардын жана жамааттардын элдик, жамааттык жыйындары.
2.3 . «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлүүчү талапкердин талапкерлиги алгач аны көрсөтүп жаткан мекеме-уюмдардын жана жамааттардын өздүк жыйындарында талкууланууга тийиш.
2.4. Сыйлоого сунуш кылынган талапкер тууралуу комиссияга төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
-талапкердин резюмеси;
-талапкердин өмүр баяны;
-жамааттык жыйындын талапкердин эмне үчүн көрсөтүлүп жаткандыгын аныктаган текст камтылган протоколу, сунуштары;
-талапкердин ишинин сапаты жана натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтар, мамлекеттик жана өкмөттүк алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
- сунушталган адамдын 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана түстүүсүрөтү;
-талапкердин эмгек китепчесинен көчүрмө;
-талапкердин паспортунан көчүрмө.
Зарыл болгон шартта комиссия тарабынан башка документтер талап кылынышы мүмкүн.
2.5. Сыйлоо жана сыйлоодон баш тартуу жөнүндө Комиссиянын чечимдери боюнча атуулдардын даттануулары жана арыздары каралбайт.
3. «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун жана тапшыруунун тартиби
3.1. «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы жылына бир ирет, ашып барса 5 адамга «Нооруз»жана «Эгемендүүлүк» майрамдардын алкагында өткөрүлүүчү салтанаттуу иш чарада тапшырылат.
3.2. Талапкерлерди тандоодо, келип түшкөнн материалдарды калыс кароо үчүн комиссия өз ишине атайын адистерди кызматташууга тартышы мүмкүн.
3.3. «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкүдөй артыкчылыктагы инсандарга ыйгарылышы эске алынат:
- СССР учурундагы жана азыркы мезгилдеги сиңирген эмгеги үчүн орден, медалдар, Жогорку Кенештин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлангандар, баатырдык наамга ээ болгондор, көрүнүктүү илимий даражалуу окумуштуулар, эмгек сиңирген ишмерлер (бардык багыттар боюнча), СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайлангандар, облустук Кенешке депутат болгондор, облустук жетекчи кызматтарда, райондук мамлекеттик администрацияларда иштеп элге кызматы менен таанылгандар, өлкөнү коргоодо эрдик көрсөткөн согуштун ардагерлери, интернационалдык милдетти аткаруу менен улуттук намысыбызды бийик сактаган азаматтар, Кыргыз Республикасынын чегинде жашап-жашабагандыгына карабастан элибиздин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон эмгеги менен белгилүү болгондор;
-көп жылдар бою саламаттык сактоодо, жаштарга тарбия, билим берүүдө мамлекеттик жана коомдук иштерде, айыл чарбасында үзгүлтүксүз салым кошуп, элдин оозуна алынып, кадыр-баркка ээ болгондор;
- эл чыгармачылыгына, адабиятка, маданиятка, искусствого, спортко жекече үлүшүн тынымсыз кошуп, тарбиялоо жаатындагы ишмердиги менен тасирлуу айырмаланган атуулдар;
-элибиздин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө, турмуш-тиричилик шарттарынын оңолушуна өзгөчө салымын кошкон адамдар, Кыргыз Республикасынын чет жерде жашаган жарандары, чет элдик жарандар;
- мурда аймагыбыздын өнүгүшүнө баалуу салымдарын кошуп, учурда эл-журтка сөзү, жүрүш-турушу менену үлгү болгон, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоого, жаштарды тарбиялоого жумшаган аракеттери жогору бааланган эмгек ардагерлери.
3.4. Комиссиянын чечими айылдык Кеңештин жыйынында талкууланат. Депутаттардын жалпы санынын 2/3 бөлүгү макулдук бергенде комиссиянын чечими кабыл алынды деп эсептелинет. Негиздүү себептер болгон учурда айылдык Кеңеш комиссиянын чечимин кайра кароого кайтарышы мүмкүн. Мындай учурда комиссия, айылдык Кеңештин жыйынында айтылган пикирлерди эске алуу менен, сунуш кылынган талапкерлердин тизмесин кайрадан карап чыгып, айылдык кенештин жыйынына кайра сунуш кылат.
3.5. «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы сыйлана турган адамдын өзүнө салтанаттуу кырдаалда Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы тарабынан тапшырылат.
3.6. Сыйлыкты тапшыруу алдында Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин айылдык кеңештин алдындагы жарандарга «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча атайын комиссиянын «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйлоо тууралуу» чечимин бекитүү жөнүндөгү токтому окулат.
3.7. Сыйлануучу адамга сыйлоо учурунда төмөндөгүлөр берилет:
- Куттуктоо баракчасы (мында сыйлануучунун эмгек жолунун урунттуу учурлары эске алынган куттуктоо тексти орун алып, Ылай-Талаа айылдык Кенешинин төрагасынын жана Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын колдору, мөөрлөрү менен тастыкталат. Куттуктоону Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы, же анын ордуна жооптуу катчы окуп, тапшырат);
-«Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» деген жазуу менен катар жылы кошо саймаланып түшүрүлгөн сый лентасы;
- «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» күбөлүгү;
- «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» төш белгиси.
Төш белги сыйлануучу адамдын сол төшүнө тагылат. Күбөлүктү жана төш белгини Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы тапшырат.
3.8. Эгерде сыйлануучу адам оорунун айынан, же башка негиздүү себептерден улам салтанатка келе албаса сыйлык ага турган жеринде тапшырылат.
4. Башка жоболор
4.1. «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин чыгарган чечимдерине ылайык жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланат.
4.2. «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон адамдар айыл аймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерди жана укуктарды пайдалана алат:
- айыл аймагындагы ар кандай салтанаттуу жыйындарга ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
- айыл аймагындагы жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын бутактарында кезексиз кабыл алынууга;
- жашаган жерине атайын белги илип коюуга;
- мүмкүнчүлүккө жараша көчөгө, же башка аймактарга наам берүүдө эске алынууга.
5. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
5.1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын эмгек жамааттарынын жыйындарынын, жергиликтүү жамааттардын элдик жыйындарынын сунуштарын негизинде, Ылай-Талаа айыл Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын 2/3бөлүгүнүн макулдугу менен Жобого өзгөртүүлөржана түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.