Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры №10
Нуржанов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды уюштурууну жакшыртуу, кызматтарды алуу процедураларын жөнөкөйлөүтүрүү, калкка кызматтарды кыска мөөнөттө, бир жерде алуунун камсыздоо максатында Нуржанов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нуржанов айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобосу бекитилсин. (1-тиркеме)
2.”Бирдиктүү терезе ”принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин типтүү формасы бекитилсин (2-тиркеме).
3. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исмаиловго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Жееналиева |
Тиркеме
Нуржанов айылдык кенешинин
“___”_______________№______
токтомуна
Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө жобосу
1. Жалпы жоболор
2. ККБнын түзүүнүн максатары жана милдеттери
3. ККБнын уюштуруу ишмердиги
4. ККБда маалыматтык - сурап билүүнү камсыздоо
5. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
6. Айыл өкмөт башчысынын жоопкерчилиги
7. Кошумча кызматтар
8. ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган. Калкка жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү инструменттердин бири болуп айыл өкмөттөргө караштуу көп тармактуу функционалдуу кызмат көрсөтүүчу борборлорду (ККБ) түзүү болуп саналат.
«Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде ККБ мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууга ыйгарым укукка ээ.
1. Жалпы жоболор
1.1. ККБнын ишмердиги жөнүндө Типтүү жобо 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
1.2. ККБ жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси аркылуу түзүлөт.
1.3. ККБ өзүнүн ишмердигинде келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын структуралык түзүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
2. ККБнын түзүүнүн максаттары жана милдеттери
2.1. Борбордун түзүү максаты болуп, жарандар үчүн бирдейликти камсыз кылуу, айрыкча аялуу топторду (балдарды, жаштарды, аялдарды) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кызмат көрсөтүүнүн процедурасын жеңилдетүүнүн негизинде, кызмат көрсөтүүнүн убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүү эсептелет.
2.2. Борбордун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
а)Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн уюштуруунун астында кайрылуучу субъектилердин кайрылуу санын минималдык өлчөмдө азайтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана анын сапатын жогорулатуу;
б) кайрылуучуларга бир эле убакытта бири-бирине байланышкан муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
в) ККБнын жооптуу өкүлү (администратору) аркылуу кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылуучуга маалымат берүүнү камсыздоо;
г) жарандардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын же сунуштарын кароо, коомдук инициативаларды, административдик, жер, турак-жай, коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча жарандык укуктун негизинде жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;
д) маалымат жана байланыш технологияларын колдонуу менен ведомстволук уюмдардын эсебинен маалыматтык жана документациялык өз ара кызматташууда кызмат адамдары менен арыздануучулардын ортосундагы байланыштын санын кыскартуу.
3. ККБнын уюштуруу ишмердиги
3.1. ККБнын ишмердигин уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн имаратынан тийиштүү жабдуулар (жабдуулар, телефондор, компьютерлер, принтерлер, ксерокстер, маалыматтык стендтер, TV ж.б.) менен камсыздалган, мүмкүнчүлүккө ылайык биринчи кабаттан өзүнчө бөлмө бөлүп берүүнү камсыздайт.
3.2. ККБда белгиленген графиги боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен квалификациялык талаптарга жооп берген адистер тарабынан, кызмат көрсөтүү боюнча функционалдык милдеттер айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кимге жүктөлгөн болсо, мындан тышкары райондо жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү тарабынан калкка маанилүүрөк кызмат көрсөтүү жүргүзүлөт.
3.3. муниципалдык кызмат көрсөтүү учурунда, бир нече уюмдар катышса, айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүүчү келишимди, кайрылуучунун жыйынтыктоочу документтерин берген орган менен биргеликте түзөт.
3.4. Алыскы айылдардан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ. Кабыл алууга баш тартуу мүмкүн эмес.
3.5. Борбор тарабынан акылуу жана акысыз кызматтар жөнүндө калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бөлмөлөргө жайгаштырууну жана жарыяланууну ККБ камсыздайт.
3.6. ККБ жайгашкан жайлар кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларга төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө арналган маалыматтык тактайча (көрнөк) менен жабдылат:
а) иш режими жөнүндө;
б) телефондор жана даректер, анын ичинде – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин электрондук почта даректери;
в) калк үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги аларды көрсөтүүнүн шартын (акысыз жана акы төлөнүүчү) көрсөтүү менен. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-феврылындагы № 80 токтому менен бекитилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин колдонуу зарыл.
Калктын маалыматтуулугун камсыздоо үчүн тиешелүү материалдарды ККБда жайгаштырылган маалыматтык стенддерге жана жарыктандырылуучу таблолорго жайгаштыруу, ошондой эле маалыматык-коммуникативдик технология (МКТ) каражаттарын, электрондук жана басма сөз ММКтарды кеңири колдонуу зарыл.
4. Кызмат көрсөтүү борборлорунда (ККБ) маалыматтык-
сурап билүүнү камсыздоо
4.1. Маалымат такталары муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдуу жана ар тараптуу материалдар менен камсылдалышы керек, атап айтканда:
а) кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси;
б) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык кызматтарды алууга зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан бекитилген бланканын формаларын толтуруу үлгүлөрү;
в) көбүрөөк берилген суроолор жана аларга жооптор (1 айда 1 жолудан жаныланып туруусу зарыл);
г) Муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттарын түшүндүргөн эрежелер, блок схемалар жана графикалык сүрөттөр;
д) административдик процедурадан өтүүнү чагылдырган алгоритм, текст жана блок-схема түрүндөгү маалымат;
е) мамлекеттик алымдарды төлөөгө мүмкүн болгон жакын жайгашкан банктык мекемелердин даректери жана мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;
ж) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча юридикалык жана жеке жактарга кеңеш берүүчү ишмердүүлүктү жүргүзгөн кызматкерлердин телефондору.
4.2. Маалымат системалары төмөнкүлөр үчүн:
а) кызмат көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алууда колдонулуучу маалыматтарды топтоо жана системалаштыруу;
б) кызмат көрсөтүү процессинде кызмат көрсөтүү борборлору менен мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук формада маалымат алмашуу;
в) кызмат көрсөтүү процесстери.
Маалыматтар ар дайым жарык көрнөктөрдө чагылдырылып туруусу керек (маалыматы менен видеоэкран). Жарык көрнөктөр жарандарды кабыл алууну жүргүзгөн жайга жакын жерде орнотулат.
5. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
5.1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн субъектилери менен байланыштагы жана ККБнын жумушуна тартылган милдетүү, ыйгарым укуктуу кызматкерди айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен айыл өкмөтүнүн башчысы, ККБнын жооптуу өкүлүн (администраторун) дайындайт.
5.2. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин милдеттери:
а) муниципалдык кызмат көрсөтүүгө керектүү документтерди кайрылуучудан алат жана каттоо журналына каттоо жүргүзөт, кайрылуучу берген документтердин толук экендигин текшерет жана мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн берилген документтерин кайрылуу ээсине сакталышы жана кайра кайтарылып берилишине толук жоопкерчилик алат;
б) Кызмат көрсөтүүгө катышкан аткаруу бийлигинин (уюму) мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө ККБдан тиешелүү документтерди жеткирүүнү уюштурат, анан сырткары муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын жеткирүүсүн уюштурат;
в) 3 күндөн кечикпестен каттоодон өткөндөн кийин документ жүргүзүү тартиптерине ылайык айыл өкмөтүнүн жетекчисине же мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүгүнө кайрылуучунун арызын жана документтердин пакетин берет;
г) кайрылуу ээсине суралган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) муниципалдык кызмат көрсөтүү процедуралары боюнча арыз берүүчүлөргө маалымат-кеңеш берүүнү колдоо көрсөтөт.
5.3. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин укуктары:
а) тиешелүү муниципалдык кызматтарды алуу үчүн керектелген документтерди көрсөтүү толук болбогон учурда, арыз алуу убагында кайрылуучуга кайрылуудагы документтердин пакети толук эмес экендигин билдирип алуудан баш тартат;
б) документтерди берүү учурунда же документтердин пакетин кабыл алууда кайрылуу ээсине төмөнкү учурда баш тартат: эгерде суралган документтерди кабыл алуу укугун тастыктаган же жекелиги тууралуу күбөлүгү, ведомстволор аралык кызмат алуу үчүн (суралган) документтерде көрсөтүлбөсө.
5.4. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери белгиленген тартипте жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
5.5. ККБнын курамындагы калкка кызмат көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү:
а) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр учурунда жарандар менен өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон учурда, ККБдагы милдеттүү жооптуу кызмат адамдарынын катышуусун (жайгаштыруусун) камсыздайт;
б) Келишимдердин, башка ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарына ылайык, кайрылуучу тарабынан талап кылынуучу документти даярдайт же так шарттарын түшүндүрүү менен жүйөөлүү баш тартат.
в) ККБнын кызматкерлерине керек болгон маалымат базаларына, ошол эле учурда электрондук түрдөгү базаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
г) ККБга даярдалган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) ушул Типтүү жободо көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетишүүнү толук камсыздайт.
5.6. Документтерди кароо жана берүү ведомстволор аралык кызмат алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга, келишимдерге ылайык белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
6. Айыл өкмөт башчысынын жоопкерчилиги
6.1. Айыл өкмөт башчысы ККБны уюштуруу жана анын иштешин камсыз кылуусуна жеке жоопкерчилик тартат.
6.2. Айыл өкмөт башчысы ККБнын ишмердүүлүгү боюнча маалыматты жергиликтүү кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы жөнүндө отчет учурунда берет.
7. Кошумча кызматтар
7.1. Борбор жайгашкан бөлмөдө, кайрылуучу субъекттердин убактысын чыгымдарын жана материалдык чыгымдарын төмөндөтүү камсыздоо талаптарына ылайык, конкурстук негизинде чарбалык субъектилер менен кошумча (документтердин көчүрмөсүн даярдоо, ж.б.) тиешелүү кызматтарды көрсөтө алат.
7.2. Чарбалык ишмердиктин чөйрөсүндө уруксат берүү мүнөздөгү (кайра каттоо, дубликат берүү, күчүн жоготуу) документтери боюнча ККБ административдик кызмат берүүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу укугуна ээ.
8. ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
8.1. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жаамат менен бирге жүргүзөт.
8.2. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен бирге жүргүзөт.
8.3. ККБда калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү ишмердигин мониторингдөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, өз компетенциясына ылайык жүргүзөт.
2-Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин
“30” март 2018-ж. №01-18/38 буйругу менен бекитилген
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасы
«__» _______________ 20___ ж. № _____________
(айыл аймактын толук аталышы) атынан ______________________________________________________________________
(айыл өкмөт башчысынын аты жөнү)
Жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык иш жүргүзгөн жана мындан ары «Айыл өкмөтү» деген аталыштагы биринчи жак жана, жана_________________________________________________________________________
(аймактык мамлекеттик органдын аталышы)
атынан ______________________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аймактык түзүмдөрүнүн башчысынын аты жөнү)
мындан ары «Уюм», деген аталыштагы, мындан ары Тараптар, төмөндөгүдөй Келишим түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул Келишимдин предмети болуп Калкка кызмат көрсөтүү борборунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн, айыл өкмөтү менен Уюмдун ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби болуп саналат.
1.2. Тараптар өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде, жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу маселелери боюнча, уюштуруучулук жана маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча макулдашат.
2. ККБнын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү уюштуруудагы Тараптардын өз ара аракеттенүү тартиби
2.1. Айыл өкмөтү менен Уюмдун төмөндөгү маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсү:
1) айыл аймагынын территориясындагы «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө юридикалык жактардын жана жарандардын укуктарын камсыздоо;
2) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууда жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууда тапшырмаларды биргелешип аткаруу;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалыматты камтыган, маалыматтык системага мүмкүнчүлүк алууну уюштуруу;
4) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтык коопсуздукту камсыздоо.
2.2. Тараптар айыл аймакта мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери жана башка уюштуруу темасында жумушчу жыйындарды жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрө алышат.
2.3. Тараптар, калкка кызмат көрсөтүү учурунда:
1) ККБнын калкты кабыл алуу бөлмөсүндө белгиленген күндөрү биргелешип калкты кабыл алууну жүргүзөт жана тиешелүү кызматтарды көрсөтөт;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин камтыган тиешелүү маалыматтарды алууну камсыздайт;
3) кайрылуунун негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү маселелер боюнча маалымат берет;
керектүү документтердин формалары, аларды көрсөтүүнүн тартиби туурасындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү маалыматтарды Интернет тармагындагы маалымат ресурстарын колдонуу менен эркин түрдө жайгаштырат.
3. Айыл өкмөтүнүн укуктары жана милдеттери
3.1. ККБнын калкты кабыл алуу бөлмөсүндө Уюмдун кызматкерлерине маалыматтар базасына жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар компьютер менен жабдылган жумуш ордун камсыз кылуу.
3.2. ККБда уюштурулган кызмат көрсөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттеринин шарттарын сактоого, мындан сырткары аталган Келишимдин шарттарынын сакталышына көмөк көрсөтүү.
3.3. Айыл өкмөтү аталган Келишимдин 3 пункттунда белгиленген көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды уюштурууга укуктуу:
1) калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалыматтарды, тиешелүү «Уюмдан» алууга;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө кирген маселелер боюнча «Уюмга» кайрылууларды жана маалыматтарды жиберүүгө;
3) жетүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо, мындан сырткары жеке маалыматтарды колдонуу жана кайра иштетүүнү сактоо.
4. Уюмдун укуктары жана милдеттери
4.1. Аталган Келишимдин 2-пункттунда белгиленген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө «Уюм» милдеттүү:
1) ККБда калкты кабыл алууну жана калкка кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3 сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнУндө» токтомуна ылайык жүргүзөт;
2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалымат камтыган, маалымат системасына жетүүгө мүмкүндүк берүүнү камсыздайт, эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында бул тууралуу башка нерсе көрсөтүлбөсө;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө кирген маселелер боюнча керектүү маалыматтарды айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде берүү;
4) Калкка кызмат көрсөтүү маселелери боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана окутууга багытталган иш-чараларды өткөрүүдө өздөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо;
5) ККБда уюштурулган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана административдик регламенттерин, андан сырткары аталган Келишимдин шарттарын сактоо.
4.2. Эгерде, малекеттик кызмат көрсөтүү учурунда башка иш-аракеттер талап кылынса (мисалы, кошумча материалдарды чогултуу жана изилдөө) же Уюмдун жетекчиси тарабынан тиешелүү чечим кабыл алуу жүргүзүлсө, кайрылуучуга кызматтын жыйынтыгы боюнча маалымат белгиленген мөөнөттүн бүтүшү менен берилет.
5. Тараптардын жүктөлгөн милдеттерин аткарбашы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилиги
5.1. Ушул Келишимге ылайык, Тараптардын милдеттенмелерди аткарбашы же талаптагыдай эмес аткаруусу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
6. Келишимдин мөөнөтү
6.1. Кызматташтык жөнүндө Келишим 20___ж. «___» ____________ чейин түзүлөт;
6.2. Бул Келишим эки Тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана келишимге кол коюу боюнча аныкталган мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп саналат.
7.1. Ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жазуу жүзүндөгү формада толуктоолор түрүндө жүргүзүлөт жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
7.2. Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сүйлөшүү жолу менен же сот аркылуу чечилет.
7.3. Бул келишим эки нускада мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, ар бири ____ баракта (тиркемелерин кошо алганда), ар бир Келишим тараптары үчүн бирден нускада түзүлөт.
Тараптардын дареги жана маалыматы
«УЮМ»
| Айыл өкмөтү (аталышы) |
______________________________
______________________________
| ________________________________
________________________________
|
Колу | Колу |