Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз № 6 чакырылышын 24 - отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 04-августу № 25-1
Н.Исанов айыл аймагындагы Аймактык(АШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн талапкер көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө «Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Н.Исанов айыл аймагындагы аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) курамын (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн талапкерлер көрсөтүү жөнүндөгү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде аймактагы коомдук, жамааттык уюмдардын чогулуштарынын протоколдору талапкерлердин документтери менен тапшырылып, талкуулап чыгып Н.Исанов айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин1-бөлүгүнө ылайык, Н.Исанов айыл аймагындагы Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн талапкерлер көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Көрсөтүлгөн талапкерлердин өздүк документтери Ноокат АШКсына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов айыл кеңешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук баюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Нурмаматов |
Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 25-отурумунун 25-1 токтомуна тиркеме
Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн талапкер көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдорунун негизинде түзүлгөн курам туралуу маалымат.
комиссиянын курамынын тизмеси.
№ | Аты Атасынын Аты | Жашаган жери | Туулган жылы, айы, күнү |
1 | Эргешов Эгемберди | Кожоке | 20.05.1962 |
2 | Жолдошова Айнура | Жар-Коргон | 13.12.1979 |
3 | Максутова Айсулуу | Чеч-Дөбө | 09.03.1966 |
Н.Исанов атындагы
айыл кеңешинин төрагасы: Ж.Нурмаматов