Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-27/7
“Шаарга сиӊирген эмгеги үчүн” “Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жана Каракол шаарынын мэриясынын төш белгиси” жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыковдун, 2019-жылдын 12-февралындагы, кир.№01-7/48 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХХVII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Шаарга сиӊирген эмгеги үчүн» «Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жана Каракол шаарынын мэриясынын төш белгиси» жөнүндөгү Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыковго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |
Каракол шаардык депутаттар Кеңешини
2019-жылдын 26 февралында № 27-27/7 токтомуна №1 тиркеме
I бап. Жалпы Жоболор
Соттолгону алынбаган же жокко чыгарылбаган адамдарды төш белги менен сыйлоого көрсөтүлбөйт.
II Бап. «ШААРГА СИНИРГЕН ЭМГЕГИ ҮЧҮН» ТӨШ БЕЛГИСИ МЕНЕН СЫЙЛООНУН НЕГИЗДЕРИ ЖАНА ТАРТИБИ
- Каракол шаарынын аймагында өнөр-жайды, шаардын чарбасын, экономиканы, муниципалдык билим берүүнү, илимди, маданият жана искусствону, тарбияны жана билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, дене тарбия жана спорту, айлана-чөйрөнү, мыйзамдуулукту жана тартипти, коомдук коопсуздукту, экономикалык-социалдык жана коомдук ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы;
- Каракол шаарынын тургундарынын, аскердик кызмат учурунда жана Ата-Мекенди коргоодо көрсөткөн эрдиги;
-Каракол шаарынын тургундарынын меценаттык жардам берүүдө, кайрымдуулукта, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда жана Каракол шаарынын өнүгүшүнө, анын тургундарынын жашоо турмушун жогорулатууга, шаардын беделин жана аброюн көтөрүүгө багытталган ишмердүүлүктүн башка тармактарындагы зор жетишкендиктери;
Комиссиянын иштөө тартиби, берилген сунуштарды кароо мөөнөттөрү, ушул Жобо менен жөндөлөт.
Комиссия жана анын курамы, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин төрагасы тарабынан бекитилет. Комиссия так санда, 5-9 адамдан турат, курамында төрага, катчы жана мүчөлөрү болот. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин депутаттары;
- муниципалдык кызматкерлер;
- жарандык коомдун жана жергиликтүү коомдоштуктардын, Каракол шаарында жашаган өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
Комиссиянын төрагасы мүчөлөрдүн ичинен шайланат, комиссиянын катчысы комиссиянын мүчөлү болгон муниципалдык кызматкерлерден шайланат.
Комиссиянын отурумдары, документтер түшкөндө өтөт. Комиссияны, комиссиянын секретары чакырат. Комиссиянын отуруму, анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү отурумга катышканда – укуктуу болот.
- ишкананын, уюмдун (коомдук бирикменин) эмгек жааматынын жыйналышынын сыйлоого талапкерди көрсөтүү боюнча протоколу;
- талапкер иштеген тармактын адистеринин мүнөздөмөлөрү;
-талапкердин жетишкендиктерин, ачылыштарын, сиӊирген эмгегин же башка салымын далилдеген материалдар же документтердин көчүрмөлөрү;
-чет өлкөлүк жарандар үчүн, уюмдардын же ишканалардын, алар шаар үчүн кылган салымдары жөнүндө өтүнүчтөрү;
Каракол шаардык депутаттар
Кеӊешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыков