Загрузка документа…
АК-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылышынын кезексиз 16- сессиясы
2018-жылдын 26-ноябры № 37
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 14- апрелиндеги № 120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин,Кыргыз Республикасынын Жоруктар жѳнүндѳ кодексин ,Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин,Кыргыз Республикасынын Жазык- аткаруу кодексин,Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексин, «Пробация жѳнүндѳ», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында Ак-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Ж.Кыштобаевке жүктѳлсүн.
Төрага | М.Б.Исраилов |
Ак-Булак айылдык кенештин «____»_____2018-ж. №_____ токтому менен бекитилди.
1.Жалпы жоболор.
1.Ушул Типтүү Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ кодексинде (мындан ары –Кодекс) каралган Ак-Булак айыл аймагынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиясын ( мындан ары –Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2.Комиссия жергиликтүү кенеш тарабынан түзүлѳт жана туруктуу иштѳѳчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3.Комиссия жѳнндѳ жобо,анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет.
4.Комиссия ѳз ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ кодексин ,башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия жергиликтүү кенештин алдында отчет берет.Комитссия жыл сайын,15- январдан кеч эмес ѳткѳн календардык жылда аткарган ѳз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кенешке киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык- техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлѳт.
2.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн
токтотуунун тартиби.
8.Комиссия так санда,5-11 адамдан,комиссиянын тѳрагасынын, тѳраганын орун басарынан,катчысынын жана мүчѳлѳрүнүн курамында түзүлѳт.
9.Бекитилүүчү Комиссиянын курамына тѳмѳндѳгүлѳр киришет;
- жергиликтүү кенештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар
-айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрү ( макулдашуу боюнча)
Комиссиянын тѳрагасы комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ичинен дайындалат.
10.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчѳсү боло алат.
11.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн:
-соттун чечими менен аракетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган,мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчѳсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчѳсү боло албайт.
12.Комиссиянын иштеп жаткан курамына ыйгарым укутары жергиликтүү кенеш комиссияны түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алган күндѳн тартып башталат жана Комиссиянян жаны курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13.Комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
- жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчѳсү ѳз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндѳ арыз берген учурда;
-Комиссиянын мүчѳсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
-Комиссиянын мүчѳсүнѳ карата соттун айыптоочу ѳкүмү күчүнѳ киргенде;
-күчүнѳ кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчѳсү болуп эсептелген адам аракетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгү чектелген,дайынсыз жок болгон же ѳлгѳн деп табылганда;
-медицциналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчѳсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
-Комиссиянын мүчѳсү ѳлгѳнд;
-Комиссиянын мүчѳсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчѳсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда,Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-жергиликтүү кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтү аяктаганда;
-жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан ѳз ѳкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
14.Комиссиянын жаны мүчѳсү Комиссиянын мурдагы мүчѳсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жѳнүндѳ чечим кабыл алынгандан 15 календардык күндѳн кеч эмес бекитилет.
15.Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия ѳз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кенештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16.Комиссиянын жаны курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календардык күндѳн кеч эмес түзүлѳт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
17.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18.Комиссия бузуулар жѳнүндѳ иштерди отурумдарда карайт.Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнѳ карата) ѳткѳрүлѳт.Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мѳѳнѳттѳрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19.Эгерде Комиссиянын жалпы мүчѳлѳрүнүн үчтѳн экиси катышса , комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчѳлѳрүнүн жарымынан кѳбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20.Бузуулар жѳнүндѳ ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкѳндѳн баштап он күндүк мѳѳнѳттѳ,Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21.Ак-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы ѳз чечимдери менен бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22.Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндѳ чыгарат.
23.Комиссия бузуу жѳнүндѳ ишти карап чыгып;
а) тѳмѳндѳгү токтомдордун бирин чыгарат
1) жаза чарасын колдонуу жѳнүндѳ
2) туумду кошуп эсептѳѳ жѳнүндѳ (Кодекстин 29-беренеси)
3) иш боюнча ѳндүрүштү кыскартуу жѳнүндѳ.
Б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ аныктама чыгарат.
24.Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жѳнүндѳ токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзѳгѳ ашырылат.
4.Комиссиянын мүчѳлѳрүнүн укуктары жана милдеттери.
25.Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасы уюштурат.
26.Бузуу жѳнүндѳ иштерди кароодо комиссиянын мүчѳлѳрү бирдей укукка ээ.
27.Комиссиянын мүчѳлѳрү: тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү;
-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жѳнүндѳ иштердин материалдары менен таанышууга;
-бузуу жѳнүндѳ иштер боюнча иликтѳѳгѳ жана далилдерге баа берүүгѳ катышууга;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкулоого жана добуш берүүгѳ катышууга;
-жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколдоруна кол коюууга;
Тѳмѳндѳгүлѳргѳ укуктуу
-бузуу жѳнүндѳ иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгѳ;
-бузуу жѳнүндѳ иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгѳ;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
28.Комиссиянын тѳрагасы,Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттеринен сырткары,тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү:
-комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу,уюштуруу жана жетектѳѳ;
-Комиссиянын отурумдарында тѳрагалык кылуу;
-комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге( аныктамаларга, токтомдорго) ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнѳ кѳзѳмѳл жүргүзүү,
Комиссияянын тѳрагасы ,Комиссиянын мүчѳсүнүн укуктарынан сырткары тѳмѳндѳгүдѳй укуктарга ээ:
-ѳз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары,жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгѳ;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгѳ;
-ушуул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29.Комиссиянын тѳрагасынын орун басары Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттеринен сырткары:
- бузуулар жѳнүндѳ иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын –ала даярдоону уюштурат;
Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат;
Комиссиянын тѳрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30.Комиссиянын катчысы , Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди Комиссиянын кароосунда даярдоону уюштурат;
-ѳз ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкѳн материалдарды, билдирүүлѳрдү жана арыздарды,ошондой эле бузуу жагдай бар экендигин кѳрсѳткѳн,массалык маалымат каражаттарында( анын ичичне Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
-бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду,комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздоону камсыз кылат;
-комиссиянын мүчѳлѳрүн, бузуулар жѳнүндѳ ѳндүрүшкѳ катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат,аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзѳт жана тариздейт, аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге( аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
- аныктамалардын жана токтомдордун кѳчүрмѳлѳрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мѳѳнѳттѳ тапшырууну же жѳнѳтүүнү камсыз кылат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт;
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат,
-бузуулар жонундо иштерди кароонун тазрыйбасын иликтейт жана жалпылайт,Комиссиянын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салуучу ченемдик укуктук актыларды ѳркүндѳтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттулукту жүргүзѳт;
-Кодексте жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат;
-Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын тѳрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчѳлѳрүнүн бири аткарып турат;
31.Эгерде Комиссиянын мүчѳлѳрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын ,жабырлануучунун, анын мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн, коргоочусунун , ѳкүлүнүн,адвокатынын, ошондой эле күбѳсүнүн ,эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;
-иштин чечилишине тике жана кыйыр түрдѳ кызыкдар болушса,алардын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароого катышууга акысы жок.
5.Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
32.Иш кагаздарын жүргүзүүгѳ жалпы жетекчилик Комиссиянын тѳрагасы тарабынан ишке ашырылып, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33.Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын ѳз убагында жана анык , так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
34.Бузуулар жѳнүндѳ иш ѳндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жѳнѳтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлѳт.
35.Бузуулар жѳнүндѳ иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндѳн кеч эмес жиберилиши керек.
Жиберилилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жоопту катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын тѳрагасына билдирүүгѳ, анын кѳрсѳтмѳсү боюнча кабарламанын ѳз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды кѳрүүгѳ милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бѳлүгү ишке тигилет.
36.Бузуу жасалган жерде айып пул ѳндүргѳн учурда айып пулду тѳлѳѳ банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлѳт , ал эми тѳлѳѳнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдѳгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчѳгүн (Квитанциясын) берет.Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу тѳлѳѳгѳ макулдугун билдирип айып пул дүмүрчѳгүнүн( квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет
37.Комиссиянын катчысы бузуулар жѳнүндѳ иштерди түзүүнү, аларды тѳмѳндѳгүдѳй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт.
-бузуулар жѳнүндѳ протокол жана ишке байланыштуу башка материлдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкѳн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер кѳктѳмѳгѳ алардын тексти кѳрүнүп тургандай болуп кѳктѳлѳт.
38.Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкѳн жылды камтыйт.
39.Бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жѳнүндѳ каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
40.Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук бѳлүмү менен салыштырып текшерип турат.
41.Комиссия тѳмѳндѳгүдѳй эсеп журналын жүргүзѳ алат:
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди эсепке алуу журналы;
-Айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилиген кабарламаларды эсепке алуу журналы.
42.Журналдардын барактары номурланып.кѳктѳлгѳн,мѳѳр менен бекитилген болууга тийиш,эсеп журналындагы баардык жазуулар окуй алгыдай даана , кѳк же сыя кѳк түстѳгү сыя ( паста) менен жазылат.
43.Журналдарды сактоо мѳѳнѳтү 3 жыл.Бузуулар жѳнүндѳ иштерди сактоо мѳѳнѳтү 5 жыл. Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат
44.Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга,жеке жарандарга же кызмат адамдарына,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары ,Комиссиянын тѳрагасынын уруксатысыз берилбейт.