Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты № 5
Балыкчы шаар мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борборунун жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик Агенттик тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык жаштар борбору жөнүндө” типтүү жобосунун негизинде “Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борборун түзүү жана жобосун бекитүү жөнүндөгү” Балыкчы шаар мэриясынын 05.02.2019-ж. № 01-19/ 152 кайрылуусун карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борбору жөнүндөгү жобосу № 1тиркемеге ылайык бекитилсин. ( тиркеме 14 барак )
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Балыкчы башкармалыгынын начальниги – К.Ш. Кожомбердиевге;
-шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркалуу жергиликтүү бюджеттен пайдаланылбай калган акча каражатынын эсебинен келишимдин негизинде 2019 жылдын 1 апрелинен баштап бир штаттык бирдик ачуу тапшырылсын.
3. “ОРДО” муниципалдык жаштар борборунун уюштуруу иштерин координациялоо жана көмөктөшүү Балыкчы шаар мэриясынын вице-мэри Б.К. Алгожоевага тапшырылсын.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыялансын.
5. Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы “ОРДО” муниципалдык жаштар борбору жөнүндөгү жобосу Ысык Көл облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
6. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
7. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык Кеңештин башкы адиси- К.З. Орубаевага жана шаардык Кеңештин жаштар саясаты, туризм, спорт жана экология маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Р. Сартбаев |
Балыкчы шаардык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын XXII
сессиясынын № 5 токтомунун
№ 1 тиркемеси
Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы
«ОРДО» Муниципалдык жаштар борбору жөнүндө Жобо
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1 Муниципалдык жаштар борбору «Ордо» (мындан ары - МЖБ) Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы мекеме болуп саналат жана төмөнкү даректе жайгашкан: Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары Тоголок Молдо көчөсү №
1.2. Толук аталышы «Муниципалдык жаштар борбору» Муниципалдык коммерциялык эмес мекеме.
- кыргыз тилинде: «Муниципалдык жаштар борбору»
- орус тилинде: «Муниципальный молодежный центр»;
- англис тилинде: «The Municipal Youth Center»;
1.3. Кыскача аталышы: кыргыз тилинде: «МЖБ», орус тилинде: «ММЦ», англис тилинде «MYC».
1.4. МЖБ жайгашкан жери: Индекс: 7200____, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары Тоголок Молдо көчөсү № ______.
1.5. МЖБ ишмердигинин мөөнөтү: чектелген эмес.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Муниципалдык жаштар борбору (мындан ары - МЖБ) жергиликтүү жаштардын социалдык-активдүүлүгүн өнүктүрүү, жаштар демилгелерин колдоо, жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик жаштар саясатын жана жергиликтүү коомчулукту социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга өспүрүмдөрдү жана жаштарды тартуу үчүн кызмат көрсөтүү максатында түзүлгөн муниципалдык коммерциялык эмес мекеме
Мамлекеттик жаштар саясаты - жаштардын өзүн өзү көрсөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттин кызыкчылыгында анын дараметин өнүктүрүү үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталган чаралардын системасы.
Жаштар (жаш жарандар) - 14 жаштан 28 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары.
МЖБ уюмдаштыруучусу – Балыкчы шаарынын мэриясы.
МЖБ комитети – бул МЖБ аткаруучу органы;
МЖБ волонтёрлорунун чогулушу – Муниципалдык жаштар борборунун ишмердигинин маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги жаштардын көйгөйлөрүн талкуулоо максатында, алар боюнча сунуштарды же чечимдерди кабыл алуу менен МЖБ волонтёрлорунун жана жергиликтүү жаштардын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусу;
МЖБ волонтёру – административдик-территориялык бирдиктин аймагында туруктуу жашоочу жана иштөөчү жана МЖБ ишмердигине түздөн-түз катышуу үчүн МЖБга ыктыярдуу түрдө кошулган Кыргыз Республикасынын жараны;
Волонтёрдук иш-аракет - акчалай акы албастан ар кандай формада ыктыярдуу башталышта ишке ашырылуучу, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган коомдук пайдалуу эмгектин жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү, анын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба, көндүм топтой алат жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алат.
МЖБ кардары – МЖБнын компетенциясына чечүүгө кирген маселелер боюнча МЖБга кайрылган адам. Ошондой эле аталган мекеменин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган адам (бенефициар, МБЖ кызмат көрсөтүүлөрүнө буйрутма берүүчү).
Жаштар менен иштөө – бул жаштар саясатын ишке ашырууну, жаш адамдарда баалуу багыттарды калыптандырууну жана жалпы адамзаттык нормаларды бекемдөөнү камсыздоочу пландаштырылган, жаштарга багытталган практикалык иш-чаралардын жыйындысы.
Жергиликтүү кеңеш – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы, тиешелүү административдик-территориялык бирдиктин тургундары тарабынан түздөн-түз шайлануучу жана жергиликтүү деңгээлде маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укукка ээ болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу коллегиалдык органы;
Муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше алуу булагы катары кызмат кылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү жамааттын менчиги;
Жергиликтүү жамаат – административдик-территориялык бирдикте туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү жана аткаруучу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди жеке жоопкерчилик менен чечүүнүн алдында кызыкчылыктар менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандарынын топтому;
Жергиликтүү маанидеги маселелер – тиешелүү аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызматтык адамдары менен чечилүүчү, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү аркылуу калктын жашоо-тиричилигин камсыздоо маселеси.
II. ЮРИДИКАЛЫК СТАТУС
2.1. МЖБ укуктук-уюштуруучулук формасы боюнча муниципалдык коммерциялык эмес мекеме болуп саналат, ыктыярдуулук, мыйзамдуулук, өз алдынча башкаруу, тең укуктук, айкындуулук, ачыктык принциптеринин негизинде жергиликтүү жаштар менен пландын негизинде иштөө максатында жергиликтүү кеңеш жана жаш активисттер менен макулдашуу боюнча Балыкчы шаарынын мэри тарабынан түзүлөт.
2.2. Муниципалдык жаштар борбору жергиликтүү кеңештин сессиясында жана анын жергиликтүү кеңеште, ошондой эле юстиция органдарында катталгандан кийин өзүнүн статусуна ээ болот. МЖБ ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна ээ болууга укуктуу.
2.3. МЖБ укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары, мамлекеттик жаштар саясаты жаатындагы мыйзамдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдарынын укуктук-ченемдик актылары жана бул Жобо түзөт.
2.4. МЖБ өзүнүн логотибине (эмблемасына) жана башка көрүнөө идентификациялоочу каражаттарга, бланкка, үлгүлөргө ээ боло алат, алар МЖБ Комитетинин отурумунда бекитилет.
2.5. МЖБ ишмердигин каржылоо Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен, ошондой эле ыктыярдуу салымдардын, кайрымдуулуктун, донордук жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
2.6. МЖБ эгерде КР мыйзамдарына, МЖБ максаттарына жана милдеттерине каршы келбесе, МЖБ уюмдаштыруучуларынын, мүчөлөрүнүн, кызматтык адамдардын, башка кызматкерлердин жана башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн ортосунда кирешени бөлүштүрбөстөн чарбалык иш алып барууга укуктуу. Чарбалык ишмердиктин негизинде алынган МЖБ кирешеси МЖБнын максаттарына жетүүгө жана өнүктүрүүгө багытталат.
2.7. Көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси, ошондой эле МЖБнын акы төлөнүүчү жана акысыз кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Уюштуруучу тарабынан белгиленет, эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса.
2.8. МЖБнын муниципалдык мүлкү ыкчам башкаруу укугу менен белгиленген, ага карата МЖБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
2.9. МЖБ акчалай каражат менен өзүнүн милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат, каражаттар жетишсиз болгон учурда субсидиялык жоопкерчиликти мүлктүн ээси – жергиликтүү бюджеттин каражаттарын уюмдаштыруучу тартат.
2.10. МЖБда ишмердиктин маанилүү багыттары боюнча түзүмдүк бөлүмдөр (секторлор, командалар, секциялар, жумушчу топтор ж.б.) түзүлүшү мүмкүн.
2.11. Уюмдаштыруучунун жана МЖБнын волонтёрлорунун жалпы чогулушунун чечими менен МЖБнын Комитетинин финансылык-чарбалык ишмердигин текшерүү үчүн МЖБнын ишмердигин мониторингдөө жана баалоо үчүн Байкоочу кеңеш түзүлүшү мүмкүн.
2.12. МЖБ эл аралык ассоциациялардын, бирикмелердин курамына кирүүгө, эл аралык байланышты колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тиешелүү макулдашууларды түзүүгө укуктуу.
2.13. МЖБ саясий партиялардын жана диний уюмдардын ишмердигине кандайдыр бир формада катышууга, түзүүгө же көмөк көрсөтүүгө укугу жок. МЖБнын түзүмдүк бөлүмдөрүндө саясий партиялардын, диний жана аскерлештирилген бирикмелер түзүлүшү мүмкүн эмес.
III. МЖБ НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ИШМЕРДИГИНИН ТҮРЛӨРҮ
3. МЖБ негизги максаттары:
МЖБ негизги милдеттери төмөнкүлөр:
1. жергиликтүү жаштардын маданий, социалдык-экономикалык муктаждыктарын жана керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле жаштар өзүн өзү ишке ашыруу үчүн кызмат көрсөтүү;
2. жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик жаштар саясатын жана жергиликтүү коомду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга өспүрүмдөрдүн жана жаштардын катышуусун камсыздоо, чечимдерди кабыл алуу процессине тартуу;
3. жаштар демилгелерин колдоо үчүн шарттарды түзүү жана жаштардын адеп-ахлактык, интеллектуалдык, чыгармачыл жана физикалык потенциалын өнүктүрүү.
4. МЖБ милдеттери
Коюлган максаттарга жетүү үчүн МЖБнын алдына бир катар милдеттер коюлган:
4.1. Жергиликтүү коомдун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү боюнча жаштардын катышуусу менен системалуу мониторинг жүргүзүү, жаштар чөйрөсүндөгү процесстерди талдоо, жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларды чечүү боюнча мүмкүн болгон ыкмаларды сунуштоону даярдоо.
4.2. Жаштардын жана балдардын коомдук демилгелерин топтоо жана ишке ашыруу боюнча; социалдык-маданий ишкердик жана укуктук чөйрөлөр боюнча консультация берүү боюнча; сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча; жергиликтүү жаштарды, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана турмуштук оор кырдаалда болгон адамдарды кесиптик жана чыгармачыл өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча; таланттуу жаштарды колдоо боюнча; социалдык кызматтарды жана жергиликтүү коомдук бирикмелерди тартуу менен уюштурулбаган жаштар менен иштөө боюнча ишмердикти уюштуруу.
4.3. Жергиликтүү жаштар үчүн жеке өнүгүү көндүмүнө ээ болууга, кошумча билим алууга, кесиптик багыт берүүгө, өспүрүмдөрдө жана жаштарда чыгармачыл жөндөмдөрдү өнүктүрүү боюнча көндүмдөргө ээ болууга, ошондой эле укуктук маданиятты калыптандырууга багытталган окутуучу кызматтарды көрсөтүү.
4.4. Жергиликтүү жаштар бирикмелерин, демилгечи топторду, жаштардын жана мектептик өз алдынча башкаруунун ар кандай формаларын колдоо боюнча маалыматтык-аналитикалык, уюштуруучулук, изилдөөчүлүк, консультациялык жана усулдук ишти уюштуруу жана жүргүзүү, ошондой эле бош убакытты өткөрүү жана жаштардын чыгармачыл дараметин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
5. Ишмердиктин түрлөрү
Жүктөлгөн милдеттенмелерди ишке ашыруу максатында МЖБ ишмердиктин төмөнкү түрлөрүн ишке ашырат:
5.1. Жалпы билим берүүнүн, кесиптик жана кошумча билим берүүнүн сапаты, жумуштуулуктун, үй менен камсыздоонун жана турмуштук оор кырдаалдагы өспүрүмдөрдүн, жаштардын жана жаш үй-бүлөлөрдү социалдык жактан тейлөө, эс алууну уюштуруу жана ден-соолукту чыңдоо, жаштардын арасындагы баңгиликти жана укук бузууларды, балдардын көзөмөлсүз калуусун алдын алуу жана «тобокелдик топторундагы» өспүрүмдөрдү жана жаштарды реабилитациялоо боюнча маселелерди чечүүгө багытталган улуттук, аймактык жана муниципалдык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга катышат.
5.2. Жаштарды өнүктүрүүчү жана массалык-маданий эс алууну уюштуруу боюнча коомдук маанидеги иштерди кайтарымсыз аткаруу максатында волонтёрдук кыймылды өнүктүрүү, өспүрүмдөрдүн, жаштардын жана жергиликтүү коомдун аялуу топторуна кызмат көрсөтүү максатында балдардын, жаштар активисттери жана жергиликтүү коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенет.
5.3. МЖБ ишке ашыруу жана жергиликтүү деңгээлдеги башка жаштардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенет, областтык жаштар үйү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен, коомдук бирикмелер, ошондой эле массалык маалымат каражаттары менен өнөктөштүктү ишке ашырат.
5.4. Жаштарда баалуулук-адеп-ахлактык багыттарды, жарандуулукту, маданий мурастарды, салттарды, тарыхты урматтоо, сергек жашоо, билим берүү жана инсандын кесиптик муктаждыктарын калыптандырууга багытталган консультациялык жана окутуучу кызмат көрсөтөт.
5.5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирге диний экстремизмди, терроризмди жана өспүрүмдөр жана жаштар чөйрөсүндөгү башка социалдык эмес көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иш жүргүзөт, жергиликтүү жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш жүргүзөт.
5.6. Жергиликтүү деңгээлде жаштар саясатын ишке ашырууга байланыштуу изилдөөлөрдү, усулдук жана сунуштук документтерди, маалыматтык материалдарды иштеп чыгууну жүргүзөт.
5.7. Бул жободо каралган ишмердикти ишке ашыруу үчүн финансылык жана материалдык каражаттардын кошумча булактарын тартат.
5.8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишмердикти ишке ашырат.
IV. МУНИЦПАЛДЫК ЖАШТАР БОРБОРУН БАШКАРУУ
6. МЖБ башкаруу органдары
6.1. МЖБ башкаруу органдары болуп: Муниципалдык жаштар борборунун уюмдаштыруучусу Балыкчы шаарынын мэриясы саналат.
6.2. МЖБнын уюмдаштыруучусу жана кызматкерлери тарабынан административдик-территориялык бирдиктин аймагында жергиликтүү коомдун жаштары менен талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жамааттык чечимдерди кабыл алуу үчүн. МЖБнын волонтёрлорунун жалпы чогулушуна жаш жарандар катыша алышат: кеңеш берүүчү добуш укугу менен тургундар, аталган территориядан чыккандар жана аталган административдик-территориялык бирдикте иштеген адамдар. МЖБнын волонтёрлорунун жалпы чогулушунун чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ жана милдеттүү эмес түрдө мэрия тарабынан каралат жана бекитилет.
6.3. МЖБнын башкаруу органдарын түзүү тартиби жана алардын ишмердиги бул Жобо менен белгиленет.
7. МЖБ уюмдаштыруучусу:
7.1. МЖБ жалпы башкарууну уюмдаштыруучу – Балыкчы шаарынын мэриясы ишке ашырат.
7.2. МЖБ уюмдаштыруучусу төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
МЖБнын Жобосун, МЖБнын жылдык планын бекитет, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;
МЖБнын бюджетин, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитет. МЖБнын бюджети жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана МЖБнын карамагындагы жана пландалган келип түшүүчү каражаттардын негизинде иштелип чыгат;
МЖБга имаратты бекитип берет, муниципалдык мүлктү акысыз пайдаланууга жана ыкчам башкарууга өткөрүп берет;
МЖБнын мүлкүнүн сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат;
МЖБнын Директорунун укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, КР мыйзамдарына жана бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык ээлеген кызматынан бошотуунун жана кабыл алуунун негизин аныктайт;
кеңеш берүүчү добуш укугу менен МЖБнын Комитетинин отурумдарына, МЖБнын волонтёрлорунун жалпы чогулуштарына катышат;
МЖБнын ишмердиги жөнүндө, анын ичинде финансылык маселелер боюнча МЖБнын Комитетинен маалымат сурайт;
МЖБнын ишмердигине тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясына кароого сунуштарды берет;
жергиликтүү кеңештин алдында МЖБны жоюу жана өзгөртүү жөнүндө маселени демилгелейт.
8. МЖБнын директору
8.1. МЖБнын ишмердиги үчүн жооптуу кызмат адамы болуп жарыяланган конкурска катышкан талапкерлердин ичинен тандоонун жыйынтыгы боюнча Балыкчы шаарынын мэри тарабынан кызматка дайындалуучу жана ээлеген кызматынан бошотулуучу МЖБнын Директору саналат.
8.2. МЖБнын директору соттолбогон, муниципалитеттин аймагында туруктуу жашоочу же иштөөчү 18 жаштан 35 жашка чейинки жаран болушу мүмкүн .
8.3. МЖБнын директору өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчилик кылат, өз ишмердигин бул Жобого ылайык иштелип чыккан, мэрия тарабынан түзүлгөн контракттык эмгек келишиминин негизинде ишке ашырат. МЖБнын Директору өз ишмердигинде башка мамлекеттик бийлик органдарынан, алардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнөн эркин.
8.4. МЖБнын Директору Муниципалдык жаштар борборунун ишин муниципалитеттин кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү менен МЖБнын иштөө планынын негизинде ишке ашырат.
8.5. МЖБнын Директору:
МЖБнын ишмердигин жетектейт, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алат жана МЖБга жүктөлгөн милдеттер жана функцияларды аткаруу боюнча жеке жоопкерчилик тартат;
МЖБнын атынан ишеним катысыз аракет кылат, МЖБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, массалык маалымат каражаттары менен мамиле түзүүдө МЖБнын атынан чыгат;
МЖБнын штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана Балыкчы шаарынын мэрине сунуштайт;
ушул Жобого ылайык кызматкерлердин функционалдык милдеттерин жана ички эмгек тартибинин эрежесин жана МЖБнын кызматкерлеринин кызматтык нускамасын бекитет, аткаруучулук, эмгек тартибин колдоо жана сактоо боюнча чараларды көрөт;
МЖБнын кызматкерлери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон ички буйрук берүүчү документтерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
финансылык, статистикалык жана башка отчётторду даярдайт, аларды белгиленген мөөнөттө жана бекитилген формада тиешелүү органдарга берет, анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
ушул Жободон келип чыккан жана иш жүзүндөгү мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка функцияларды аткарат;
9. МЖБнын аткаруучу аппараты
9.1. Жетиштүү каржылоо болгондо штаттык расписаниеге ылайык контракттык негизде тандалып алынуучу кызматкерлерден турган аткаруучу аппарат түзүлөт. Аппараттын кызматкерлери кызматтык орунга МЖБ Директору тарабынан дайындалат.
9.4. МЖБнын аткаруучу аппаратынын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
- МЖБ Директору – МЖБ жетекчиси;
- Жаштар менен иштөө боюнча адистер.
V. МУНИЦИПАЛДЫК ЖАШТАР БОРБОРУ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ӨЗ АРА АРКЕТТЕНҮҮСҮ
11. МЖБ өнөктөштүгү
11.1. МЖБ өз ишмердигинде ушул Жободо белгиленген максаттарга жетүү үчүн мыйзамдуулук, кийлигишпөө жана жаратмандык кызматташтык принциптеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
11.2. МЖБнын аткаруу бийлигинин органдары жана алардын аймактык /ведомство алдындагы түзүмдүк бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
- ушул Жободо белгиленген МЖБнын милдеттеринин алкагында иш-чараларды биргеликте пландаштыруу;
- МЖБнын иштөөсүнүн максаттарына жана милдеттерине тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өткөрүлүүчү кеңешмелердин, конференциялардын, жыйналыштардын ишине катышуу;
- жаштар саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарына, алардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүү;
- өспүрүмдөрдүн жана жаштардын социалдык-укуктук корголуусуна, коомдун социалдык-экономикалык, коомдук-саясий, маданий жашоосуна ыңгайлаштырууга кызыкдар болгон окуу жайлардын, ишканалардын жана мекемелердин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен чыгармачыл, эмгек байланыштарын түзүү;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик (муниципалдык) буйрутманы аткаруу;
- жаштарга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;
- жана башка формаларда.
VI. МУНИЦИПАЛДЫК ЖАШТАР БОРБОРУНУН ФИНАНСЫЛЫК-ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДИГИ
12. МЖБнын мүлкү
12.1. МЖБнын мүлкүн негизги фонд жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле баасы административдик-территориялык бирдиктин өз алдынча балансында көрсөтүлүүчү башка нерселер түзөт.
12.2. МЖБнын мүлкү төмөнкү булактардан түзүлөт:
ыкчам башкарууга берилген жана/же МЖБга анын уюмдаштыруучусу тарабынан бекитилген мүлк;
МЖБнын ишмердигин ишке ашыруу үчүн берилген донорлордун, демөөрчүлөрдүн, физикалык жана юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттары;
бюджеттик эмес каражаттар;
МЖБнын чарбалык ишмердигин алып баруудан келип түшкөн киреше;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар тарабынан МЖБнын өзүнчө программаларын жана долбоорлорун каржылоого бөлүнгөн каражаттар;
башка мыйзамдуу каржылоо булактары.
12.3. Муниципалдык жаштар борборунун артында, анын ишмердигин камсыздоо максатында, ушул Жобого ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалдык объекттер ыкчам башкаруу укугунда бекитилет (имарат, курулмалар, жайлар, жабдуулар, жер), ошондой эле керектөөчүлүк, социалдык, маданий жана башка багыттагы керектүү мүлктөр.
12.4. Мүлктү ыкчам башкаруу укугун ишке ашырууда МЖБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
-мүлктү натыйжалуу пайдаланууга;
-мүлктүн сакталышын жана өз ишмердигинин максаттарына, багытына жана уюмдаштыруучунун милдеттерине ылайык максаттык багыты боюнча гана пайдаланууну камсыздоо;
-ыкчам башкаруу укугу менен бекитилген мүлктү ээликтен ажыратып алууга же башка жол менен тескөө уюмдаштыруучунун макулдугу менен гана мүмкүн;
-мүлктүн техникалык абалынын начарлап кетүүсүнө жол бербөө;
-мүлктү учурдагы жана капиталдык оңдоону ишке ашыруу, мында муниципалдык мүлктү өндүрүштүк жакшыртуу боюнча чыгымдар толукталып берилбейт.
12.5. Ыкчам башкаруу укугунда МЖБга бекитилген мүлктү багыты боюнча колдонуу жана сакталышы боюнча көзөмөлдү мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырат.
12.6. МЖБ менчик объекттерди ижарага алууга жана ижарага берүүгө укуктуу.
12.7. МЖБ ага бекитилген мүлктү жана ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатылып алынган мүлктү өз алдынча ажыратып алууга же башка жол менен тескөөгө укугу жок.
12.8. МЖБ өз ишмердигинин процессинде өндүрүлгөн жана сатылып алынган мүлктү менчик укугунда ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
13. МЖБ ишмердигин каржылоо
13.1. МЖБ ишмердигин каржылоо жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле донорлордун, демөөрчүлөрдүн жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан ишке ашырылат.
13.2. МЖБ чечимдерди кабыл алууда уюмдаштыруучу менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык өз алдынчалыкка ээ.
13.3. Борборго тиешелүү органдар тарабынан бекитилген финансылык жана материалдык же анын жеке менчиги болгон каражаттар МЖБ тарабынан ушул Жобого ылайык өз каалоосу боюнча колдонулат жана алынып коюуга тийиш эмес, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса.
13.4. Балыкчы шаарынын мэриясынын макулдугу менен жергиликтүү маанидеги өзүнчө бир маселелерди /муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну Муниципалдык жаштар борборуна берилип жаткан жергиликтүү маанидеги маселелерди аткарууну бир убакта аныктоо жана каражаттарды же каржылоо булактарын берүүгө укуктуу[4].
13.5. Зарыл болгон учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен уюмдаштыруучуга төмөнкү чыгымдар толукталып берилет:
1) жергиликтүү жаштардын ар кандай деңгээлдеги иш-чараларга катышуусуна байланыштуу чыгымдар (олимпиадалар, мелдештер, конкурстар, конференциялар, семинарлар ж.б.);
2) жаштарды окутуу, тематикалык консультацияларды, массалык-маданий иш-чараларды, изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн кызмат көрсөтүү боюнча чакырылган адистердин эмгек акысын төлөө боюнча чыгымдар;
3) маалыматтык буклеттерди, бюллетендерди иштеп чыгуу жана басып чыгаруу, веб-сайттарды түзүү жана колдоо, ММКга макалаларды жарыялоо.
VII. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
14. МЖБ Жобосун кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби
14.1. МЖБнын Жобосунун долбоору жана аларга өзгөртүү киргизүү Балыкчы шаарынын мэринин тескемеси менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
14.2. Жумушчу топтун курамына: Балыкчы шаарынын мэри, жергиликтүү кеңештин депутаттары, МЖБнын волонтёрлору, айыл мэриянын, жергиликтүү коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.
14.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан МЖБнын Жобосунун долбоору Балыкчы шаарынын мэри тарабынан уюштурулуучу шаардык чогулушка, жыйналыштарга жана территориялык-административдик бирдиктин аймагында жашоочу жергиликтүү жаштар менен жолугушууларга талкуулоо үчүн чыгарылат.
14.4. Балыкчы шаарынын мэри Жобонун долбоорун толук иштеп чыккандан кийин өзүнүн тескемеси менен бекитет.
14.5. МЖБнын кабыл алынган Жобосун өзгөртүү жана толуктоо МЖБнын уюмдаштыруучусунун, жаштардын сунушу менен демилгеленет.
15. МЖБ өзгөртүп түзүү жана жоюу
15.1. МЖБны өзгөртүп түзүү же жоюу жөнүндө маселе жергиликтүү коомдун милдеттүү түрдө катышуусу менен коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңеш кабыл алат. Мажбурлап жоюу учурунда соттун чечими менен МЖБнын мүлкү МЖБнын Жобосу менен каралган максаттарга бөлүштүрүлөт.
15.2. МЖБны өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
15.3. МЖБнын документтери, аны жойгон учурда КР «КР архивдик Фонду жөнүндө» Мыйзамына ылайык сакталууга тийиш.
Балыкчы шаарынын вице-мэри Б.Алгожоева
[1] Мекеме - башкаруучулук, социалдык-маданий же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн менчик ээси тарабынан түзүлгөн жана толугу менен же жарым-жартылай ошол менчик ээси тарабынан каржылануучу уюм. КР ГК 164-беренеси.
[2] КР 1999-ж. 15-октябрындагы №111 «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренеси.
[3] Кеңеш берүүчү добуш – консультациялык функция менен гана шайлоо органдарынын ишине катышуу укугу (талкуулоого катышуу), бирок кандай маселе болбосун добуш берүү укугу жок.
[4] КР 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренеси.