Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры № 12/4
Кашка- Жол айылдык аймагындагы Октябрь айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынын 09.11.2018-жылдагы № 8 протоколу боюнча Октябрь айылынын айыл башчысы А.Эрмекбаевтин маалыматын угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык аймагындагы Октябрь айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 09.11.2018-жылдагы № 8 протоколу бекитилсин.
2. Октябрь айылындагы "Калпак" участкасындагы борбордук кѳчѳгѳ согуштун жана эмгектин ардагери маркум Кайыпкулов Турганбайдын ысымы ыйгарылсын.
3. Кайыпкулов Турганбай атындагы кѳчѳнүн кѳрнѳгүн илүү жана абалын карап туруу жагы балдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Октябрь айылынын айыл башчысы А.Эрмекбаевке тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |
Кашка-Жол айылдык аймагынын Октябрь айылындагы элдик жыйынын
Протоколу № 8
09.11..2018-жыл.
Чогулушка катышкан адамдар: 95 адам.
Чогулуштун прездиуму:
1. Эрмекбаев Акай . -чогулуштун тѳрагасы.
2. Нажимдинов Жаныш.- чогулуштун катчысы.
Чогулуштун күн тартиби
1. Октябрь айылындагы "Калпак" участкасындагы борбордук кѳчѳгѳ согуштун жана эмгектин ардагери маркум Кайыпкулов Турганбайдын ысымын коюу жѳнүндѳ
Биринчи маселе боюэнча; Октябрь айылынын айыл башчысы Эрмекбаев Акай сѳз сүйлѳп "Калпак" участкасындагы борбордук кѳчѳгѳ согуштун жана эмгектин ардагери маркум Кайыпкулов Турганбайдын балдары "Аймактарды ѳнүктүрүү жылына " карата жолдун эки жагына жарыктандыруу орнотуп, жолдун ал акыбалын кѳзѳмѳлдѳп туруу жѳнүндѳ элге маалымат берип,жана ошондой эле "Калпак" участкасынданы борбордук кѳчѳгѳ Кайыпкулов Турганбайдын атынг коюу жѳнүндѳ билдирди.
Элдик жыйында кѳпчүлүк жыйындын катышуучулары мисалы Каримов Нажип ,Мойдунов Авазбек,Калмурзаев Эркин, Жаанбаев Камил , Сулайманова Зарылбү, Осмонов Нуралылар Кайыпкулов Турганбайдын элге кылган эмгегин эске алышып, сѳз сүйлѳшүп, эл менен бир пикирге келишип Кайыпкулов Турганбайдын атындагы кѳчѳ болсун деп чогулушка катышкан адамдар бир добуштан колдошту. Элдик жыйында КайыпкуловТурганбайдын уулдары жана тугандары элдин сунушуна маакул болуп.Ушул кѳчѳгѳ жарыктандыруу орнотуп жана ал акыбалына кѳзѳмѳл салып турууга убада беришти.
Элдик жыйынга катышкан жарандар "Калпак" участкасындагы борбордук кѳчѳгѳ Кайыпкулов Турганбайдын атында болсун деп Октябрь айылынын жалпы элдик жыйыны
Сунуш кылат:
1.Октябрь айылындагы "Калпак" участкасындагы борбордук кѳчѳгѳ Кайыпкулов Турганбайдын наамы берилсин.
2.Бул токтомду бекитип берүү жагы Кашка-Жол айылдык Кенешинен суралсын.
Каршы - жок
Калыс - жок
Чогулуштун тѳрагасы: Ж.Нажимидинов
катчысы : А.Эрмекбаев