Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры № 12/5
Кашка-Жол айылдык аймагындагы Октябрь айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынын 02.12.2018-жылдагы № 9 протоколу боюнча Октябрь айылынын айыл башчысы А. Эрмекбаевтин маалыматын угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык аймагындагы Октябрь айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 02.12.2018-жылдагы № 9 протоколу бекитилсин.
2 Октябрь айылындагы Жал-ортонку кѳчѳгѳ эмгектин ардагери маркум Жумабаев Азимбектин ысымы ыйгарылсын.
3. Жумабаев Азимбек атындагы кѳчѳнүн кѳрнѳгүн илүү жана абалын карап туруу жагы балдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Октябрь айылынын айыл башчысы А.Эрмекбаевке тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |
Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын Жал-ортоңку кѳчѳсүнѳ ысым ыйгаруу боюнча жашоочулардын чогулушунун
Протоколу № 9
02.12.2018-жыл.
Чогулушка катышкан адамдар: 104 адам.
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1. Жал-ортоңку кѳчѳгѳ ысым ыйгаруу боюнча.
1-маселе боюнча Октябрь айылынын айыл башчысы Эрмекбаев Акай тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду:
"Урматтуу айылдын жашоочулары сиздер маркум Жумабаев Азимбекти жакшы билет элеңиздер. Ошол союз убакта айылдан чыккан зоотехник адис болгон. Совхоздун мал чарбасында барандуу эл ишенимин актаган адис болуп иштеген.
Кийин айылдын биргадири болуп ушул айылда ѳрнѳктүү ѳмүр ѳтѳгѳн. Ушул абабыздын ысымын кѳчѳгѳ ыйгарууну сиздерди колдойт деп ишенемин"
Жарыш сѳз алып:
1. Айылдын тургуну айыл аксакалы Рахманов Пар аба тѳмѳндѳгүдѳй сүйлѳдү:
Жумабаев Азимбекти чарбалык ишти эмнеден баштаганын мен жакшы билем себеби мен да ал мал чарбачылыгында кѳп жыл эмгектендим.
Биринчи койлорду жасалма жол менен уруктандуруучу адис, сүт товар фермасында гурт башчысы, зоотехник акыры айылдын биргадири болуп эмгектенди . Жал-ортоңку кѳчѳсүнѳ атын ыйгарууга мен толук макулмун жана колдоймун.
2. Бѳрүмаматов Үкѳн: Азимбек аканын атын ыйгарууну мен толугу менен колдойм, мен да
айыл чарбасында союз мезгилинин акырына чейин механизатор болуп иштедим, оруп жыюу, айдоо иштеринде аралашып жүрдүк.
Элибиздин эсинде каларлык эмгеги бар ошондуктан атын ыйгарууга татыктуу.
3. Эгембердиев Малабек: Азимбек аканын атын Жал-ортңку кѳчѳсүнѳ ыйгарууну туура дейм жана толугу менен жогорудагылардын айткандарына кошулам.
4. Жолдошов Адилбек: Азимбек аканын айылдагы эмгек жолу элге маалым мен да ушул сунуштарга толугу менен кошулам жана колдоймун.
Тѳмѳнкүлѳрдү угуп жана талкуулап Октябрь айылынын жашоочуларынын чогулушу.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маркум Жумабаев Азимбектин ѳрнѳктүү ѳмүрүн элге кылган кызматын эскерип, ушул Жал-ортоңку кѳчѳсүнѳ мындан кийин ушул адамдын ысымы ыйгарылсын.
2. Жумабаев Азимбектин бала-чакасы, урук-туугандары кѳчѳнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн акча каражатжагын колдоокѳрсѳтүү жагы белгиленсин.
3. Жогорудагы айылдык чогулуштун протоколун бекитип берүү жагы айылдык Кеңештин депутаттарынан суралсын.
4. Токтомду иш жүзүнѳ ашырылышы айыл башчы Эрмекбаев Акайга жүктѳлсүн.
Чогулуштун тѳрагасы: А. Эрмекбаев.
Чогулуштун катчысы: Ж. Нажимидинов.