Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры № 12/6
Кашка-Жол айылдык аймагындагы Жаңы-Талап айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынын 01.12.2018-жылдагы № 3 протоколу боюнча Жаңы-Талап айылынын башчысы, А.Ырыскуловтун маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык аймагындагы Жаңы-Талап айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 01.12.2018-жылдагы № 3 протоколу бекитилсин.
2. Жаңы-Талап айылында "Сатыбалды-Ата" жеке менчик вет. сервиси түзүлсүн. Вет. сервистин башчысы болуп Низамидин уулу Карачбек дайындалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Талап айылынын айыл башчысы А.Ырыскулоако тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |
Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Жаңы-Талап айылынын жалпы элдик жыйынын
Протоколу № 3
01.12.2018-жыл.
Чогулушка катышкан адамдар: 95 адам.
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1. Жаңы-Талап айылына вет. сервисин түзүү.
2. Вет сервисине ат коюу боюнча.
Биринчи маселе:боюнщча Жаңы-Талап айылынын айыл башчысы Ырыскулов Абдибаит элдик жыйынга маалымат берди. Жаңы-Талап айылында мал жандыктырды жана канаттууларды ѳз убагында эмдѳѳ иштерин жана даарылоо боюнча иш алып баруу үчүн, биздин айылга жеке менчик вет. сервис түзүү зарыл экендигин жакшы билесиздер. Ошондуктан вет. сервизин түзүү боюнча ѳз сунушуңуздарды билдирүүңүздѳрдү суранам. Ошондой эле түзүлгѳхн вет. сервисинин атын "Сатыбалды-Ата" деп аталышын сунуш кылам.
Жогоруда айтылган маселелер боюнча, Жаңы-Талап айылынын тургуну Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаты Калмурзаева замира сѳз алып сүйлѳп, тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду. Айыл эли мал чарбачылыгы менен тиричилик ѳткѳрүп келүүдѳ аларды дарылоодо даары дармектерди алууда да кыйынчылыктар жаралууда.Ошондуктан мен айыл башчынын сунушун колдоймун.
Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн Жер адиси Ардинов Абдибали сѳз алып, азыркы учурда талап болуп жаткан оорчунду маселе кѳтѳрүлүп жаткандыгы туура, заман талабына ылайык мал жандыктырын асылдандыруу үчүн вет. сервиз түзүүнү колдоймун.
Айыл тургуну Ѳмүралиев Раимжан чыгып, айтылган сѳздѳрдү угуп жана биз дагы вет.сервиздин ачылышын жана ошол вет. сервистин атын "Сатыбалды-Ата" деп аталышын колдоорун билдирди. Жогорудагы маалыматтарды угуп,жалпы элдик жыйынга катышкан жарандар бир добуштан макулдугун беришти. Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жана айылдык Кеңешинен жеке менчик "Сатыбалды-Ата" атындагы вет. сервизини түзүү айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында карап колдоп берүүңүздѳрдү суранам.
Чогулуштун тѳрагасы: А. Рыскулов.
Катчысы: Ж. Орозбаев.