Загрузка документа…
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 46/XII-27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2018-жылдагы № 80- “Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 14-январь 2015-жылдагы № 6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү муниципалдык тейлөө Базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомуна ылайык Айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красная-Речка айылдык кеңешинин 17.02.2016-жылдагы 26-чакырылыштагы № 96/ХV“Красноречка айыл өкмөтүнүн 2016-жылга калкына берилүүчү акылуу тейлөөлөрдүн баа прейскурантын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Красная-Речка айыл өкмөтү “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү муниципалдык тейлөөнүн Базалык реестринин” бекитилген токтомдун 1-пункт жетегинде иш жүргүзсүн.
3. Красная-Речка айыл өкмөтү 2018-жылдын 20-февралынан КР Өкмөтүнүн 05.02.2018-жылдагы № 80 Токтомунун негизинде калкка акысыз тейлөө жүргүзүшсүн (тиркемеге ылайык).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы В.Шаршеевага жана А.Толубаевага жүктөлсүн.
Төрага | М. Джекшенбеков |