Загрузка документа…
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-октябры № 12
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, 44 га жаӊы конушунун жашоочуларынын жыйналыштарынын чечимдеринин негизинде, Лебединовка айылдык кенешинин 12 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лебединовка айылынын 44 га жаӊы конушуна төмөнкүдөй аталыш ыйгарылсын: мамлекеттик тилде « Тунгуч 44 жаӊы конушу», расмий тилде «жилой массив Тунгуч 44».
2. «Тунгуч 44» жаӊы конушунун көчөлөрүнө төмөнкүдөй аталыштар ыйгарылсын:
- биринчи кѳчѳгѳ: мамлекеттик тилде «Ауэзов» кѳчѳсү, расмий тилде улица «Ауэзова»;
- экинчи кѳчѳгѳ: мамлекеттик тилде « С.Чокморов атындагы » кѳчѳсү, расмий тилде улица «им.С.Чокморова»;
- үчүнчү көчөгө: мамлекеттик тилде «Тунгуч» кѳчѳсү, расмий тилде улица «Тунгуч»;
- тѳртүнчү кѳчѳгѳ: мамлекеттик тилде«Ак кайын» кѳчѳсү, расмий тилде улица «Ак-кайыӊ»;
- бешинчи кѳчѳгѳ: мамлекеттик тилде «Арашан» кѳчѳсү, расмий тилде улица «Арашан»;
- алтынчы кѳчѳгѳ: мамлекеттик тилде «Нур-Асман» көчөсү, расмий тилде улица «Нур-Асман».
- сегизинчи кѳчѳгѳ: мамлекеттик тилде «Ак-Тилек» көчөсү, расмий тилде улица «Ак-Тилек»;
- тогузунчу кѳчѳгѳ: мамлекеттик тилде «Нооруз» көчөсү, расмий тилде улица «Нооруз»;
- онунчу кѳчѳгѳ: мамлекеттик тилде «Келечек» көчөсү, расмий тилде улица «Келечек»;
- он биринчи кѳчѳгѳ: мамлекеттик тилде «Тилебалды ата» атындагы көчөсү, расмий тилде улица «им.Тилебалды ата».
3. Көчөлөргө аталыш ыйгарууга байланышкан чыгымдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тартибинде жүргүзүлсүн.
4. Аламүдүн районунун жерге жайгаштыруу жана козголбос мүлкүнө катоо укугу боюнча башкармалыгына, Аламудун райондук архитектура жана шаар куруу боюнча башкармалыгына эсептик жана инвентаризациялык маалыматтарга ылайыктуу ѳзгѳрүүлѳр киргизүлүүсү сунушталсын.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктар актыларынын базасына катталуусу үчүн юстиция министирлигине жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Солтоновго жүктөлсүн.
Төрага | К. Умурбаев |