Редакцияот 15.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

 

2018-жылдын 15-ноябры № 89

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Кеңешинин алтынчы чакырылышынын 16- отуруму Салам-Алик айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 76-сандуу токтомун жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы тарабынан сунушталган 2013-жылы чыгарылган, күмүш түстөгү, кыймылдаткычынын көлөмү 1690 см.куб. кузовунун № Х9I21200D0484389, “Шевроле-Нива” маркасындагы автомашинаны Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (балансына) кабыл алынсын.

2. Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.

3. Жогоруда аталган автотранспорт каражаты жергиликтүү бюджетте каралган каражаттын эсебинен каржылансын.

4. Тиешелүү документтерди бүткөрүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтерге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Э.С.Инашовко жүктөлсүн.

6. Жогорудагы көрсөтүлгөн автоунааны кабыл алууга макулбуз.

 

Төрага

А. Таштемиров