ТоктомКүчүндө

Фрунзе айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-августундагы № 8 «2018-2020 жылдарга карата бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция18.08.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакыруунун 3-кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 18-августу № 8

2018-2020 жылдарга карата бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын долбоорун бекитүү жөнүндө

 

2016-жылдын 16-майында № 59 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-статьясына ылайык жана бюджеттик комиссиянын корутундусунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-2020 жылдарга карата бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын долбоору төмөнкү көрсөткүчтөргө ылайык бекитилсин:

2018 жыл

Бюджеттик каражат 17757,3 миң сом

Атайын каражат – 1300,0 миң сом

2019 жыл

Бюджеттик каражат 17785,1 миң сом

Атайын каражат – 1300,0 миң сом

2020 жыл

Бюджеттик каражат 17814,8 миң сом

Атайын каражат – 1300,0 миң сом

2. ФЭБ башчысы Худайбергенова Г.А. бардык эсеп-кысаптарды жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүнүн олуттуу негизин ушул токтомго ылайык тартипке келтирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Токоев К.О.