ТоктомКүчүндө

Фрунзе айылдык кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 24 «Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге которуу жөнүндө» токтому

Редакция06.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакыруунун 7-кезексиз сессиясы

 

2017-жылдын 6-декабры № 24

Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге которуу жөнүндө

 

Фрунзе айылдык округунун Фрунзе айылдык кеңешинин төрагасы К.О.Токоевдин Комсомол айылында жайгашкан Усенов Даулет Исхаковичке караштуу жер участогун которуу жана 2017 жылдын 17 ноябрындагы жер боюнча комиссиянын протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз республикасынын жер кодексинин 13 статьясынын негизинде Фрунзе айылдык округунун Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Комсомол айылында жайгашкан Усенов Даулет Исхаковичке караштуу аянты 3792,0 кв.м айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана Айыл чарба багытындагы жер участогун башка багыттагы жерге унаа гараж үчүн которулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бешимбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Токоев К.О.