Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 8
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы,жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси К.Малашевдин билдирүүсүн айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Курманбек жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 2019-жылга жыйналган акча каражатынын 3/1 бөлүгү башкача айтканда 192 000 сом акча каражаты жайыт комитетине кайтарылып берилсин.
2. Кайтарылыган акча каражаты жайыт комитетинин инсфрактурасын жакшыртуу үчүн айыл аймагындагы көпүрө, жолдорго жумшалсын.
3. Курманбек аймагындагы кара малга-100 сом, майда жандыктарга-20 сом, жылкыга-100, эшеке- 100 сом акы өндүрүлсүн. Сырттан келип, жайытка чыккан мал башынан 1,5 эсе акы өндүрүү жагы ЖПБ нын төрагасы К.Малашевге милдеттендирилсин.
4. Жайыт бирикмесинде 2019-жылы келишим менен иштеп жаткан жарандарга өндүрүлгөн акча каражатынан 20% айлык акы катары берилсин.
5. Жайыт пайдаланууда мал жайуу эрежесин бузгандыгы үчун № 1-тиркемедеги талаптар бекитилсин.
6. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга № 2-тиркемедеги чыгымдары бекитилсин. ЖПБ нын төрагасынын менчик автоунаасын пайдаланууда авто тетиктери жана күйүүчү май алууга 40,0 миң сом акча каражаты каралсын.
7. Курманбек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-2023-жылдарга чейин 5 жылдык ПЖРЖ-2 иш планы бекитилсин. Иш план менен иш алып баруу жагы ЖПБнын төрагасы К.Малашевге жүктөлсүн.
8. Айыл аймактагы жайыт пайдалануучулардын мал башына жайыт акысын топтоо жагы жайыт бирикмесинин бухгалтерине жүктөлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |
Курманбек айылдык кеңешинин
“25” январь 2019-жылдагы
кезектеги XV сессиясынын
№ 8-токтомуна №1-тиркеме
1. Жайыт мезгили 1-апрелден башталат.
2. Айдоо аянттарына жакын жерде жайгашкан бардык жайыт пайдалануучулар 20-апрелден калбай көчүш керек.
3. Ортонку жайыттарга көчүрүү 1-майдан 10-мартка чейин көчүш керек
4. Кайра жайыттан кайтуу мезгили эгерде эгин талаалары жыйналып бошосо ортоңку күзгү жайыттарга 1-сентябрдан келсе болот. Эгер бошобосо 1-октябрдан келет.
5. Жайлоо мезгилинде колдо кармоого 1 ат,1уй,3төн 5ке чейин кой кармоого уруксат берилет. Калган мал жайытка чыгарылышы керек.
Жогорудагы талаптар аткарылышы үчүн айыл башчылар, айылдык кеңешинин депуттатары, айыл тургундары көмөк көрсөтүш керек.
Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн өтүп кетсе, төлөй турган акчанын ар бир күнүнө 0,5% туум төлөнөт. Эгерде айылда 1ат, 1уй, 3-5тен жогору кой калса ар бир малга 500сомдон айып пул салынат. Эгерде мал айдоо аянттарына жайылып кетсе алгачкы жолу оозеки эскертүү берилет, бул көрүнүш кайталанса бодо малга жана жылкыга 1чи жолу 250сом, экинчи жолу 500сом айып пул салынат. Кой-эчкилерге 1чи жолу 50сом,2чи жолу 100сомайып пул салынат. Эреже бузуу 3чү ирет кайталанган учурда кетирилген зыян толугу менен эсептелип иш аксакалдар сотуна же сот органдарына жөнөтүлөт.
Жазгы жайкы жана күзгү жайыттарда мал жаюу графигин бузган жайыт пайдалануучуларга , бодо малдын ар бир башына 250сом, майда малга 50сом өлчөмүндө айып салынат жана жайытка 1 сутканын ичинде кайтып баруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирме берилет.
Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилике тартылат.
Жайыт пайдалануучулар жайыттан кайткандан кийин чарбасы менен жайытка конгон ордун тазалап, таштандыларын чогултуп тазалоо талап кылынат.
Айлана чөйрөнү коргоо багытындагы талаптарды сактоо.
Айлана чөйрөнү коргоо багытындагы талаптар аткарылбаган учурда административдик жоопкерчилик боюнча кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.
Мал жайуудан тышкары башка максаттарга пайдалануу боюнча чөп чабынды катары пайдаланган 1 га жайыт жер 400 сомдон жайыт акы.
Ушул кайрылуубуздун мыйзамдуу болушу үчүн сессияда карап, бекитип берүүңүздү суранам.
Курманбек айыл өкмөтүнүн жайыт бирикмесинин төрагасы- К.Малашев
Курманбек айылдык кеңешинин
25- январь 2019-жылдагы
кезектеги XV сессиясынын
№ 8-токтомуна №2-тиркеме
|
№ | Айылдын аталышы | Жалпы малдын башы | Курманбек а/а тийиштүү жайытка баруучу малдын башы | Башка жайыттарга кеткен мал башы |
| ||||||
Мал | кой | жылкы | мал | кой | жылкы | мал | кой | жылкы | |||
1 | Кара-Чолок | 1368 | 2845 | 315 | 150 | 1415 | 152 | 1218 | 1430 | 163 | |
2 | Таран-Базар | 1610 | 3255 | 351 | 239 | 1400 | 123 | 1371 | 1855 | 228 | |
3 | Жоон-Күнгөй | 1810 | 6408 | 692 | 1142 | 3210 | 312 | 668 | 3198 | 380 | |
4 | Саты | 1007 | 2345 | 417 | 229 | 915 | 176 | 778 | 1430 | 241 | |
5 | Калма-Кырчын | 1110 | 1935 | 610 | 266 | 1160 | 224 | 844 | 775 | 386 | |
6 | Сары-Булак | 212 | 653 | 235 | 120 | 400 | 166 | 92 | 253 | 69 | |
7 | Канжыга | 296 | 1420 | 313 | 183 | 509 | 166 | 113 | 911 | 147 | |
8 | Үрүмбаш | 71 | 1011 | 41 | 71 | 991 | 41 | - | 20 | - | |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
| Баары: | 7484 | 19872 | 2974 | 2400 | 10000 | 1360 | 5084 | 9872 | 1614 | |
Курманбек айыл өкмөтүнүн ЖПБнын төрагасы | К. Малашев |
Курманбек айыл өкмөтүнүн экономист статисти | О. Акаев |
Курманбек айыл өкмөтүнүн вет.инспектору | Э. Кенжеев |
Жоон-Күнгөй айылынын айыл башчысы | А. Абдымаматов |
Саты айылынын айыл башчысы | К. Ташкараев |