Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 9
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Курманбек айыл аймагында мамлекеттик балдар бакчасында балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында “Кызгалдак” балдар бакчасынын директору Ю.Тайгараеванын кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат :
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл аймагындагы мамлекеттик балдар бала бакчаларына балдарды кабыл алууну сайт аркылуу электрондук кезекке коюу менен, ачык жургүзүүнүн эрежелери № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом менен бекитилген эрежелер Курманбек айыл аймагындагы бардык мамлекеттик, муниципалдык балдар бакчасында милдеттүү түрдө аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Тайгараев |
Курманбек айылдык кенешинин
25-январь 2019-жылдагы
№9- токтому менен
бекитилген
Бул эреже Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”№ 101 мыйзамынын , Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы”Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө ’№198-мыйзамынын ,Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин Электрондук кезекти түзүү жөнүндө” 6-ноябрь 2014-жылкы №904\1буйругунун , Кыргыз Республикасынын коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иш-чараларынын негизинде жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.Жободо белгиленген талаптар кыргыз тилинде 14 өлчөмдөгү менен Тimes New Roman шрифти менен жүргүзүлөт.
I.Эреженин колдоону тармагы жана принциптери
1.Сузак районунун Курманбек айыл аймагындагы балдар бакчалары Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”№198-мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү ‘Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багып кароо ‘мамлекеттик билим берүү стандарты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2-ноябрь 2013-жылкы №765 токтому менен бекитилген
‘Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө Типтуу Жобого ылайык жана балдардын бала бакчаларынын Уставынын негизинде өзүнүн милдеттерин аткарат.
2.Балдардын бала бакчаларын түздөн –түз жетекчиликти жана аны башкарууну башчылар(директор) ишке ашыргандыктан ,балдарды Уставта белгиленген тартипте аларды кабыл алууну уюштурат жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылат.
II. Арыздарды кабыл алууну жүргүзүү
3. Балдардын бала бакчаларынын башчылары(директор)ата-энелерден арыздарды алуунун тартиби:
-балдардын бала бакчаларынын башчылары(директор)ата-энелерге жеткиликтүү жайга балдарды кабыл алууга тийиштүү болгон документтердин тизмесин жайгаштырат,тийиштүү документтердин тизмеси айыл өкмөтүнүн маалымат тактасына жана балдар бакчасынын сайтына дагы жайгаштырылат жана кайрылган ата-энелерге жазуу түрүндө көчүрмөсүн берет.
-бала бакчаларында ата-энелердин арыздарын каттоо үчүн атайын номерленген жана тигилген журнал ачылыш керек.Журналда арыздын катар номери,арыздын мазмуну,берген күнү,айы,жылы,убактысы,ата-энелердин жашаган дареги,байланыш телефону,тапшырылган документтердин аттары №1-тиркемеге ылайык толтуруу жүргүзүлөт.
№1-тиркеме
№
|
Арыз ээси. |
Арыздын мазмуну. |
Тапшырган күнү,айы, жылы, убактысы.
|
Ата-эненин жашаган дареги,байл. телефону. |
Балдар бакчасына кабыл алынуучу бала же кыздын жашы жана башка документтери. |
Эскертүү. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
-арыздар жазуу түрүндө гана кабыл алынат;
-арыз журналга катталгандыгы жөнүндө;
№2-тиркемеге ылайык жазуу түрүндө ата-энелерге маалымат берилет.
-балдардын бала бакчасынын башчысы (директор) №1-тиркемеге ылайык маалыматтарды компьютерге арыз түшкөн күнү киргизет жана сайтка жайгаштырат.
-балдардын ата энелеринин арыздарын катоо жана сайтка
Жайгаштыруу айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо адиси тарабынан дагы жүргүзүлүшү мүмкүн.
-айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо адиси тарабынан кабыл алынган арыздар тийиштүү документтердин пакетин тийиштүү балдар бакчаларынын башчыларына каттоого алуу үчүн жиберет.
№2-тиркеме
Арызды кабыл алуу жөнүндө маалымдама
№ | Арыздын кабыл алынган күнү,айы, жылы,убактысы. | Тапшырылган Документ тердин тизмеси. | Арызды кабыл алган адамдын аты жөнү, кызматы. | Балдар бакчасынын аталышы, дареги,байланыш телефону .эл почтасы. | Балдар Бакчасына Кабыл алуу үчүн баланын же кыздын кезекке катталган номери.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
_________________балдар бакчасынын башчысы:- __________________________
(______________)датасы
III. Балдарды бала бакчага кабыл алууну жүргүзүү
5.Балдардын бала бакчасына кабыл алуу үчүн кезекке коюлган балдардын тизмеси балдардын бала бакчасынын башчысынын (директорунун)колу,мөөрү жана ата-энелер комитетинин төрагасынын колу менен тастыкталып,ар жуманын жыйынтыгы менен атайын даярдалган маалымат тактасына жана электрондук сайтка жайгаштыруу милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.
6.Балдар бакчасынан чыгып кеткен баланын ордуна кезекте турган баланын ата-энесине балдар бакчасынын башчысы(директору)байланыш телефону аркылуу кабар берүүсү жетиштүү болот.
7.Кабар берилген ата-эне кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде балдар бакчасынын башчысына келип жолугуусу тийиш.
8.Балдар бакчасынын башчысы (директор)кезекте турган балдарды курагына,ден-соолук абалына,жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын укуктук актыларынын талаптарына ылайык кабыл алууну жүргүзөт жана топторду балдар менен комплектейт.
9.Бала бакчасындагы орундарды комплектоодо жалпы орундун 55%на калктын төмөндөгү аярлуу катмарына женилдиктер берилет. Алар:уйүндө балдарын караганы эч кимиси жок жаш үй-бүлөлөрдүн балдарына; көп балалуу энелердин балдарына; балдарын жалгыз тарбиялап жаткан аялдардын балдарына; үй-бүлөсүндө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына; каттоодо турган аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына.Женилдиктер берүү тийиштүү тастыктоочу документтердин негизинде жүргүзүлөт.Мындай принцип калктын аярлуу катмарын социалдык жактан колдоо максатында жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
IV.Мониторинг жана баалоо жүргүзүү
10.Балдар бакчасындагы кезекке коюу тизмесинин өз маалында жайгаштырылышын жана эреженин талаптарынын аткарылышына баалоо жана мониторинг жүргүзүүнү Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен түзүлгөн мониторинг жана баалоо тобу жүргүзөт.
БМжБ тобу:
-балдар бакчасындагы кезекке коюлган балдардын тизмесинин маалымат тактасына өз мезгилинде жайгаштырылышына,
-эреженин тартибинин сакталышына,
-тизменин сапаттуу жана жеткиликтүү даярдалышына,
-ата-энелердин суроо-талаптары боюнча мониторинг жана баалоо жүргүзөт.
БМжБ тобу ар айдын акырында өзүнүн чогулушун өткөрөт.
БМжБ тобу мониторинг жана баалоонун жыйынтыгы менен Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысына сунуштар, өзгөртүүлөр ,түзүлгөн актылар менен кайрылууга укуктуу.
V.Эрежени бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
11.Ушул эреженин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укуктук –жарандык жана кылмыш жоопкерчилиги бекитилет.