Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу,көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Сакалды айыл аймагынын Кыргызстан айылындагы аты жок жаӊы көчөгө ат коюу боюнча айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин:
-Кыргызстан айылындагы аты жок жаӊы конуш (проектируемая ) кыска көчөгө Баткен согушунун катышуучусу маркум Бакиров Кыялбек Гуламкадыровичтин ысымы ыйгарылсын (оӊ тарабы 1-37 номерге чейин он тогуз турак үй ,сол тарабы 2-40 ка чейин жыйырма турак үй).
- Кагазды айылындагы аты жок кыска көчөгө эмгек ардагери маркум Исмаилов Жалилдин ысымы ыйгарылсын (оӊ тарабы 1-21 номерге чейин жыйырма бир турак үй сол тарабы эгин талаасы.
-Кыргызстан айылындагы аты жок жаӊы конуш (проектируемая ) кыска көчөгө маркум Каипов Дурусбек Асылбековичтин ысымы ыйгарылсын (оӊ тарабы 1-15 номерге чейин он тогуз турак үй ,сол тарабы 2-16 ка чейин жыйырма турак үй).
3. Көчөлөргө аты коюлган маркум Бакиров Кыялбектин, Исмаилов Жалилдин жана Каипов Дурусбектин үй бүлө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө,жарыктык орнотуу,көпүрө, электр мамы орнотуу,ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуусу жана турак үйлөргө жана обьекттерге катар номерлерди тез арада илүү зарылчылыгы жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М. Султановго жана Кыргызстан айылынын айыл башчысы Н.Максутовго, Кагазды айылынын айыл башчысы А. Нышанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Бекназаров |