Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-апрели № 115/ XXII-27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевтин 2018-жылдагы аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчетун угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кабыл алат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жамаатынын 21-Элдик курултайында каралган Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевтин 2018-жылдагы аймакты социалдык—экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчету жана 21-Элдик курултайдын №1 чечими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевке жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тиркелет: 21-Элдик курултайдын № 1 чечими.
Төрага | Т.Чолпонбаев |
Ысык- Ата айыл аймагынын ХXI Элдик Курултайынын
Токтому
11-март 2019-жыл №03-9/1 Алмалуу айылы
Ысык- Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Теңизбаев Камбарбек Асипбаевичтин 2018-жылдагы аймактын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү берилген отчету жөнүндө
Ысык- Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Теңизбаев Камбарбек Асипбаевичтин 2018- жылдагы аймакты социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчетун угуп,талкуулап чыгып, Элдик Курултай чечим кабыл алат:
1. Ысык- Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Теңизбаев Камбарбек Асипбаевичтин 2018-жылдагы аймакты социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчету көңүлгө алынсын жана бул багытта иштеген иштери “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
XXI Элдик Курултайынын төрагасы Т.Чолпонбаев
Элдик Курултайдын катчысы Ж.Тентимишова