Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-апрели № 116/ XXII-27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевтин 2019-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кабыл алат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жамаатынын 21-Элдик курултайында каралган Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевтин 2019-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы жана 21-Элдик курултайдын № 2 чечими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Теңизбаевке жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тиркелет: 21-Элдик курултайдын № 2 чечими.
Төрага | Т.Чолпонбаев |
Ысык- Ата айыл аймагынын ХXI Элдик Курултайынын
Токтому
11-март 2019-жыл №03-9/2 Алмалуу айылы
Ысык-Ата айыл аймагынын 2019 - жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш- чараларын бекитүү жөнүндө
1. Ысык- Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын долбоору жактырылсын жана аны бекитүү үчүн Ысык-Ата айылдык Кенешинин сессиясына жиберилсин. (Долбоор тиркелет).
2. Ысык- Ата айыл өкмөтүнүн башчысы, анын аппараты, айыл аймактагы мекемелердин жетекчилери, дыйкан жана фермердик чарба жетекчилери, ишкерлер, ошондой эле бардык айыл тургундары аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча 2019-жылга түзүлгөн программасын аткарууда өзгөчө төмөндөгүлөргө көңүл бурсун:
- Бюджеттик акча каражаттарын багыттуу пайдаланууга;
- Ысык-Ата айыл аймагынын бардык социалдык инфраструктурасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга: анын ичинен:
-Дене-тарбия жана спорт боюнча спорттук курулмаларды салууга, кеңейтүүгө
- мектептердин, ФАПтардын,УБДТнун, клубдардын жана китепканалардын иштерин жакшыртууга;
- ар бир айылды иретке келтирүүгө, жашылдандырууга, санитардык абалын жакшыртууга, ушул жумуштарга бардык жашоочуларды мобилизациялоого;
-айылдарды ичкен таза суу менен камсыз кылууга;
-“Жол коопсуздугу” програмасынын алкагында айылдардагы жолдорду кезектеги жана капиталдык оңдоого, көчөлөрдөгү түнкү жарыктандырууну камсыз кылууга;
-Айылдардын турак-жай фондусун түзүү максатта айылдардагы жаңы конуштардын башкы планын иштеп чыгууга, муниципалдык менчиктеги мекемелерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө;
-КР “Милдеттүү түрдө турак-жайларды камсыздандыруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык турак-жайларды камсыздандыруу боюнча жигердүү иш алып барууга;
- Ишкердүүлүктү жана Туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө; инвестициялар боюнча багыттуу иш алып барууга;
-Социалдык тармакта:
-Балдар үчүн бардык шарртарды түзүүгө: мектеп окуучуларын ысык-тамак менен камсыз кылууга.
- жакырчылыкты азайтууга жана турмушу начар, көп балалуу, багар-көрөрү жок
үй- бүлөлөргө, ден-соолугу жактан мүмкүчүлүгү чектелген жарандарга ар
тараптуу жардамдарды берүүгө;
-коомдук тартипти сактоого, тартип бузбоо боюнча алдын ала профилактикалык иштерди жүргүзүүгө, коомдук алдын алуу борборунун ишин колдоого;
-диний экстремизмди болтурбоо үчүн алдын ала чара көрүүгө;
3. Айыл өкмөтү, айылдык Кенештин депутаттары, айыл аймактагы мекемелердин жетекчилери, ишкерлер социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышына ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Теңизбаев Камбарбек Асипбаевичке тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
ХXI Элдик Курултайынын төрагасы Т.Чолпонбаев
Элдик Курултайдын катчысы Ж.Тентимишова