Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-февралы № 85
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
а) 1-тиркемеге ылайык, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобо;
б) 2-тиркемеге ылайык, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын типтүү курамы (мындан ары - Комиссиялар).
2. Бишкек шаарынын мэриясына Комиссиялардын жекече курамын түзүү укугу өкүлдөнүлсүн.
3. Комиссиялар өз иш-аракеттеринде жогоруда көрсөтүлгөн жобону жетекчиликке алышсын.
4. Комиссиялар өз ишин уюштурууда ушул жобону жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин жетекчиликке алсын.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.З.Жумалиевге жана Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Абиров |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 12-февралындагы № 85 токтомуна 2-тиркеме |
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын ТИПТҮҮ КУРАМЫ
Комиссиянын төрагасы - Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысынын орун басары;
Комиссиянын төрагасынын орун басары - Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын бөлүмүнүн башчысы;
Комиссиянын катчысы - Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын ыйгарым укуктуу адиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясынан жана оппозициядан депутат;
Санитардык экологиялык инспекциянын өкүлү;
Администрациялык укук бузуулар жасалган аймактагы Муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлү;
Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын турак жай коммуналдык чарба, курулуш же укуктук маселелер боюнча бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси;
ички иштер райондук башкармалыктардын өкүлү (макулдашуу боюнча).
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |