Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 193/27-4
Токмок шаарынын мэриясынын катын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу С.И.Мусуралиевдин “Токмок шаарынын 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” берилген материалдарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78, 102-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколун жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын бюджети киреше жана чыгаша боюнча 2019-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 230861,6 миң сом өлчөмүндө, 2020-жылга болжол – 249739,6 миң сом, 2021-жылга – 267677,6 миң сом (№ 1, 2 тиркемеге ылайык) жана 2019-2021-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы (№ 3 тиркеме) бекитилсин.
2. 2019-жылдын жана 2020-2021-жылдарга болжолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи ирет корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну, ошондой эле 01.01.2019-жылга карата бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабууга каржылоо белгиленсин.
3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат 2019-жылдын 1-январына карата 250,0 миң сом суммасында белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу (Мусуралиев С.И.) тарабынан:
-Токмок ш. жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн;
-шаардык жергиликтүү бюджеттин аткаруунун жүрүшүндө, шаардын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда, шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оңдоп-түзөөгѳ уруксат берилсин;
-шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө кызматтык муктаждык пайда болгон учурда, шаардык бюджеттин каражатын алуучулардын сунушу боюнча, бөлүмдүн ичинде (кызмат акыдан, Социалдык фондко чегерүүдөн тышкары) жана бюджеттик жылдын кварталынан кварталына, чыгашалар бөлүмүнөн бөлүмүнө бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе Токмок ш.мэринин кайрылуусунун негизинде, шаардын мэриясынын буюрмасы, бɵлүнгɵн сметалык ассигнованиянын чегинде каралган, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясында карап чыгуу киргизилсин;
-2019-бюджеттик жылдын ичинде 2018-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына (Мусуралиев С.И.) шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер келип түшкөн учурда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушун Токмок ш. мэриясынын буюрмасына ылайык бекитүүгө жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна киргизүү укугу берилсин. Түшкөн каражаттар биринчи ирет 2018-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар жана башка биринчи ирет каржылануучу чыгашалар беренелери боюнча, ошондой эле, шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоого жөнөтүлсүн.
6. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башкаруучусу (Майтиков Т.К.) тарабынан:
-экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
-салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;
-жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн;
-ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин салыктар жана салык эмес кирешелердин бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча керектүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
7. Токмок ш. ММБнын башкаруучусу (Макешев М.К.) тарабынан:
-шаардын муниципалдык менчигиндеги объектилерди жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен төлөмдөрдү жана жыйымдарды көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
-ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчиктеги объектилерин пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
8. Кызматкерлердин кызмат акысына турак жай-коммуналдык кызмат кɵрсɵтүүгɵ ай сайын берилүүчү үстɵк акы 8000 сом ɵлчɵмүндɵ белгиленсин:
- Токмок ш.мэриясы;
-Токмок шаардык кеӊеши;
- Токмок ш.дене тарбия жана спорт аппараты;
-Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы.
Билим берүү чɵйрɵсүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына турак жай-коммуналдык кызмат кɵрсɵтүүгɵ ай сайын берилүүчү үстɵк акы 300 сом ɵлчɵмүндɵ белгиленсин:
9. Кирешелердин кошумча булактары табылган учурда, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана үнѳмдүү пайдалануу, киреше бѳлүмүн ашыра аткаруу болгон учурларда шаардын жергиликтүү бюджетинен Токмок ш. мэриясынын, Токмок шаардык кеңешинин, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын, Токмок ш. дене тарбия жана спорт аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын кызматкерлерине ар бир кызматкердин салымын жана ишинин жыйынтыктарына жараша сый акы, материалдык жардам жана коммуналдык кызматтар үчүн компенсациялык тѳлѳмдѳр Токмок шаардык кеңештин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечими боюнча каралсын.
10. Шаардык жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелери шаардын бюджети бекитилгенден кийин 14 күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.
11. Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды колдонууда казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, Токмок шаардык бюджеттик мекемелери тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электр энергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу кармалсын.
13. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын көлөмүнүн 1% ѳлчѳмүнѳ чейин түзүлсүн.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине (Д.Дж.Амангельдиев) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
№1 тиркеме | |||||
Токмок шаардык кеңешинин | |||||
№ 193/27-4 токтомуна | |||||
25-январь 2019-ж. | |||||
Токмок шаарынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө | |||||
бөлүгү жана 2020-2021-жылдарга болжолу |
| ||||
|
| (миӊ сом) |
| ||
Элемент (8) | Наименование доходов | 2019-ж. | Болжол |
| |
2020-ж. | 2021-ж. |
| |||
|
|
|
|
|
|
| Кирешелер + Активдер жана милдеттенмелер (жерлерди сатуу) | 230 861,6 | 249 739,6 | 267 677,6 |
|
| Кирешелер + Активдер жана милдеттенмелер (атайын каражаттарды эсепке албаганда) | 208 728,0 | 227 606,0 | 245 544,0 |
|
1 | Кирешелер | 229 861,6 | 248 739,6 | 266 677,6 |
|
| МСКнын кирешелери | 207 728,0 | 226 606,0 | 244 544,0 |
|
11 | Салык кирешелери | 198 083,0 | 216 961,0 | 234 899,0 |
|
11111100 | Салык агенти төлөөчү, киреше салыгы | 89 863,0 | 119 595,0 | 151 112,0 |
|
11121100 | Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык | 3 300,0 | 3 300,0 | 3 300,0 |
|
11122100 | Милдеттүү түрдөгү патенттин негизиндеги салык | 3 705,0 | 3 705,0 | 3 705,0 |
|
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 33 630,0 | 33 630,0 | 33 630,0 |
|
11311100 | Ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык | 203,0 | 203,0 | 203,0 |
|
11311200 | Ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 2 топ | 10 737,2 | 10 737,2 | 10 737,2 |
|
11311300 | Ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 3 топ | 201,0 | 201,0 | 201,0 |
|
11312 | Унаа каражаттары үчүн салык | 13 990,0 | 13 990,0 | 13 990,0 |
|
11321100 | Короо жай жана бак-огород жерлерин колдонуу үчүн жер салыгы | 3 380,0 | 3 380,0 | 3 380,0 |
|
11321200 | Айыл чарба жерлерин колдонуу үчүн жер салыгы | 100,8 | 100,8 | 100,8 |
|
11321300 | Калк конуштарынын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди колдонуу үчүн жер салыгы | 13 400,0 | 13 400,0 | 13 400,0 |
|
11412100 | Сатуудан алынуучу салык | 24 548,0 | 13 624,0 |
|
|
11442 | Роялти | 1 025,0 | 1 095,0 | 1 140,0 |
|
14 | Салыктык эмес кирешелер | 31 778,6 | 31 778,6 | 31 778,6 |
|
14151200 | Жер казынасын пайдаланганы үчүн лицензияны кармоо үчүн төлөм | 155,0 | 155,0 | 155,0 |
|
14152100 | Калк конушундагы жердин ижарасы үчүн төлөм | 6 200,0 | 6 200,0 | 6 200,0 |
|
14153200 | Муниципалдык менчиктеги имараттардын, курулмалардын ижарасы үчүн төлөм | 2 100,0 | 2 100,0 | 2 100,0 |
|
14224200 | Таштанды чыгаруу үчүн жыйым | 490,0 | 490,0 | 490,0 |
|
14224300 | Автоунааларды токтоткондугу үчүн жыйым | 700,0 | 700,0 | 700,0 |
|
1423 | Төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр | 22 133,6 | 22 133,6 | 22 133,6 |
|
3 | Активдер жана милдеттенмелер | 1 000,0 | 1 000,0 | 1 000,0 |
|
314121 | Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу | 1 000,0 | 1 000,0 | 1 000,0 |
|
| |||||
| |||||
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы | С.А.Кабаева |
| |||
| |||||
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин |
| ||||
Чүй башкармалыгынын башчысы | С.И.Мусуралиев |
| |||
№2 тиркеме |
| ||||
Токмок шаардык кеңешинин | |||||
№ 193/27-4 токтомуна | |||||
25-января 2019-ж. | |||||
| |||||
| |||||
| |||||
Токмок шаарынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша |
| ||||
бөлүгү жана 2020-2021-жылдарга болжолу |
| ||||
(миӊ сом) |
| ||||
Бөлүм | Аталышы | 2019-ж. | Болжол |
| |
2020-ж. | 2021-ж. |
| |||
701 | Мам.кызматтар |
|
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 24149,6 | 26588,5 | 28161,9 |
|
| атайын каражаттар | 250,0 | 250,0 | 250,0 |
|
702 | Коргонуу |
|
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 2433,1 | 2312,6 | 2543,6 |
|
703 | Коомдук тартип |
|
|
|
|
| бюджеттик каражаттар |
|
|
|
|
| атайын каражаттар | 336,0 | 336,0 | 336,0 |
|
706 | Турак жана коммун.кызмат көрсөтүү |
|
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 100204,0 | 110754,2 | 121246,8 |
|
707 | Саламаттыкты сактоо |
|
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 1440,0 | 105,4 | 111,2 |
|
708 | Маданият |
|
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 18975,1 | 20664,1 | 21800,6 |
|
| атайын каражаттар | 1302,1 | 1302,1 | 1302,1 |
|
709 | Билим берүү |
|
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 55995,5 | 61595,0 | 65786,5 |
|
| атайын каражаттар | 20245,5 | 20245,5 | 20245,5 |
|
710 | Социалдык өнүгүү |
|
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 5530,7 | 5586,2 | 5893,4 |
|
| БАРДЫГЫ ЧЫГЫМДАР | 230861,6 | 249739,6 | 267677,6 |
|
| бюджеттик каражаттар | 208728,0 | 227606,0 | 245544,0 |
|
| атайын каражаттар | 22133,6 | 22133,6 | 22133,6 |
|
| |||||
| |||||
| |||||
| |||||
Токмок шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы | С.А.Кабаева |
| |||
| |||||
| |||||
КР ФМ Чүй башкармалыгынын башчысы | С.И.Мусуралиев |
| |||
№3 тиркеме |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
Токмок шаардык кеңешинин |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
№ 193/27-4 токтомуна |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
25-январы 2019-ж. |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||
Токмок шаарынын бюджетинин 2019-жылга карата киреше |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
бөлүгүн жана 2020-2021-жылдарга болжолу боюнча жөнгө салуу планы |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
(миӊ сом) |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
КИРЕШЕЛЕР | 2019-жыл | Болжол |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||
2020-жыл | 2021-жыл |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
жергиликтүү бюджетке жалпы кирешелер контингентинен | жергиликтүү бюджетке жалпы кирешелер контингентинен | жергиликтүү бюджетке жалпы кирешелер контингентинен |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||
% | сумма | % | сумма | % | сумма |
| |||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||||||
1. Жөнгө салынуучу кирешелер |
| 156226,0 |
| 175104,0 |
| 193042,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Салык агенттер төлөөчү, киреше салыгы | 70 | 89863,0 | 85 | 119595,0 | 100 | 151112,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык | 100 | 3300,0 | 100 | 3300,0 | 100 | 3300,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Милдеттүү түрдөгү патенттин негизиндеги салык | 100 | 3705,0 | 100 | 3705,0 | 100 | 3705,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 100 | 33630,0 | 100 | 33630,0 | 100 | 33630,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Сатыктан алынуучу салыгк | 50 | 24548,0 | 25 | 13624,0 |
|
|
| ||||||||||||||||||||||||||||
Роялти | 50 | 1025,0 | 50 | 1095,0 | 50 | 1140,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Жер казынасын пайдаланганы үчүн лицензияны кармоо үчүн төлөм | 100 | 155,0 | 100 | 155,0 | 100 | 155,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
2. Бекитилген кирешелер |
| 74635,6 |
| 74635,6 |
| 74635,6 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Жеке ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык | 100 | 203,0 | 100 | 203,0 | 100 | 203,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Жеке ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 2 топ | 100 | 10737,2 | 100 | 10737,2 | 100 | 10737,2 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Жеке ишкердик үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык, 3 топ | 100 | 201,0 | 100 | 201,0 | 100 | 201,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Унаа каражаттары үчүн салык | 100 | 13990,0 | 100 | 13990,0 | 100 | 13990,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Жеке жактардан алынган жер салыгы | 100 | 3380,0 | 100 | 3380,0 | 100 | 3380,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Юридикалык жактардан алынган жер салыгы | 100 | 13500,8 | 100 | 13500,8 | 100 | 13500,8 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Жер ижарасы үчүн төлөм | 100 | 6200,0 | 100 | 6200,0 | 100 | 6200,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Муниципалдык менчиктеги имараттардын, курулмалардын ижарасы үчүн төлөм | 100 | 2100,0 | 100 | 2100,0 | 100 | 2100,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Таштанды чыгаруу үчүн жыйым | 100 | 490,0 | 100 | 490,0 | 100 | 490,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Автоунааларды токтоткондугу үчүн жыйым | 100 | 700,0 | 100 | 700,0 | 100 | 700,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр | 100 | 22133,6 | 100 | 22133,6 | 100 | 22133,6 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу | 100 | 1000,0 | 100 | 1000,0 | 100 | 1000,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
Бардыгы кирешелер |
| 230861,6 |
| 249739,6 |
| 267677,6 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||||||
бюджеттик каражаттар |
| 208728,0 |
| 227606,0 |
| 245544,0 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
атайын каражаттар |
| 22133,6 |
| 22133,6 |
| 22133,6 |
| ||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | С.А.Кабаева |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин | |||||||||||||||||||||||||||||||||||
Чүй башкармалыгынын башчысы | С.И.Мусуралиев | ||||||||||||||||||||||||||||||||||