Редакцияот 04.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 4-апрели № 199/28-4

Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №183/26-4 «У.Есенбаевдин жеке менчигиндеги аянты 1134 ч.м. жер тилкесин Токмок шаарынын ММБнын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө

 

У.Есенбаевдин “Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №183/26-4 Токмок ш. ММБна акысыз өткөрүп берген аянты 1134 ч.м жер тилкесин ката көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу 1470 ч.м. кылып токтомго ѳзгѳртүү киргизүү жөнүндөгү өтүнүч катынын негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча жана өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык – турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясияларынын биргелешкен отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №183/26-4 «У.Есенбаевдин жеке менчигиндеги аянты 1134 ч.м. жер тилкесин Токмок шаарынын ММБнын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктагы -1134 ч.м. аянты 1470 ч.м. аянтына өзгөртүлсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык – турак жай кызматтары боюнча жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Солтобаев