Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 29-декабры № 183/26-4

У.Е.Есенбаевдин жеке менчигиндеги 1134 ч.м. жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жɵнүндɵ

 

(Токмок шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 199/28-4 токтомунун редакциясына ылайык)

Токмок ш.муниципалдык менчик башкармалыгынын «У.Е.Есенбаевдин «Токмок Жылуулук» муниципалдык ишканасынын чыгыш тарабындагы 1134 ч.м. жеке менчиктеги жер тилкесин муниципалдык менчикке акысыз ɵткɵрүп берүү маселесин кароо» жɵнүндɵгү катынынын негизинде, ɵнɵр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунун чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. У.Е.Есенбаевдин «Токмок Жылуулук» муниципалдык ишканасынын чыгыш тарабындагы жеке менчигиндеги 1470 ч.м. жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

(Токмок шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 199/28-4 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу, Токмок шаардык кеӊешинин ɵнɵр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктɵлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев