Редакцияот 24.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шопоков шаардык депутаттар Кеңешинин IX чакырылышынын XVI сессиясы 

 

2019-жылдын 24-январы № 90

«Шопоков шаар мэриясынын жана шаардык Кеңештин кызматкерлер үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164 жана 224 беренелерин ишке ашыруу үчүн у Кыргыз Республикасынын № 258 27.04.2015 жылдын “Зыяндуу же кооптуу шарттарда оор жумуштар үчүн уюштуру тартибин бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жана мэриянын жамааттык келишиминин негизинде, Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо санитардык көзөмөл Министрлигинин ченөө маалыматына ылайык, отуруп зыяндуу таасири үчүн административдик муниципалдык кызматтар шаардык мэриясынын кызматкерлеринин негизги эмгек акысына 20% кошумча акы төлөө өлчөмү бекитилсин.

2. Кызматкерлердин штаттык тизмесин өзгөртүүгө каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Сергеева С.В жүктөлсүн.

 

Шопоков шаардык Кеңешини төрагасы

Тилебек уулу Эмилбек