Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-апрели № 258
Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө
Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартибин регламенттештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164 жана 224-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык, Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобо;
- 2-тиркемеге ылайык, Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмеги (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар).
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор оор жумуштар жана зыяндуу же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-мартындагы № 178 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-мартындагы № 863 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 36-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө тиркелген жобосун бекитүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |