Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 77-8
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Петровка айыл өкмөтүнүн айыл башчысы жөнүндө типтүү Жобосу боюнча айыл өкмөттүн жоопту катчысы Валиева З.Т.-нын маалыматын угуп жана талкулап Петровка айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРДЫ:
1. Петровка айыл өкмөтүнүн айыл башчысы жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Астаров Д.Б. бекитилген Жобону кызматында колдонсун.
Төрага | Д. Маматкеримов |
2018-жылдын 26 декабрында
Петровка айыл аймагынын
Кеңешин №77-8
Токтому менен бекитилди
Айыл башчысы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Айыл башчысын дайындоонун жана бошотуунун тартиби
III. Айыл башчысынын иш милдеттери
IV. Айыл башчысынын укуктары
V. Айыл башчысынын жоопкерчилиги
I. Жалпы жоболор
1.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында өзүнчө бөлөк жайгашкан айылдарда жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен, кызматтык маянасы тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетектөөчү адисинин деңгээлиндеги айыл башчынын кызмат орду ачылат.
1.2. Айыл башчысы администрациялык муниципалдык кызматчы болуп саналат.
1.3. Айыл башчысынын жогорку же атайын орто билими, адамдар менен иштей билиши жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү болушу керек.
1.4. Айыл башчысы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, жергиликтүү коомдоштуктун уставын, айылдык кеңештин чечимдерин, ошондой эле айыл башчысы жөнүндө типтүү жобону (мындан ары - Жобо) жетекчиликке алат.
II. Айыл башчысын дайындоонун жана бошотуунун тартиби
2.1. Айыл башчысы тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан дайындалат.
2.2. Айыл башчысынын талапкерлиги айыл тургундарынын жыйынында айыл өкмөттүн башчысына сунушталат.
2.3. Жыйында добуш берүү ачык өткөрүлөт. Эгер сунушталган талапкер жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушун алса, ал айыл башчысы кызматына дайындоого макулдашылды деп эсептелет жана ал боюнча айыл өкмөттүн башчысы чечим кабыл алат.
2.4. Эгерде талапкер ушул Жобонун 2.3-пунктуна ылайык добуштардын керектүү санын ала албаса, айыл өкмөттүн башчысы тарабынан башка талапкер көрсөтүлөт.
III. Айыл башчысынын иш милдеттери
3.1. Айыл башчысы айылдын аймагынын чегинде:
- жергиликтүү маанидеги маселе катары аныкталган жумуштарды “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин алкагында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн мобилизациялоо менен аткарат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аныкталган тартипте өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну өз компетенциясынын чегинде уюштурат;
- жергиликтүү жамааттын ишин уюштурууга көмөк көрсөтөт, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө коомдук уюмдардын жана бирикмелердин иштерин координациялайт жана алар менен кызматташат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өткөрүп берилген ыйгарым укуктарын жана айрым тапшырмаларын аткарат;
- айылда жүргүзүлүп жаткан иштер, болуп жаткан кемчиликтер, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле айылдагы коомдук тартиптин абалы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине өз убагында билдирип турат.
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
- акы төлөнүүчү коомдук иштерди келишимдик негизде уюштурат;
- жергиликтүү кеңештин жана ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине ылайык жергиликтүү коомдоштуктун жашоо-тиричилигин камсыздоочу жаңы объекттерди курууну уюштурууга контролду жүргүзөт;
- муниципалдык менчикти камсыздандыруу боюнча мүлккө жана аны сактоочу башка ыкмаларга чараларды көрөт;
- калктуу конуштун аймагында турган ишканалардын жана уюмдардын калдыктар менен иштөө жагындагы иштерин контролдойт;
- калдыктар менен иштөө, аларды сактоонун жана кайра иштетүүнүн региондогу абалы тууралуу калкты маалымат менен камсыздайт;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттык сактоо органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен аныкталуучу жер-жерлердеги калдыктарды топтоо жана көмүүнү контролдойт;
- жарандарды китепканалык тейлөөдө алардын укуктарын ишке ашырууну камсыздайт;
- колдонуудагы (же курулуп жаткан) турак же башка имараттардын айрым жайларын технологиялык нормаларга ылайык мамлекеттик почта байланыш ишканаларына берүү боюнча сунуш киргизет;
- интенсивдүү жана мал жайыттарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуш киргизет жана алардын пайдаланылышына контролдук жүргүзөт;
- жайыттардын пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашырат;
- ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте калктуу конуштун аймагында карантиндик иш-чараларды жүргүзүүнү контролдоону уюштурат жана ишке ашырат;
- жерлерди сарамжалдуу, анын ичинде муниципалдык менчикте тургандарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда сунуштарды киргизет, ошондой эле жер талаш маселелерин чечүүгө катышат.
3.2. Жергиликтүү иштерди жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды оперативдүү башкарууну уюштуруу максатында жергиликтүү коомчулуктун тургундарынын жыйыны тарабынан айыл башчысы үчүн кошумча функциялык милдеттер аныкталышы мүмкүн.
IV. Айыл башчысынын укуктары
4.1. Айыл башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
- калктуу конуштун бюджетинин долбоору, социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы жана жумуш менен камсыздоо иштеринин, калктын миграциясынын планы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысына сунуштарды берүүгө;
- өзүн-өзү тейлөө, өзүн-өзү камсыздоо принциптеринде жергиликтүү багыттагы иштер боюнча калкка кызмат көрсөтүү жагынан бригадаларды, топторду жана башка бөлүмчөлөрдү түзүүгө;
- калктуу конуштун аймагында жайгашкан айыл өкмөтүнүн адистери, фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка чарбакер субъекттердин жетекчилери менен консультацияларды жана макулдашууларды жүргүзүүгө;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистери, чарбакер субъекттердин (фермердик, дыйкан жана башка чарбалардын) жетекчилери менен консультацияларды жана макулдашууларды жүргүзүүгө;
- иштерине байланыштуу талаш маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына, жогоруда турган уюмдарга, сотко кайрылууга;
- кесиптик бирликтерге мүчө болууга;
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен кесиптик деңгээлин жогорулатууга талапкер болууга;
- ээлеген кызматы боюнча анын укуктарын жана милдеттерин аныктоочу документтер менен таанышууга;
- муниципалдык жана мамлекеттик кызматтын бош орундарын ээлөөгө конкурстарга катышууга;
- анын кадыр-баркына залал келтирүүчү маалыматтарды төгүндөө үчүн кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнү талап кылууга;
- мыйзамдуулукка шек келтирилген учурларда жетекчинин жазуу жана оозеки буйругун тастыктоону талап кылууга;
- эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоону талап кылууга;
- эгерде тиешелүү айылдан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаса, тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына кеңешүүчү добуш укугу менен, ал эми шаардык кеңештин жыйналыштарына - тиешелүү айылга таандык маселелерди кароодо катышууга;
- тийиштүү айылдын чегинде жайгашкан жер участоктогу тууралуу маселе каралган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын алдындагы жер комиссиясынын жыйынына катышууга.
V. Айыл башчысынын жоопкерчилиги
5.1.Айыл башчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы айыл башчысынын өзүнө тапшырылган милдеттерди аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы, адептик ченемдерди сактабаганы, кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тартиптик жаза берүүгө укуктуу.
Айыл башчысын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен чыгарылат.
5.3. Айыл башчысы кызматтык тартип бузууларга жол берген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акчалай күтүүнү сактабастан, кызмат милдеттерин аткаруудан убактылуу (анын дисциплинардык жоопкерчилиги жөнүндө маселе чечилгенге чейин) четтетилиши мүмкүн.
5.4. Дисциплинардык жазаларды колдонуунун жана ага даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
5.5. Айыл башчысы жылына бир жолу айылдын жыйынында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө отчет берет.
5.6. Айылдык аймакдун кеңешинин чечими боюнча айыл башчысы айылдык кеңештин сессиясында учурдагы иштердин абалы жана башка маселелер боюнча билдирүү жасашы мүмкүн.
VI. Айыл башчысын шыктандыруу жана материалдык-техникалык камсыздоо
6.1. Айыл башчысын материалдык жана материалдык эмес шыктандыруу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
6.2. Айыл башчысынын ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Айыл башчысы иш бөлмө, коммуникациялык байланыш каражаттары (телефон, компьютер, интернет), эмерек, оргтехника, жабдуулар, кеңсе буюмдары жана иштин тиешелүү шарттарын түзүү үчүн башка каражаттар менен камсыздалат.
6.3. Айыл башчысында жарандарга жана юридикалык жактарга ким экендигин, үй-бүлөлүк жана мүлктүк абалын күбөлөндүрүүчү маалымкаттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка документтерди бергенин тастыктоочу мөөрү болот.”