Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 84-15
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин «Жер тилкесинин санын жана сапатын каттоо» жөнүндө 109-беренесинин 1-п., «Жер маселесин жөнгө салуу боюнча райондук мамлекеттик администрациянын компетентүүлүгү» 15-беренесинин 9-п.,Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн « Жерлерди бир категориядан бөлөк категорияга айлантуу жөнүндө жобону бекитүү» боюнча 2008-ж.22.01. № 19- Токтомунун , 2008-ж,08.12. «Жер бөлүп берүү боюнча кээ бир маселелер» жөнүндө № 312-Токтомунун жана Петровка айыл аймагынын мусулман, карачай жана проваслав көрүстөндөрдүн аянтын чоңойтуу жөнүндө тургундардын арыздарын угуп жана талкулап Петровка айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Төмөнкү контурлардагы жайыт жерлерди транформациядан өткөрүүгө Москва райондук мамлекеттик администрациясына сураныч жиберилсин:
- № 800- контурдагы 10834 кв.м. жери мусулмандык көрүстөнгө
-№ 596 -контурдагы 9481 кв.м. жери православдык көрүстөнгө
- № 469 -контурдагы 4723 кв.м. жери карачай көрүстөнгө
2. Токтомду аткарууга Петровка а/ө башчысы Астаров Д.Б.-ке жүктөлсүн.
Төрага | Д. Маматкеримов |