Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 22-январы № 19
Жерлерди бир категориядан башкасына
которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун
(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312, 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына которуу же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) компетенциясына кирген тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Жобонун талаптарын катуу карманышсын.
3.( КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |