Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 4
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин Кызыл-Ай айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Республикалык дем берүүчү (үлүштүк) грантка долбоор сунуштоо боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору приоритеттүү долбоор деп белгиленсин.
2. Демилгечи топтун чогулушу тарабынан шайланган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Долбоордогу көрсөтүлгөн 3498,822 (үч миллион төрт жүз токсон сегиз миң сегиз жүз жыйырма эки)миң сомдун 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражатын Сейдикум айыл өкмөтүнүн 2019-жылкы жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жагы Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |
Сейдикум айылдык Кеңешинин
2018-жылдын 23-октябрындагы
№ 4-токтомуна тиркеме
Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Маданият үйүн капиталдык ремонттоо долбоорун ишке ашырууда түзүлгөн жумушчу топтун курамы:
1. Э.Досов-жумушчу топтун төрагасы.
2. Р.Сатаров-жумушчу топтун мүчөсү.
3. С.Сатибеков-жумушчу топтун мүчөсү.
4. Т.Абдураимов-Жумушчу топтун мүчөсү.
5. Т.Эшалиев-Жумушчу топтун мүчөсү.
Жооптуу катчы: А.Атабекова