Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 5
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин Кызыл-Ай айылындагы № 9- Ж.Асанов орто мектебинин айланасын металдан тосмолоо жана 10 очколуу жаңы туалет куруу үчүн Республикалык дем берүүчү(үлүштүк) грантка долбоор сунуштоо боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы №9- Ж.Асанов орто мектебинин айланасын металдан тосмолоо жана 10 очколуу жаңы туалет куруу долбоору приоритеттүү долбоор деп белгиленсин.
2. Демилгечи топтун чогулушу тарабынан шайланган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Долбоордогу көрсөтүлгөн 2974,4(эки миллион тогуз жүз жетимиш төрт миң төрт жүз)миң сомдун 10%(пайызын),тактап айтканда 297,5(эки жүз токсон жети миң беш жүз) миң сом акча каражатын Сейдикум айыл өкмөтүнүн 2019-жылкы жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жагы Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |
Сейдикум айылдык Кеңешинин
2018-жылдын 23-октябрындагы
№ 5-токтомуна тиркеме
Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы” №9-Ж.Асанов орто мектебинин айланасын металдан тосмо жасоо жана мектепке 10 очколуу жаны туалет куруу” долбоорун ишке ашырууда түзүлгөн жумушчу топтун курамы:
1. Ж.Доолаталиев-жумушчу топтун төрагасы.
2. Т.Сайтова-жумушчу топтун мүчөсү.
3. Г.Токторбаева-жумушчу топтун мүчөсү.
4. З.Юсупжанов-Жумушчу топтун мүчөсү.
5. А.Маматсаева-Жумушчу топтун мүчөсү.
Жооптуу катчы: А.Атабекова