Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-июлу № 9
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ –чакырылышынын ХIV –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында алынган айыл чарба техникасы Жобосу жана белгиленген тарифтери бекитилсин.( Тиркеме тиркелет ).
2. Алынган тракторду (Беларус 80-Х) механизаторго алып беруу актысына ылайык жүргүзүү жана бекитилген жобо боюнча иштерди мыйзам чегинде жүргүзү Арал жайыт комитетинин төрагасы Ш.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Кадырбековко милдеттендирилсин
Төрага | Б. Мамадалиева |
«Бекитемин»
Арал айылдык кеңешинин төрагасы
___________________________
колу ФАА
№____ “____”________________
Беларус – 80 Х тракторун эксплуатациялоо жөнүндө
ЖОБО
Ушул жобо Беларус- 80 Х маркасындагы тракторду пайдалануу тууралуу жобо болуп эсептелет, (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
I. Жалпы жоболор
Айыл өкмөтү алынган техниканы АРИС, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге негиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат.
Беларус- 80 Х маркасындагы тракторду эксплуатациялоо жана пайдалануу тартиби (мындан ары атайын техника), Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги атайын техниканы, Жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна берилүүсү өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына ылайык механизатор менен түзүлгөн келишимге негиз жүргүзүлөт.
Атайын техниканы эксплуатациялоону пайдалануу боюнча укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөттүн белгилөө жайыт комитетинин жана айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгнө келишим негиз болот.
Атайын техника айыл аймагынын аймагында жана ага жакын турган айылдарда пайдаланылат жана төмөндөгү Жайытты башкаруу планында жана жылдык планда белгиленген жумуштарды жана комерциялык кызматтарды көрсөтөт.
Жайытты башкаруу планында белгиленген иш-чаралар:
Тоюттарды даярдоого байланышкан жумуштар;
Жогоруда белгиленген планда көрсөтүлгөн жана башка айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган иш-чараларды аткарууга колдонулат;
Комерциялык кызматтар буюртмачынын кайрылуусуна негиз аткарылуучу жумуш техника аткаруучу жумушка туура келсе көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө жайыт комитети тарабынан иштелип чыгылган жана айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифине негиз төлөнөт. (тиркеме №1).
Атайын техниканы эксплуатациялоодо жайыт комитети техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул жобону жетекчиликке алат.
Механизатор, мехинизаторды тандап алуу боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына негиз тандалып алынат. (Тиркеме №2).
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда жайыт комитетинин жана текшерүү комиссия мүчөлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусунда чечилет.
2. Тараптардын милдеттери:
Кыргыз Республкасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен атайын техниканы башкаруу жана тейлөө боюнча персоналдын сандык жана сапаттык курамын аныктайт;
атайын техниканын иштөө графигин иштеп чыгат жана ЖПБ мүчөлөрүнө жеткирет;
атайын техниканы пайдалануу менен аткарылган жумуштардын эсебин алат;
көрсөтүлгөн коммерциялык кызматтар үчүн алынган каражаттарга финансалык документерди берүүгө (чек/киреше ордердин квитанциясы ж.б.) жана алынган, жумшалган каражаттардын финансалык эсебин алууга;
айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган жумуштар боюнча финансалык отчетторду берүүгө;
техниканы кармоону ветеринардык, экологиялык жана санитардык нормаларды, техниканы башкаруучу персоналдын техникалык коопсуздугун сактоо менен кармоо;
эксплуатациялоо боюнча кабыл алынган чечимдердин жана түзүлгөн келишимдин талаптарын аткаруу;
тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБО корутунду сунуштарын аткарууга алуу;
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча мониторинг жана баалоо иш чараларын жүргүзүү үчүн талап кылынган документерди ЖӨАБО, донорлорго керектүү документерди берүү;
Даярдаган Арал ЖК
Төрагасы Торокулов. Ш
_____________________(подпись)М.О.
“___”___________2018 жыл
Тиркеме №1
Беларус- 80 Х маркасындагы тракторду коммерциялык максаттагы кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи
№ | Чыгымдар | Спец техника | |||||
ед. измерения | 1га кетчүү чыгым | 1 га жерге көрсөтүлгөн кызматтын баасы(сом) | Сумма сом | Эскертүү | |||
1 | Культивация, агат тартуу, ж.б жумуштар | га | 8-10 | 800 | 800 | Цена может дополнительно оговариваться в случае большого объема работ в сторону снижения | |
2 | майлоочу материал | кг | 0,01248 | 0,74 | 0,74 |
| |
Б. | механизатордун эмгек акысы | сом |
| 200 | 200 |
| |
Атайын техниканын жалпы чыгымы: |
|
| |||||
1. | Кызмат үчүн | сом |
| 1000,74 | 1000,74 |
| |
Баары |
|
|
|
| 1000,74 | ||
* чыгымдар 1 га жер аянтына карата эсептелди.
2. Атайын техниканы күтүү үчүн 1 жылга карата утурумдук оңдоолорго жумшалуучу чыгымдар
№ | Чыгымдар | Өлчөө бирдиги | Бирдик баасы | сумма | эскертүү |
1 | Салык | Согласно тарифу | 2500 | 2500 |
|
2 | Техникалык кароо |
| 3000 | 3000 |
|
3 | Майлоочу материалдар |
| 10000 | 10000 |
|
4 | Керектүү тетиктер |
| 30000 | 30000 |
|
5 | Күтүлбөгөн чыгымдар |
| 10000 | 10000 |
|
| Баардыгы |
|
| 55500 |
|
* бул чыгымдарды ЖК өзүнө алат жана бюджеттен каржылайт..
3. Беларус- 80 Х маркасындагы тракторду пайдалануу үчүн төлөнүүчү төлөм жана финансалык план
Беларус- 80 Х маркасындагы тракторду кирешеси
Өндүрүмдүүлүгү | 1 жылдаорточоаткарылуучужумуш | Баасы 1 га | Сумма |
Культивация жургузуу | 150 | 900,74 | 135111 |
Агат алуу | 150 | 900,74 | 135111 |
Ок арык тартуу (км) | 30 | 2000 | 60000 |
Жалпы |
|
| 330222 |
Беларус- 80 Х маркасындагы тракторду чыгымы
№ | Чыгымы | Өлчөө бирдиги | саны | Бирдик баасы | сумма | эскертүү | |
1 | Культивация, агат тартуу, ж.б жумуштарга куйучу май | литр | 2640 | 40 сом | 105600 |
| |
2 | Майлоочу майлар | кг | 18 | 60 | 1080 |
| |
3 | механизатордун айлык акысы | сом | 330 га | 100 | 33000 |
| |
4 | салыгы | Согласно тарифу |
| 2500 | 2500 |
| |
5 | Техникалык кароо |
|
| 3000 | 3000 |
| |
6 | Майлоочу майлар |
|
| 10000 | 10000 |
| |
7 | Керектүү тетиктер |
|
| 30000 | 30000 |
| |
8 | Күтүлбөгөн чыгымдар |
|
| 10000 | 10000 |
| |
| Баары |
|
|
| 195180 |
| |
Беларус-80 Х тракторун пайдалануудан келип түшкөн таза киреше ЖПБ жайытты башкаруу планындагы бюджетин киреше булагы болуп эсептелет.