Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-апрели № 3
1997 –жылдын 25- сентябрындагы кабыл алынган № 67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына негиз жана Арал айыл кеңешинин архитектура, транспорт, экология жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын чечин угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХVIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айылындагы аталышы жок көчөгө согуштун ардагери Кыргызбаев Эргештин ысымы ыйгарылсын.
2. Рассет айылындагы аталышы жок экинчи көчөгө эмгектин ардагери Субанкулов Мавлянкулдун ысымы ыйгарылсын
3. Чертек Таш айылындагы жаны чек, аталышы жок көчөгө эмгектин ардагери Шамшиев Турсуналинин ысымы ыйгарылсын.
4. Аталышы жок көчөлөргө жаңы аталыштар жазылган көрсөтмө белгилерди, үй номерлерин кою жана көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдорго шагал төшөө аты коюлган атуулдун уул кыздарына, бир туугундарына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө архитектура, транспорт,экология жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовко жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б. Мамадалиева |