КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2004-жылдын 21-ноябры ПЖ № 392
Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын театр-оюн-эоок мекемелеринин артисттерин социалдык жактан коргоону камсыз кылуу, мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана чыгармачыл ишине дем берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2005-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын театр оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмү 50 процентке көбөйтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык 2005-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Акаев |