Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 12
«Сары-Булак айыл аймагынын карамагындагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтуу оз алдынча башкаруу”, ”Бюджеттик Кодекси”, «Суу жөнүндө», «Таза суу жөнүндө» мыйзамынын жана КР Өкмөтүнүн 2010 жылдын 2 февралындагы № 59 токтомунун негизинде Күрмөнтү айылдагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана Балбай айылдагы ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жана бекитүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын карамагындагы ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» КР Өкмөтүнүн 2010 жылдын 2 февралындагы № 59 токтомуна ылайык суу түтүктөрүү жана суу топтогуч жайлары айыл өкмөтүнүн балансына акысыз өткөрүүлүп алынсын.
2. Жыл сайын ИСПКАБ «Күрмөнтү-Таза-Суу» жана ИСПКАБ «Балбай-Таза-Суу» суу түтүктөрүнүн абалын сактоо учун жергиликтүү бюджеттен каржылансын
3. Токтомду каттоо жагы Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрге ченемдик укуктук актыларга катталсын.
4. Бул токтом 2018-жылдын 20-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жүргүзүү Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүүун башчысы Таалайбек уулу Жоомартга жүктөлсүн.
Төрага | Шаймолдоева Р.Ш |