Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты №104
Жайыт комитетинин 2018-жылга отчету жана 2019-жылга иш планын,бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитети 2018-жылга түзүлгөн план бюджетинин аткарылышы боюнча жайыттар жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруу максатында иштерди жүргүзүп келүүдө. Жайыт пайдалануучулар жана эл арасында атайын жайыттын баа нарктары боюнча айыл өкмөт менен биргеликте чогулуштар ар бир айылдарда өткөрүлдү. Жайыт комитетинин 2018-жылы бюджетинин аткарылышы 708804(жети жүз сегиз миң сегиз жүз төрт) сом чогултуп, мындан жер салыкка 184,401миң сом, соц.фондко 34315 миң сом, айлык акыга 186044 миң сом чегерилген. Ал эми жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Кара-Көл жайлоосунун жолдорун оңдоого 15000 миң сом.Ак-Сай суусуна адам жана мал өтүүчү көпүрө курулуп 40700 миң сомдук материал алынып берилди.Каргыш каптажын оңдөө үчүн 19000 миң сомдук шланг жана материал алынып оңдолуп бүткөрүлдү.Чоң –Көлгө баруучу чер жана жолду оңдоого 25000 миң сом бөлүнүп бүткөрүлдү. «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору-2 алкагында эң негизги көйгөйлөргө таянып,малдын ден-соолугун коргоо тобу менен биргеликте жайыт комитетине бир боз үй,жарык берүүчү батарейкасы менен жалпы суммасы 62000 сомдук материал келген.
2019-жылга жайыт комитетинин бюджети 1018526(бир миллион он сегиз миң беш жүз жыйырма алты) сомго пландаштырылып,мунун ичинен жайыт салыгы үчүн 200000 миң сом,соц.фондко 42090 миң сом,жалпы эмгек акыга 244000 миң сомго чегерилди,Жогорудагыларды белгилеп , жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек жайыт комитетинин 2018-жылдагы жасаган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. 2019-жылдга жайыт комитетинин жылдык бюджети 1018526(бир миллион он сегиз миң беш жүз жыйырма алты) сом болуп бекитилсин.
3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу 2019-жылга аткарыла турган иш планы, жайыттарды башкаруу ,пайдалануудагы долбооруна ылайык ички эрежелери боюнча бекитилсин.(Ички эреже тиркелет)
4. Үч-Терек айыл аймагына тиешелүү Сандык-Кол жазгы,күзгү жайыттарынын чегин аныктоо айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевге,жайыт комитетинин башчысы Ж.Сатыбаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышыжайыт комитетинин башчысы Ж.Сатыбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |
2019-жылдын 15-мартындагы Үч-Терек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIVсессиясынын № 104 токтомуна 1-тиркеме
Мал жаюу эрежелери:
Кыргыз Республикасынын” Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучулар төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1.Мал жаюунун алдында Жайыт комитетинен жайыт билеттин алуу, малдын саны боюнча так маалымат берүүгө, жайыт сезону 1- апрелден башталсын.
Ортоңку жазгы жайыттарга баруу
Уч-Терек, Саргата айылдары үчүн 1-апрелден
Кызыл-Ураан айылы үчүн 15-апрелден
Жетиген айылы үчүн 25-апрелден ортоңку жайыттарга көчүрүлсүн.
Алыскы жайытка баруу мезгили 25-майдан 10-июнга чейин көчүп кетүү.
Жайлоодон көчүп келүү сезону 1-октябрь 2019 –жыл.
Жайытты башкаруу жана пайдалануу графигин бузган жайыт пайдалануучуларга:
Эгер эрте көчүп келсе,өз убагында көчпөсө 3000 сом айып пул салынсын жана 1 сутканын ичинде кайтып баруу жөнүндө билдирме берилсин . Эгерде мал айдоо аянттарына жайылып кетсе :
Бодо малга биринчи жолу 250 сом,
Экинчи жолу 500 сом
Майда малга биринчи жолу 50 сом
Экинчи жолу 100 сом ар бир баш үчүн айып пул салынсын.
Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз
РеспубликасынынМыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2019-жылга жайыт комитетинин аткарылуучу иштери:
к\№ | Аткарылуучу иштер | сумма |
1 | Упа-Булак жолдорун оңдоо түзөө 2 км.шагыл төшөө | 20000 |
2 | Шылдырак суусуна көпүрө куруу | 70000 |
3 | Ысырык булакка мал ичүүчү ноо куруу | 13600 |
4 | Ортокко баруучу жолду оңдоо эски сарайга чейин 8 км | 15000 |
5 | Үч-Терек айылына мал ичүүчү ноо куруу,Тешкен-Тоо тарап | 25000 |
6 | Тартуулук жолдорун адам күчү менен ондоо | 20000 |
7 | Дөөлө суусуна көпүрө куруу | 50000 |
|
|
|
Үч-Терек жайыт комитетинин төрагасы: Ж.Сатыбае