ТоктомКүчүндө

Талас шаардык кенешинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 161/26-7 «Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция04.12.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылыштагы кезексиз XXVI сессиясы

2018-жылдын 4-декабры № 161/26-7

“Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө”

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 сандуу токтому менен бекитилген Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосунун 2.1 бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 03.12.2018-жылдагы №01-1/1743 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 18.01.2018-жылдагы № 97/17-7 сандуу “Үлүштүк (дем берүүчү) долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө”токтому жокко чыгарылсын.

2.    Талас шаарынын “Үлүштүк дем берүүчү гранттарга жазылган долбоорлорду тандоо” комиссиясынын жаны курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.    Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багы” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

Төрага

М.Есенкулов