Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6- декабры № 35/4
“Муниципалдык жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияны бекитүү Жөнүндө”
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXV-сессиясы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын 04.12.2018-жылдагы №644 катын карап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү жобосуна” жана КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекече турак-жай курууга жер аянттарын бөлүп берүүгө карата комиссия түзүү жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн 24.10.2017-жылындагы №304-буйругу бекитилсин.
2. Бул комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү жобосун” жетекчиликке алуу менен иш алып барышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Балкыбеков |