ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-апрели № 4
Достук айыл аймагынын учурдагы чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014 жылдагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндөгү” № 114 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак- аш жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Достук айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо маселелерин угуп жана талкуулап, Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” № 114 токтомунун негизинде Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Достук айыл аймагынын жер фондусун игвентаризация иштеринин жыйынтыгы жактырылсын.
2. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Достук айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын
Төрага | Э. Мансиркулов |