Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы № 7-8-1
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2019-жылга карата түзүлгөн иш пландарын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ⅤⅠⅠⅠ-чакырылышынын ⅤⅠⅠ-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2019-жылга карата түзүлгөн иш пландары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2019-жылга карата түзүлгөн иш пландары №1, №2, №3, №4 -тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык Кеңештин аппарат жетекчисине (Мамасалиев А.Э.) жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына (Токтоназаров К.Ю., Базарбаев К.С., Малабеков Т.Э.) жүктөлсүн. Шаардык Кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарына ылайык иш алып барылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарына (П.Ч.Ырысбаевге) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |
Тиркеме № 1
“ Бекитилген”
Майлуу-Суу шардык кеңештин
2019-жылдын 3-майындагы
кезексиз сессиясынын
№7-8-1 Токтому менен
Шаардык кеңештин төрагасы
“____”__________Б.К.Барбиев
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШТИН 2019-ЖЫЛГА КАРАТА ИШ
ПЛАНЫ
№ | Иш чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптулар |
1. | Шаардык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын 2019-жылга иш пландарын кароо жана бекитүү жөнүндө | 1-2-квартал | Шаардык кеңештин жоопту катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
2. | Майлуу-Суу шаарынын 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө | 1-2-квартал | Мэрия, ШКБ жана бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясы |
3. | Майлуу-Суу шаарынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү 2020-2021-жылдарга божомолун түзүү жөнүндө
| 1-2-квартал | Мэрия, ШКБ жана бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясы |
4. | Майлуу-Суу шаарынын 2019-ж. көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча титулдук тизмесин бекитүү | 1-2-квартал | Мэрия өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы |
5. | 2018-2019-жылдарда күз-кыш мезгилдерге даярдыктардын негизинде кыштоонун аякташы жөнүндө | 1-2-квартал | Мэрия, Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия |
6. | Шаардын муниципалдык мекемелеринин тизмесин тактоо | 2-квартал | Мэрия, ММБ жана өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия |
7. | Мэрдин бир жыл ичинде шаардык социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу боюнча отчетун угуу жөнүндө | 2-квартал | Шаардык кеңеш |
8. | Майлуу-Суу шаарынын 2019-жылга жашылдандыруу жана көрктөндүрүү маселесин кароо, 2019-жылы жасалган жумуштарынын отчетун угуу | 2-квартал | Мэрия, тиешелүү мекеме уюмдар |
9. | 2019-жылдын биринчи жарым жылдык боюнча шаардык бюджеттин аткарылышын кароо маселеси жөнүндө | 3-квартал | Мэрия, ШКБ, Бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия |
10. | Майлуу-Суу шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы тарабынан аткарылган жумуштары жөнүндө | 2-3-квартал | МСКБ, бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия |
11. | 2018-жылда канча жаранга батир берилгенин жана канча муниципалдык батир калгандыгын аныктоо жөнүндө |
2-3-квартал | Мэрия,ММБ жана өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия |
12. | Шаардын тазалыгы,көрктөндүрүү,жашылдандыруу маселелери боюнча мэриянын жана шаардын аймагындагы мекеме иш каналардын көрктөндүрүү боюнча 3 айлыгынын жыйынтыгын жана жүргүзгөн иштерин кароо | 2-3-квартал | Мэрия, өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия |
13. | Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы мекемесинин 2018 жылы аткарган иштери боюнча отчетун угуу | 2-3-квартал | Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия
|
14. | Жаштар комитетинин иш чараларын коргоо жөнүндө иш алып баруу | 2-квартал | Мэрия, социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
15. | Аксакалдар кеңешинин, аксакалдар сотунун 2018-жылы жасаган жумуштарын угуу жөнүндө |
2-квартал | Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
16. | Шаардык мекеме иш каналардын имараттарында, пандус перила орнотуу боюнча жүргүзүлгөн иштерди кароо |
2 -квартал | Мэрия, Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
17. | 2019-жылдын 2-3-кварталдарынын шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жана аткаруу |
3-4-квартал | Мэрия,МСКБ,Бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия |
18. | Шаардагы коммуналдык мекеме ишканаларынын 2019-2020-ж.ж. күз- кыш мезгилдерине даярдыктарын кароо | 3-4-квартал
| Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия
|
19. | Шаарыбызда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш чараларды уюштуруу.Мектептерге баруу, окуучулар, студенттер менен иш алып барган инспекторлордун, диний кызматкерлердин маалыматтарын угуу |
3-квартал | Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
20. | Шаардык депутаттардын шайлоочулардын алдындагы отчету | 4-квартал | Шаардык кеңештин фракциялары |
21. | Арыз ,каттар боюнча иш алып баруу | 4-квартал | Шаардык кеңештин аппараты жана туруктуу комиссиялар |
22. | Депутаттардын наказдары жана алар тараптан коюлган маселелер боюнча чечим кабыл алуу |
4-квартал | Мэрия жана шаардык мекеме уюмдар |
23. | Ишкерлерди текшерүү боюнча МСКБ,СЭКБ ру менен бирдикте рейдтерди төмөнкү маселелер боюнча жүргүзүү: Нан бышыруу жана сатуу боюнча санитардык,гигиеналык нормалардын сакталышын камсыздоо;
Жалпы жеке ишкерлерди патент менен камсыздоо; Сатуу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдө; Сатылуучу товарлардын сертификаттарын көзөмөлдө; Спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берүү жагы тартипке ылайык аткарылышын контролдоо. |
4-квартал | Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия мэрия менен биргеликте, мэрия
|
24. | 2019-2020-окуу жылдарына, окуу жайларды жана мектептерди (китеп кана,муз.мектеп), шаардын саламаттыкты сактоо мекемелеринин күз кыш мезгилдерине даярдыктарын карап чыгуу |
4-квартал | Шаардык кеңештин депутаттары жана социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясы |
25. | Жер алууга арыз жазган шаар тургундарынын арыздары кандай тартипте жүрүп жаткандыгын кароо | Дайыма | Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана башка комиссияга мүчө болгон депутаттар
|
МСКБ-Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы;
ШКБ-Шаардык каржы башкармалыгы;
ММБ- Муниципалдык менчик башкармалыгы;
СЭКБ-Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси А.Э.Мамасалиев
Тиркеме 2
БЕКИТЕМИН
Майлуу-Суу шаардык кеңештин
2019-ж. 3-майындагы сессиясынын
№ 7-8-1 Токтому менен
Төрага:________Б.К.Барбиев
Бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2019 -жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү |
I | Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер |
|
1 | Туруктуу комиссиясынын 2019-жылга иш планын кароо жана бекитүү жөнүндө | 1-квартал |
2 | Майлуу-Суу шаарынын 2018-жылга чыгымдар бөлүгүн тактоо жана бекитүү жөнүндө | 1-квартал |
3 | Майлуу-Суу шаарынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү 2020-2021-жылдарга божомолун түзүү жөнүндө
| 1-квартал |
4 | Майлу-Суу шаарынын 2019-жылга көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө | 2-квартал |
5 | 2019-жылдын 1-кварталы боюнча шаардык бюджеттин аткарылышын кароо маселеси жөнүндө | 2-квартал |
6 | Майлуу-Суу шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын иши жөнүндө | 2-квартал |
7 | Мэрдин бир жыл ичинде шаардык социалдык-экономикалык өнүгүү планын өткөрүү боюнча отчетун угуу |
2-квартал |
8 | 2019-жылдын 2-кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жана аткаруу |
3-квартал |
9
| 2019-жылдын 3-кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жана аткаруу |
3-квартал |
10
| Депутаттардын өздөрүнүн шайлоочуларынын алдындагы отчеттору |
Дайыма |
11
| Арыздар жана каттар менен иш алып баруу жөнүндө | Дайыма |
12
| Депутаттардын наказдары жана алар тараптан койгон маселелер боюнча чечим кабыл алуу жөнүндө |
Дайыма |
13
| Ишмерлерди текшерүү боюнча ГНС,СЭСтер менен бирдикте рейдтерди төмөнкү маселелер боюнча аткаруу: -Нан бышыруу жана сатуу боюнча санитардык,гигиеналык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө; -Потенттердт жалпы баардык жеке ишкерлердин камсыз болушун көзөмөлдөө; - Сатуу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдөө; - Сатылуучу товарлардын сертификаттарынын бардыгын көзөмөлдөө; - Спирттик ичимдиктерди сатууга уруксат берүү жагы тартипке ылайык аткарылышын көзөмөлдөө; - Касса аппаратын туура колдонуу маселелерин көзөмөлдөө. |
Дайыма |
Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуубоюнча туруктуу комиссиянын төрагасы: К.Ю.Токтоназаров
Тиркеме 3
БЕКИТЕМИН
Майлуу-Суу шаардык кеңештин
2019-ж. 3-майындагы сессиясынын
№ 7-8-1 Токтому менен
Төрага:________ Б.К.Барбиев
Өнөр-жай,транспорот,коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода -сатык боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү |
I | Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер |
|
1 | Туруктуу комиссиянын 2019-жылдын иш планын кароо жана бекитүү жөнүндө. | 1-квартал |
2 | Майлуу-Суу шаарынын 2018-жылдын чыгымдар бөлгүн тактоо жөнүндө
| 1-квартал |
3 | Майлуу-Суу шаарынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
| 1-квартал |
4 | Майлуу-Суу шаарынын 2019-ж. көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин боюнча титулдук тизмесин бекитүү | 1-квартал |
5 | 2018-2019-ж.күзгү-кышкы дарактардын негизинде кыштоонун жүрүшү жөнүндө | 1-квартал |
6 | Шаардын муниципалдык мекемелеринин тизмесин тактоо | 1-квартал |
7 | 2018-жылда канча кишиге батир берилгенин жана канча муниципалдык батир калгандыгын аныктоо жөнүндө |
2-квартал |
8 | Жер алууга арыз жазган шаар тургундарынын арыздары кандай тартипте жүрүп жаткандыгын кароо | ар дайым |
9
| Майлуу-Суу муниципалдык менчик боюнча башкармалыгынын аткарган иши боюнча отчетун угуу | 2-квартал |
10
| Шаардын тазалыгы,көрктөндүрүү,жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме иш каналардын жүргүзгөн иштери жөнүндө кароо | 2-3-квартал |
11
| 2019-жылдын 1-кварталынын шаардык бюджетин аткарылышын кароо маселеси | 2-квартал |
12
| Майлуу-Суу шаардык “Бедре-Сай”, “Кашка-Терек” аймактык коомдук өз алдынча башкаруу бөлүктөрүнүн аткарган иштери жөнүндө |
2-квартал |
13
| Шаарды жашылдандыруу жана жакшыртуу боюнча 3 айлыгынын жүрүшүн жыйынтыгын кароо | 2-квартал |
14 | Мэрдин бир жыл ичинде шаардык социалдык-экономикалык өнүгүү планын өткөрүү боюнча отчетун угуу | 3-квартал |
15 | 2019-жылдын 2-кварталынын шаардын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткаруу жана тактоо | 3-квартал
|
16 | 2019-2020-ж.ж. коммуналдык мекемелерди кышка даярдоо маселеси | 3-4-квартал
|
17 | Шаардын аймагында кышка карата аткарылып жаткан иштердин жүрүшү жөнүндө | 4-квартал |
18 | 2019-жылдын 3-кварталынын шаардын бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткарылышын кароо жөнүндө | 4-квартал |
19 | Депутаттардын өзүлөрүнүн шайлоочуларынын алдындагы отчету | 4-квартал |
20 | Арыз ,каттар боюнча иш алып баруу жөнүндө | 4-квартал |
21 | Депутаттардын наказдары жана алар тараптан койгон маселелер боюнча чечим кабыл алуу |
4-квартал |
22 | Ишмерлерди текшерүү боюнча Салык башкармалыгы,СЭСтер менен бирдикте рейдтерди төмөнкү маселелер боюнча аткаруу: Нан бышыруу жана сатуу боюнча санитардык,гигиеналык нормалардын сакталышын камсыздоо; Патенттерди жалпы,жеке ишкерлердин камсыз болушун камсыздоо; Сатуу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдө; Сатылуучу товарлардын сертификаттарынын бардыгын көзөмөлдө; Спирт ичимдиктерин сатуугу уруксат берүү жагы тартипке ылайык аткарылышын көзөмөлдө. |
4-квартал |
Өнөр-жай, транспорот, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода -сатык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Т.Э.Малабеков
Тиркеме 4
БЕКИТЕМИН
Майлуу-Суу шаардык кеңештин
2019-ж. 3-майындагы сессиясынын
№ 7-8-1 Токтому менен
Төрага:______ Б.К.Барбиев
Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана-чөйрөнү коргоо,
диний иштери,регламент жана этика боюнча комиссиясынын 2019-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү |
I | Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер |
|
1 | Майлуу-Суу шаарынын 2019-жылга чыгымдар бөлүгүн тактоо жөнүндө | 1-квартал |
2 | 2019-жылга шаардык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарын тактоо,кароо жана бекитүү жөнүндө | 1-квартал |
3 | Майлуу-Суу шаарынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
| 1-квартал |
4 | Мэрдин бир жыл ичинде шаардык социалдык-экономикалык өнүгүү планын өткөрүү боюнча отчетун угуу жөнүндө | 1-квартал |
5 | Майлуу-Суу шаарынын 2019-ж.шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү маселесин кароо 2019-жылдын жасалган жумуштарынын отчетун угуу | 1-квартал |
6 | Жаштар комитетинин иш чараларын коргоо жөнүндө | 2-квартал |
7 | Аксакалдар кеңешининтөрагасы жана ошондой эле сотунун 2019-жылга чейин жасаган жумуштарын кароо жөнүндө |
2-квартал |
8 | Шарыбыздын мекеме иш каналарына пандус перила орнотуу боюнча |
2 -квартал |
9
| Шаардын тазалыгы жана көрктөндүрүү маселелери боюнча шаардын аймагындыгы мекеме иш каналардын жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө жана сай боюнда таштанды (мусор)төгүлгөн жерди ашар жолу менен тазалоо тууралуу
|
2-квартал |
10
| Айыл Өкмөттөрүнүн Сары-Бээ,Көк-Таш иш чараларын кароо |
2-квартал |
11
| 2019-ж.2-кварталынын шаардын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн тактоо жана аткаруу | 3-квартал |
12
| Шаарыбыздын коопсуздук боюнча иш чараларды уюштуруу.Мектептерге баруу.Окуучулар,окуу жайдын студенттери менен иштеген инспекторлордун,диний кызматкерлердин диний иштери боюнча участкалык кызматкерлердин жасаган иштерин угуу |
3-квартал |
13 | Арыз жана каттар менен иш алап баруу |
дайыма |
14 | Депутаттардын талаптары боюнча чечим кабыл алуу | дайыма |
15 | Салык , абоненттер менен иш алып баруу
| дайыма
|
16 | Сатуу жерлердин санитардык абалын көзмөлдөө жөнүндө |
дайыма |
17 | Сатылуучу товарлардын сертификатынын бардыгын текшерүү жөнүндө |
дайыма |
18 | Дүкөндөрдүн иштөө убактысын кароо жөнүндө |
дайыма |
19 | 2019-2020-окуу жылдарына окуу жайларды жана мектептерди (китеп кана,муз.мектеп), шаардын саламатты сактоо мекемелеринин ишин кароо жана кышка даярдыктарын текшерүү жөнүндө (ОЗП) |
4-квартал |
Социалдык тармак,саламаттыкты
сактоо,билим берүү,айлана-чөйрөнү
коргоо,диний иштери,регламент
жана этика боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы: К.С.Базарбаев