Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 107
Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы жер жана турак жай комиссиянын 2019-жылдын 19-февралындагы өткөрүлгөн конкурсуна ылайык жана Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын карап, талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 19-февралындагы өткөргөн конкурсуна ылайык женүүчү деп табылган «Кереметтүү Кадамжай» коомуна баштапкы баланстык баасы 2.087 млн сом ошондой эле Маматов Шакиржандин демилгеси менен элдин салымы болгон 13.563 млн сом менен болгон биргеликте 15,650 млн сомдук(кыймылсыз мүлктөрдү баалоо боюнча консультациялык агенттигинин 2018-жылдын 3-декабрындагы № 34|18 катына негиз) имарат жана ага тиешелүү болгон 1.84 га жер аянты социалдык комплекс ( профилдештирилген окуу жайы, ислам борбору, медициналык диагностикалык борбор, мейманкана, балдар бакчасы, спорт комплекси) куруу үчүн Кыргыз Республикасынын «мүлк муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 15-беренесине, КР нын «Жер кодексинин» 7-беренесине ылайык 24 жылга ижарага берилсин.
2. Шаардык мэриянын алдындагы муницпалдык менчик департаменти менен «Кереметтүү Кадамжай» коому ортосунда түзүлгөн келишимдин долбоору жактырылсын (1, 2, 3-долбоорлор тиркелет).
3. Токтомдун мыйзамдуу аткарылуусун камсыз кылуу шаардын мэри Б. Бегалиевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин жер, курулуш жана транспорт туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |
Долбоор
Кадамжай шаарынын Чал Таш айылындагы курулушу бүтпөй турган имаратты жана ага тиешелүү болгон 1,24 га жер аянтты убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча
КЕЛИШИМ
Кадамжай шаары №__________ __________ 2019-жыл
Биз, төмөндө кол коюучулар, Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору: Искендеров Бактыбек Токтобаевич (мындан ары «ИЖАРАГА БЕР//Ч/» деп аталат). «Кереметтүү Кадамжай» коомдук фонду уставдын негизинде аракеттенген президенти Абдипаизов Узакбай Мейрачович (паспорт №ID 0585532 МКК 211011) Кадамжай шаарынын Чал Таш айылындагы 1,24 га жер аянттагы курулушу бүтпөй турган имаратты толугу менен бүткөрүп, Ислам университетин (Орозбеков айыл округунун 06.07.2012-жылдагы №225-а токтому) жана жогорку профилдештирилген кесиптик-техникалык окуу жай ачуу үчүн __________ жылдык мөөнөткө ижара шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтому менен бекитилген типтүү Жобонун жана 2019-жылдын 19-февралындагы комиссиянын протоколунун негизинде убактылуу пайдаланууга алган тарап болуп (мындан ары «ИЖАРАЧЫ» деп аталат) төмөндөгүдөй келишим түздүк:
1.
2. Келишимдин мааниси жана шарттары
1.1. “Ижарага берүүчү” 2019-жылдын 19-февралындагы Кадамжай шаардык мэриясынын 12.10.2018-жылдагы №241-буйругунун негизинде түзүлгөн туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 19-февралындагы Чал Таш айылындагы муниципалдык менчите турган 1,24 га. жер аянттагы курулушу бутпөй турган имаратты жана 0,30 га дан турган 2 даана жер тилкесин ижарага берүү үчүн өткөрүлгөн конкурстун протоколунун, Кадамжай шаардык Кеңешинин ______ токтомунун Кадамжай шаардык мэриясынын ______ токтомунун негизинде акы төлөтүү менен жер тилкесин жана имаратты баштапкы жыйырма төрт жылдык мөөнөткө ижарага берет, ал эми “Ижарачы” жер тилкесин жана имаратты 2019-жылынан баштапкы _____жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга алат жана 1,24 га жер тилкесиндеги имаратты 7 (жети) жылда толугу менен бүткөрүп Ислам университетин жана жогорку профилдештирилген кесиптик-техникалык окуу жай ачат, ошондой эле айланасындагы жер аянттарды көртктөндүрүп багытын өзгөртпөстөн пайдаланат.
1.2. Келишимде көрсөтүлгөн имарат курулуш нормаларын так аткаруу менен толук жана заманбап болуп бүткөрүлөт жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин гана жүргүзөт.
1.3. Келишимдин тиркемеси болгон “жумуштарды аткаруу графиги” келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
1.4. Имаратка автотранспорттун эркин кириши камсыз болунат.
1.5. Имаратка жана жер тилкесине мындан башка мыйзамда каралган шарттар жана талаптар болушу мүмкүн.
2. Жер тилкесинин ижара акы баасы, акы төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби
2.1.Келишим боюнча комиссиянын чечимине ылайык имарат толугу менен ишке киргенге чейин ижара акысы жылына 5000 (беш миң ) сомду түзөт.
2.2. Имарат толугу менен бүткөндөн кийин ижара акысы эки тараптын макулдашуусу менен кайрадан каралат.
2.3 Ижара акысы ИЖАРАЧЫ тарабынан жылдын аягына чейин төлөнөт.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. «Ижарага берүүчүнүн» укуктары жана милдеттери:
3.1.1.«Келишимдин» шарттарын толук аткарууну «Ижарачыдан» талап кылууга укуктуу.
3.1.2. «Ижарачы» ушул келишимге кол койгон күндөн тартып, келишимде белгиленген мөөнөттө курулуш иштерин бүткөрбөсө келишимди эки тарап кайрадан карап, келишилген мөөнөткө узартуу же жокко чыгаруу жагын карайт.
3.1.3. «Ижарачы» жер тилкени жана имаратты кабыл алуудан баш тартса, анда ижарага берүүчү келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу.
3.1.4. «Ижарага берүүчү» жер тилкесин жана имаратты белгиленген тартипте бүгүнкү күндөгү баланстык баасы менен өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3.1.5. «Ижарага берүүчү» жер тилкесин жана имараттын ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин эки тараптын макулдашуусу менен ижара мөөнөтүн кайрадан узартууга укуктуу.
3.1.6. Келишимдин 2-бөлүгүндө шартталган өлчөмдө жана мөөнөттө кардардан жер тилкенин акысын кабыл алууга жана имараттын өз багытында пайдалануусун көзөмөлгө алат.
3.1.7. «Ижарачыга» берилген имарат жана жер тилкеси- мамлекеттин, коомчулукттун, Кадамжай шаардык мэриясынын керектөөсүнө зарыл болгон учурда келишимди мөөнөтүнөн мурда эки тараптын макулдашуулары менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына негиз бузууга укуктуу.
3.2. «Ижарачынын» укуктары жана милдеттери:
3.2.1. «Ижарачы» жер тилкесин белгиленген тарипте алууга;
3.2.2. «Ижарага берүүчүнүн» күнөөсү боюнча келишим бузулган учурда, жогорудагы имаратты ремонттоого жана калыбына келтирүүгө кетирилген чыгымдарды эсептешүү жолу менен кайтарып алууга укуктуу.
3.2.3. Келишимдин 2-бөлүгүндө каралгандай жер тилкеси үчүн акыны көрсөтүлгөн мөөнөтө жана толук өлчөмүндө төлөөгө милдеттүү;
3.2.4. Имаратты Ислам университети жана жогорку профилдештирилген кесиптик-техникалык окуу жай катары пайдаланбай жана келишимдеги шарттар аткарылбаган учурда же имаратты жана жер тилкени пайдалануудан баш тарткан учурда келишим «Ижарага берүүчү» тарабынан бир тараптуу жокко чыгарылат жана «Ижарачы» имаратты жана жер тилкесин толугу менен Кадамжай шаардык мэриясына өткөрүп берүүгө милдеттүү ошондой эле «Ижарачы» тарабынан кеткен чыгымдар кайтарылбайт.
3.2.5. Келишимдин 1.2, 1.3. жана 1.4-пункттарда көрсөтүлгөн шарттарды катуу сактоого милдеттүү;
3.2.6. Имаратты жана жер тилкесин максаттуу пайдаланууга милдеттүү, эгерде максаттуу пайдаланбаса бул келишим өз күчүн жоготот.
3.2.7. Экологиялык, санитардык, өрткө каршы жана башка иш чараларды жүргүзүп турууга жана жер тилкесинин аймагын тазалап, көрктөндүрүп турууга милдеттүү;
3.2.8. Ижара акысын өз убагында төлөп турууга милдеттүү;
3.2.9. «Ижарага берүүчүгө» келишимдин шарттарынын аткарылышы жөнүндө зарыл материалдарды, маалыматтарды жана башка документтерди берүүгө милдеттүү;
3.2.10. Мамлекеттик төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча төлөмдөрдү жана салыктарды өз убагында төлөөгө милдеттүү жана жөөпкерчиликтүү.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. «Ижарачы» имаратты бүткөрүү учурунда имараттын жана жер тилкесинин абалын начарлатып, өз билемдик менен иш алып барууга укугу жок.
4.2. Тараптарга тиешелүү эмес себептердин натыйжасында (табийгый жана башка кырсыктардан улам) келишимдин шарттары аткарылбай калганда, «Ижарага берүүчү» жана «Ижарачы» Кадамжай шаардык Кеңеши менен биргеликте сүйлөшүү жолу аркылуу чечишет.
4.3. Тараптардын ушул келишим тарабынан каралбаган жоопкерчилиги жана укуктары, милдеттери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аныкталат.
4.4. Жер тилкесинин атайлап начарлашы же кокустан бузулушу үчүн «ижарачыга» пайдалануу укугу өткөн учурдан тартып жооп берет.
5. Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана аны бузуу
5.1. Келишимдин шарттарын өзгөртүү же толуктоолорду киргизүү тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт.
6. Келишимдин мөөнөту
6.1. Келишим эки тараптын кол койгон күнүнөн баштап күчүнө кирет.
6.2. Келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин 10 күндүн ичинде эки тараптан келишимди бузуу жөнүндөгү кайрылуу келип түшпөсө келишим: ушул эле шарттар жана милдеттемелер менен ушул эле мөөнөткө узартылат. Бирок Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 7- беренесинин 2-пунктунда көргөзүлгөн мөөнөттөн ашпоого тийиш.
6.3. Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайрадан конкурс өткөрүүдө артыкчылык алдыңкы мөөнөттө иштеткен тарапка берилет.
7. Жыйынтыктоочу бөлүм
7.1. Келишим үч нускада түзүлдү, бардыгы бирдей юридикалык күчкө ээ жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- бир нускасы Кадамжай шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине,
- бир нускасы «Ижарачыда» сакталат.
- бир нускасы Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына.
«Ижарачы» Ф.А.А.____________________________ __________________________________ __________________________________ дареги:___________________________ __________________________________ __________________________________ паспорт №________________ берилген_ ______________________ «____»____________________________ |
«Ижарага берүүчү» Кадамжай шаардык мэриясынын Алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директроу: Б.Т.Искендеров
__________________(колу) МО |
|
|
КЕЛИШИМ
Кадамжай шаары №__________ __________ 2019-жыл
Биз, төмөндө кол коюучулар, Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору: Искендеров Бактыбек Токтобаевич (мындан ары «ИЖАРАГА БЕР//Ч/» деп аталат). «Кереметтүү Кадамжай» коомдук фонду уставдын негизинде аракеттенген президенти Абдипаизов Узакбай Мейрачович (паспорт №ID 0585532 МКК 211011) Кадамжай шаарынын Чал Таш айылындагы 0,30 га жер аянтка балдар бакчасын куруу үчүн _____________ жылдык мөөнөткө ижара шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтому менен бекитилген типтүү Жобонун жана 2019-жылдын 19-февралындагы комиссиянын протоколунун негизинде убактылуу пайдаланууга алган тарап болуп (мындан ары «ИЖАРАЧЫ» деп аталат) төмөндөгүдөй келишим түздүк:
1. Келишимдин мааниси
1.1. “Ижарага берүүчү” 2019-жылдын 19-февралындагы Кадамжай шаардык мэриясынын 12.10.2018-жылдагы №241-буйругунун негизинде түзүлгөн туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 19-февралындагы Чал Таш айылындагы муниципалдык менчите турган 1,24 га. жер аянттагы курулушу бутпөй турган имаратты жана 0,30 га дан турган 2 даана жер тилкесин ижарага берүү үчүн өткөрүлгөн конкурстун протоколунун Кадамжай шаардык Кеңешинин ______ токтомунун, Кадамжай шаардык мэриясынын ______токтомунун негизинде 2-лот боюнча акы төлөтүү менен 0,30 га жер тилкесин баштапкы 24 (жыйырма төрт) жылдык мөөнөткө ижарага берет, ал эми “Ижарачы” 0,30 га жер тилкесине заманбап балдар бакчасын куруу үчүн баштапкы __________ жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга алат жана 7 (жети) жылда толугу менен бүткөрүп балдар бакчасын курат , ошондой эле айланасындагы жер аянттарды көртктөндүрүп багытын өзгөртпөстөн пайдаланат.
1.2. Келишимде көрсөтүлгөн курулуучу имарат курулуш нормаларын так аткаруу менен толук жана заманбап болуп бүткөрүлөт жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин гана жүргүзөт.
1.3. Келишимдин тиркемеси болгон “жумуштарды аткаруу графиги” келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
1.4. Курулуучу имаратка автотранспорттун эркин кириши камсыз болунат.
1.5. Имаратка жана жер тилкесине мындан башка мыйзамда каралган шарттар жана талаптар болушу мүмкүн.
2. Жер тилкесинин ижара акы баасы, акы төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби
2.1.Келишим боюнча комиссиянын чечимине ылайык имарат толугу менен ишке киргенге чейин ижара акысы жылына 1000 (бир миң ) сомду түзөт.
2.2. Жер аянтка курулуучу имарат толугу менен бүткөндөн кийин ижара акысы эки тараптын макулдашуусу менен кайрадан каралат.
2.3 Ижара акысы ИЖАРАЧЫ тарабынан жылдын аягына чейин төлөнөт.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. «Ижарага берүүчүнүн» укуктары жана милдеттери:
3.1.1.«Келишимдин» шарттарын толук аткарууну «Ижарачыдан» талап кылууга укуктуу.
3.1.2. «Ижарачы» ушул келишимге кол койгон күндөн тартып, келишимде белгиленген мөөнөттө курулуш иштерин бүткөрбөсө келишимди эки тарап кайрадан карап, келишилген мөөнөткө узартуу же жокко чыгаруу жагын карайт.
3.1.3. «Ижарачы» жер тилкени кабыл алуудан баш тартса, анда «ижарага берүүчү» келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу.
3.1.4. «Ижарага берүүчү» жер тилкесин белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3.1.5. «Ижарага берүүчү» жер тилкесинин ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин эки тараптын макулдашуусу менен ижара мөөнөтүн кайрадан узартууга укуктуу.
3.1.6. Келишимдин 2-бөлүгүндө шартталган өлчөмдө жана мөөнөттө кардардан жер тилкенин акысын кабыл алууга жана имараттын өз багытында пайдалануусун көзөмөлгө алат.
3.1.7. «Ижарачыга» берилген жер тилкеси- мамлекеттин, коомчулукттун, Кадамжай шаардык мэриясынын керектөөсүнө зарыл болгон учурда келишимди мөөнөтүнөн мурда эки тараптын макулдашууларынын негизинде бузууга укуктуу.
3.2. «Ижарачынын» укуктары жана милдеттери:
3.2.1. «Ижарачы» жер тилкесин белгиленген тарипте алууга;
3.2.2. «Ижарага берүүчүнүн» күнөөсү боюнча келишим бузулган учурда, жогорудагы имаратты курууга жана жерди калыбына келтирүүгө кетирилген чыгымдарды эсептешүү жолу менен кайтарып алууга укуктуу.
3.2.3. Келишимдин 2-бөлүгүндө каралгандай жер тилкеси үчүн акыны көрсөтүлгөн мөөнөтө жана толук өлчөмүндө төлөөгө милдеттүү;
3.2.4. Жер аянтты Балдар бакчасы катары пайдаланбай жана келишимдеги шарттар аткарылбаган учурда же жер тилкени пайдалануудан баш тарткан учурда келишим «Ижарага берүүчү» тарабынан бир тараптуу жокко чыгарылат жана «Ижарачы» имаратты жана жер тилкесин толугу менен Кадамжай шаардык мэриясына өткөрүп берүүгө милдеттүү ошондой эле «Ижарачы» тарабынан кеткен чыгымдар кайтарылбайт.
3.2.5. Келишимдин 1.2, 1.3. жана 1.4-пункттарда көрсөтүлгөн шарттарды катуу сактоого милдеттүү;
3.2.6. Жер тилкесин максаттуу пайдаланууга милдеттүү, эгерде максаттуу пайдаланбаса бул келишим өз күчүн жоготот.
3.2.7. Экологиялык, санитардык, өрткө каршы жана башка иш чараларды жүргүзүп турууга жана жер тилкесинин аймагын тазалап, көрктөндүрүп турууга милдеттүү;
3.2.8. Ижара акысын өз убагында төлөп турууга милдеттүү;
3.2.9. «Ижарага берүүчүгө» келишимдин шарттарынын аткарылышы жөнүндө зарыл материалдарды, маалыматтарды жана башка документтерди берүүгө милдеттүү;
3.2.10. Мамлекеттик төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө милдеттүү жана жөөпкерчиликтүү.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. «Ижарачы» имаратты бүткөрүү учурунда имараттын жана жер тилкесинин абалын начарлатып, өз билемдик менен иш алып барууга укугу жок.
4.2. Тараптарга тиешелүү эмес себептердин натыйжасында (табийгый жана башка кырсыктардан улам) келишимдин шарттары аткарылбай калганда, «Ижарага берүүчү» жана «Ижарачы» Кадамжай шаардык Кеңеши менен биргеликте сүйлөшүү жолу аркылуу чечишет.
4.3. Тараптардын ушул келишим тарабынан каралбаган жоопкерчилиги жана укуктары, милдеттери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мызамдарынын негизинде аныкталат.
4.4. Жер тилкесинин атайлап начарлашы же кокустан бузулушу үчүн «ижарачыга» пайдалануу укугу өткөн учурдан тартып жооп берет.
5. Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана аны бузуу
5.1. Келишимдин шарттарын өзгөртүү же толуктоолорду киргизүү тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт.
6. Келишимдин мөөнөту
6.1. Келишим эки тараптын кол койгон күнүнөн баштап күчүнө кирет.
6.2. Келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин 10 күндүн ичинде эки тараптан келишимди бузуу жөнүндөгү кайрылуу келип түшпөсө келишим: ушул эле шарттар жана милдеттемелер менен ушул эле мөөнөткө узартылат. Бирок Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 7- беренесинин 2-пунктунда көргөзүлгөн мөөнөттөн ашпоого тийиш.
6.3. Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайрадан конкурс өткөрүүдө артыкчылык алдыңкы мөөнөттө иштеткен тарапка берилет.
7. Жыйынтыктоочу бөлүм
7.1. Келишим үч нускада түзүлдү, бардыгы бирдей юридикалык күчкө ээ жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- бир нускасы Кадамжай шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине,
- бир нускасы «Ижарачыда» сакталат.
- бир нускасы Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына.
«Ижарачы» Ф.А.А.____________________________ __________________________________ __________________________________ дареги:___________________________ __________________________________ __________________________________ паспорт №________________ берилген_ ______________________ «____»____________________________ |
«Ижарага берүүчү» Кадамжай шаардык мэриясынын Алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директроу: Б.Т.Искендеров
__________________(колу) МО |
|
колу ______________
|
Кадамжай шаарынын Чал Таш айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,30 га. жер аянтты убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча
КЕЛИШИМ
Кадамжай шаары №__________ __________ 2019-жыл
Биз, төмөндө кол коюучулар, Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору: Искендеров Бактыбек Токтобаевич (мындан ары «ИЖАРАГА БЕР//Ч/» деп аталат). «Кереметтүү Кадамжай» коомдук фонду уставдын негизинде аракеттенген президенти Абдипаизов Узакбай Мейрачович (паспорт №ID 0585532 МКК 211011) Кадамжай шаарынын Чал Таш айылындагы 0,30 га жер аянтка медициналык-диагностикалык борбор, спорт комплекс жана мейманкана куруу үчүн _________ жылдык мөөнөткө ижара шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтому менен бекитилген типтүү Жобонун жана 2019-жылдын 19-февралындагы комиссиянын протоколунун негизинде убактылуу пайдаланууга алган тарап болуп (мындан ары «ИЖАРАЧЫ» деп аталат) төмөндөгүдөй келишим түздүк:
1.Келишимдин мааниси
1.1. “Ижарага берүүчү” 2019-жылдын 19-февралындагы Кадамжай шаардык мэриясынын 12.10.2018-жылдагы №241-буйругунун негизинде түзүлгөн туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 19-февралындагы Чал Таш айылындагы муниципалдык менчите турган 1,24 га. жер аянттагы курулушу бутпөй турган имаратты жана 0,30 га дан турган 2 даана жер тилкесин ижарага берүү үчүн өткөрүлгөн конкурстун протоколунун Кадамжай шаардык Кеңешинин _____ токтомунун, Кадамжай шаардык мэриясынын №_____ токтомунун негизинде 2-лот боюнча акы төлөтүү менен 0,30 га жер тилкесин баштапкы 24 (жыйырма төрт) жылдык мөөнөткө ижарага берет, ал эми “Ижарачы” 0,30 га жер тилкесине медициналык-диагностикалык борбор, спорт комплекс жана мейманкана куруу үчүн баштапкы ___________ жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга алат жана 7 жылда толугу менен бүткөрүп медициналык-диагностикалык борбор, спорт комплекс жана мейманкана курат , ошондой эле айланасындагы жер аянттарды көртктөндүрүп багытын өзгөртпөстөн пайдаланат.
1.2. Келишимде көрсөтүлгөн имарат курулуш нормаларын так аткаруу менен толук жана заманбап болуп бүткөрүлөт жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин гана жүргүзөт.
1.3. Келишимдин тиркемеси болгон “жумуштарды аткаруу графиги” келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
1.4. Имаратка автотранспорттун эркин кириши камсыз болунат.
1.5. Жер тилкесине мындан башка мыйзамда каралган шарттар жана талаптар болушу мүмкүн.
2. Жер тилкесинин ижара акы баасы, акы төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби
2.1.Келишим боюнча комиссиянын чечимине ылайык имарат толугу менен ишке киргенге чейин ижара акысы жылына 1000 (бир миң ) сомду түзөт.
2.2. Жер аянтка курулуучу имарат толугу менен бүткөндөн кийин ижара акысы эки тараптын макулдашуусу менен кайрадан каралат.
2.3 Ижара акысы ИЖАРАЧЫ тарабынан жылдын аягына чейин төлөнөт.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. «Ижарага берүүчүнүн» укуктары жана милдеттери:
3.1.1.«Келишимдин» шарттарын толук аткарууну «Ижарачыдан» талап кылууга укуктуу.
3.1.2. «Ижарачы» ушул келишимге кол койгон күндөн тартып, келишимде белгиленген мөөнөттө курулуш иштерин бүткөрбөсө келишимди эки тарап кайрадан карап, келишилген мөөнөткө узартуу же жокко чыгаруу жагын карайт.
3.1.3. «Ижарачы» жер тилкени кабыл алуудан баш тартса, анда ижарага берүүчү келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу.
3.1.4. «Ижарага берүүчү» жер тилкесин белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3.1.5. «Ижарага берүүчү» жер тилкесинин ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин эки тараптын макулдашуусу менен ижара мөөнөтүн кайрадан узартууга укуктуу.
3.1.6. Келишимдин 2-бөлүгүндө шартталган өлчөмдө жана мөөнөттө кардардан жер тилкенин акысын кабыл алууга жана имараттын өз багытында пайдалануусун көзөмөлгө алат.
3.1.7. «Ижарачыга» берилген жер тилкеси- мамлекеттин, коомчулукттун, Кадамжай шаардык мэриясынын керектөөсүнө зарыл болгон учурда келишимди мөөнөтүнөн мурда эки тараптын макулдашуулары менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына негиз бузууга укуктуу.
3.2. «Ижарачынын» укуктары жана милдеттери:
3.2.1. «Ижарачы» жер тилкесин белгиленген тарипте алууга;
3.2.2. «Ижарага берүүчүнүн» күнөөсү боюнча келишим бузулган учурда, жогорудагы имараттарды курууга жана жер аянтты калыбына келтирүүгө кетирилген чыгымдарды эсептешүү жолу менен кайтарып алууга укуктуу.
3.2.3. Келишимдин 2-бөлүгүндө каралгандай жер тилкеси үчүн акыны көрсөтүлгөн мөөнөтө жана толук өлчөмүндө төлөөгө милдеттүү;
3.2.4. Жер аянтка курулуучу имаратты медициналык-диагностикалык борбор, спорт комплекс жана мейманкана катары пайдаланбай жана келишимдеги шарттар аткарылбаган учурда же имаратты жана жер тилкени пайдалануудан баш тарткан учурда келишим «Ижарага берүүчү» тарабынан бир тараптуу жокко чыгарылат жана «Ижарачы» имаратты жана жер тилкесин толугу менен Кадамжай шаардык мэриясына өткөрүп берүүгө милдеттүү ошондой эле «Ижарачы» тарабынан кеткен чыгымдар кайтарылбайт.
3.2.5. Келишимдин 1.2, 1.3. жана 1.4-пункттарда көрсөтүлгөн шарттарды катуу сактоого милдеттүү;
3.2.6. Жер тилкесин максаттуу пайдаланууга милдеттүү, эгерде максаттуу пайдаланбаса бул келишим өз күчүн жоготот.
3.2.7. Экологиялык, санитардык, өрткө каршы жана башка иш чараларды жүргүзүп турууга жана жер тилкесинин аймагын тазалап, көрктөндүрүп турууга милдеттүү;
3.2.8. Ижара акысын өз убагында төлөп турууга милдеттүү;
3.2.9. «Ижарага берүүчүгө» келишимдин шарттарынын аткарылышы жөнүндө зарыл материалдарды, маалыматтарды жана башка документтерди берүүгө милдеттүү;
3.2.10. Мамлекеттик төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча төлөмдөрдү жана салыктарды өз убагында төлөөгө милдеттүү жана жөөпкерчиликтүү.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. «Ижарачы» имаратты бүткөрүү учурунда имараттын жана жер тилкесинин абалын начарлатып, өз билемдик менен иш алып барууга укугу жок.
4.2. Тараптарга тиешелүү эмес себептердин натыйжасында (табийгый жана башка кырсыктардан улам) келишимдин шарттары аткарылбай калганда, «Ижарага берүүчү» жана «Ижарачы» Кадамжай шаардык Кеңеши менен биргеликте сүйлөшүү жолу аркылуу чечишет.
4.3. Тараптардын ушул келишим тарабынан каралбаган жоопкерчилиги жана укуктары, милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталат.
4.4. Жер тилкесинин атайлап начарлашы же кокустан бузулушу үчүн «ижарачыга» пайдалануу укугу өткөн учурдан тартып жооп берет.
5. Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана аны бузуу
5.1. Келишимдин шарттарын өзгөртүү же толуктоолорду киргизүү тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт.
6. Келишимдин мөөнөту
6.1. Келишим эки тараптын кол койгон күнүнөн баштап күчүнө кирет.
6.2. Келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин 10 күндүн ичинде эки тараптан келишимди бузуу жөнүндөгү кайрылуу келип түшпөсө келишим: ушул эле шарттар жана милдеттемелер менен ушул эле мөөнөткө узартылат. Бирок Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 7- беренесинин 2-пунктунда көргөзүлгөн мөөнөттөн ашпоого тийиш.
6.3. Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайрадан конкурс өткөрүүдө артыкчылык алдыңкы мөөнөттө иштеткен тарапка берилет.
7. Жыйынтыктоочу бөлүм
7.1. Келишим үч нускада түзүлдү, бардыгы бирдей юридикалык күчкө ээ жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- бир нускасы Кадамжай шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине,
- бир нускасы «Ижарачыда» сакталат.
- бир нускасы Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына