Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 108
Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 4-мартындагы 1-83 номери менен чыгышталган кайрылуусун, шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Северная көчөсүндөгү муниципалдык менчикте турган “Теремок” балдар бакчасын жеке жактарга 24 жылга мөөнөтүн узартуу шарты менен ижарага берилсин.
2. Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаменти менен С.Караев ортосунда түзүлгөн келишимдин долбоору жактырылсын (келишим долбоору тиркелет).
3. Токтомдун мыйзамдуу аткарылуусун камсыз кылуу шаардын мэри Б. Бегалиевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин жер,курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |
КЕЛИШИМ
Кадамжай шаары №__________ __________ 2019-жыл
Биз, төмөндө кол коюучулар, Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору: Искендеров Бактыбек Токтобаевич «мындан ары «ИЖАРАГА БЕРүүчү» деп аталат. Караев Суюнбай Шамшиевич – Кадамжай шаарынын тургуну (паспорт №ID 0715022 МКК 213021 тарабынан 02.05.2018-жылы берилген ) Кадамжай шаарынын Северная көчөсүндөгү жалпы 3654,15 чарчы метр жер тилкесин ээлеген “Теремок” балдар бакчасын кайрадан жандандыруу жана толугу менен ремонттон өткөрүп заманбап балдар бакчасын ачуу үчүн _______ жылдык мөөнөткө ижара шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтому менен бекитилген типтүү Жобонун жана 2019-жылдын 19-февралындагы комиссиянын протоколунун негизинде убактылуу пайдаланууга алган тарап (мындан ары «ИЖАРАЧЫ» деп аталат) төмөндөгүдөй келишим түздүк:
1.Келишимдин мааниси
1.1. “Ижарага берүүчү” 2019-жылдын 19-февралындагы Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы туруктуу комиссиянын “Теремок” балдар бакчасын ижарага берүү жөнүндөгү протоколунунун Кадамжай шаардык Кеңешинин _______ токтомунун, Кадамжай шаардык мэриясынын _______ токтомунун негизинде акы төлөтүү менен жер тилкесин жана имаратты кийин мөөнөтүн узартуу шарты менен баштапкы ________ жылдык мөөнөткө ижарага берет, ал эми “Ижарачы” жер тилкесин жана имаратты 2019-жылынан баштапкы ________ жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга алат жана “Теремок” балдар бакчасынын имаратын 2019-жылдын аягына чейин капиталдык ремонттон өткөрөт, ошондой эле айланасындагы жер аянттарды көртктөндүрүп багытын өзгөртпөстөн пайдаланат.
1.2. Келишимде көрсөтүлгөн имарат ремонттолот жана айланасындагы жер тилкесине эч кандай капиталдык курулуш курулбастан көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жеңил типтеги балдар ойноочу жайлар орнотулуп имарат балдар бакчасы катары гана пайдаланылат.
1.3. Келишимдин тиркемеси болгон “жумуштарды аткаруу графиги”келишимдин ажыратылгыс болүгү болуп эсептелет.
1.4. Имаратка автотранспорттун эркин кириши камсыз болунат.
1.5. Имаратка жана жер тилкесине мындан башка мыйзамда каралган шарттар жана талаптар болушу мүмкүн.
2. Жер тилкесинин ижара акы баасы, акы төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби
2.1.Келишим боюнча комиссиянын чечимине ылайык ижара акысы жылына 10 000 (он миң сом) сомду түзөт
2.2. Имарат толугу менен ремонттолуп ишке киргенден кийин ижара акысы эки тараптын макулдашуусу менен кайрадан каралат.
2.3 Ижара акысы ИЖАРАЧЫ тарабынан жылдын аягына чейин төлөнөт
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. «Ижарага берүүчүнүн» укуктары жана милдеттери:
3.1.1.«Келишимдин» шарттарын толук аткарууну «Ижарачыдан» талап кылууга укуктуу.
3.1.2. «Ижарачы» ушул келишимге кол койгон күндөн тартып, көрсөтүлгөн мөөнөттө келишимде белгиленген сумманы төлөбөсө ижарага берүүчү келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу.
3.1.3. «Ижарачы» жер тилкени жана имаратты кабыл алуудан баш тартса, анда ижарага берүүчү келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу.
3.1.4. «Ижарага берүүчү» жер тилкесин жана имаратты белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3.1.5. «Ижарага берүүчү» жер тилкесин жана имараттын ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин эки тараптын макулдашуусу менен ижара мөөнөтүн кайрадан узартууга укуктуу.
3.1.7. Ижарачынын берген «Жумуштардын графиги» бузулган учурда «Ижарага берүүчү» тарабынан бир бул келишим бир тараптуу мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
3.1.6. Келишимдин 2-бөлүгүндө шартталган өлчөмдө жана мөөнөттө кардардан жер тилкенин акысын кабыл алууга жана имараттын өз багытында пайдалануусун көзөмөлгө алат.
3.2. «Ижарачынын» укуктары жана милдеттери:
3.2.1. «Ижарачы» жер тилкесин жана имаратты белгиленген тарипте алууга;
3.2.2. «Ижарага берүүчүнүн» күнөөсү боюнча келишим бузулган учурда жогорудагы имаратты ремонттоого жана имаратты балдар бакчасы катары калыбына келтирүү үчүн кеткен чыгымдарды эсептешүү жолу менен кайтарып алууга укуктуу.
3.2.3. Келишимдин 2-бөлүгүндө каралгандай жер тилкеси жана имаратты колдонуу үчүн акыны көрсөтүлгөн мөөнөтө жана толук өлчөмүндө төлөөгө милдеттүү;
3.2.4. Имаратты балдар бакчасы катары пайдаланбай жана келишимдеги шарттар аткарылбай келишим «Ижарага берүүчү» тарабынан бир тараптуу жокко чыгарылган учурда «Ижарачы» имаратты жана жер тилкесин толугу менен Кадамжай шаардык мэриясына өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3.2.5. Келишимдин 1.2, 1.3. жана 1.4-пункттарда көрсөтүлгөн шарттарды катуу сактоого милдеттүү;
3.2.6. Имаратты жана жер тилкесин максаттуу пайдаланууга милдеттүү, эгерде максаттуу багыттында пайдаланбаса бул келишим өз күчүн жоготот.
3.2.7. Экологиялык, санитардык, өрткө каршы жана башка иш чараларды жүргүзүп турууга жана жер тилкесинин аймагын тазалап, көрктөндүрүп турууга милдеттүү;
3.2.8. ижара акысын өз убагында төлөп турууга;
3.2.9. «Ижарага берүүчүгө» келишимдин шарттарынын аткарылышы жөнүндө зарыл материалдарды, маалыматтарды жана башка документтерди берүүгө милдеттүү;
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. «Ижарачы» имаратты ремонттоо учурунда имараттын жана жер тилкесинин абалын начарлатып, өз билемдик менен иш алып барууга укугу жок.
4.2. Тараптарга тиешелүү эмес себептердин натыйжасында (табийгый жана башка кырсыктардан улам) келишимдин шарттары аткарылбай калганда, «Ижарага берүүчү» жана «Ижарачы» сүйлөшүү жолу аркылуу чечишет.
4.3. Тараптардын ушул келишим тарабынан каралбаган жоопкерчилиги жана укуктары, милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталат.
4.4. Жер тилкесинин атайлап начарлашы же кокустан бузулушу үчүн «ижарачыга» пайдалануу укугу өткөн учурдан тартып жооп берет.
5. Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана аны бузуу
5.1. Келишимдин шарттарын өзгөртүү же толуктоолорду киргизүү тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
5.2. «Ижарачы» тарабынан келишимдин шарттары бузулган учурда келишим мөөнөтүнөн мурда «Ижарага берүүчү» тарабынан бир тараптуу бузулат.
6. Келишимдин мөөнөту
6.1. Келишим эки тараптын кол койгон күнүнөн баштап күчүнө кирет.
6.2. Келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин 10 күндүн ичинде эки тараптан келишимди бузуу жөнүндөгү кайрылуу келип түшпөсө келишим: ушул эле шарттар жана милдеттемелер менен ушул эле мөөнөткө автоматтык түрдө узарат. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпоого тийиш.
6.3. Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайрадан конкурс өткөрүүдө артыкчылык алдыңкы мөөнөттө иштеткен жеке тарапка берилет.
7. Жыйынтыктоочу бөлүм
7.1. Келишим үч нускада түзүлдү, бардыгы бирдей юридикалык күчкө ээ жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- бир нускасы Кадамжай шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине,
- бир нускасы «Ижарачыда» сакталат.
- бир нускасы Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына.
“Ижарага берүүчү” Кадамжай шаардык мэриясынын Алдындагы муниципалдык менчик Департаментинин директору: Б.Т.Искендеров ____________________ (колу)
| “Ижарачы” Караев Суюнбай Шамшиевич паспорт №ID 0715022. МКК 213021 ________________________(колу)
|