Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 142/26-7
Жаштар кеңешинин жобосун бекитип берүү жөнүндө Кара-Көл шаардык Жаштар кеңешинин кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык Жаштар кеңеши коомдук уюм катары түзүлсүн. Кара-Көл шаардык Жаштар кеңеши жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2019-жылдын
05-мартындагы XXVI сессиясынын
№142/26-7 токтомуна тиркеме
Кара-Көл шаардык Жаштар кеңеши жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор;
2. Кеңештин принциптери;
3. Кеңештин милдеттери жана функциялары;
4. Кеңештин иш тартиби жана анын иш аракетин камсыздоо;
5. Кеңештин иш аракетин токтотуу.
1. Жалпы жоболор
1) Кара-Көл шаардык Жаштар иштери боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) кеңеш берүүчү, эксперттик, аналитикалык жана консультациялык орган болуп эсептелет. Кеңеш Кара-Көл шаарында жаштар саясатын ишке ашыруу жана ушул тармакта менчигин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын конструктивдүү жана координацияланган ишин камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле Кеңеш кабыл алган чечимдерди аткарууга мониториг жүргүзүү максатында түзүлөт.
2) Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын ратификацияланган эл аралык келишимдерди ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3) Кара-Көл шаарынын 16 жаштан 35 жашка чейинки жаштары Кеңештин мүчөсү боло алат.
2. Кеңештин ишмердигинин принциптери
4) Кеңештин ишмердиги төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- жаштар иштери боюнча киргизилген маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин, ачык-айкын талкулоо;
- берилген ыйгарым укутарынын чектеринде макулдашылган чечимдерди аткарууда ар бир мамлекеттик органдын өз алдынчалыгы.
3. Кеңештин милдеттери жана функциялары
5) Кеңештин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- менчигин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан аткаруу бийликтин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук эл аралык уюмдарынын Кара-Көл шаарында мамлекеттик жаштар саясатын өркүндөтүүгө багытталган иш аракеттерин кординациялоо;
- бардык деңгээлдеги аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана жаштар бирикмелеринин демилгелерин
- колдоо, жаштардын актуалдуу, көйгөйлүү маселелерин (саясий, экономикалык, социалдык ж.б.) аныктоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине тиешелүү мамлекеттер аралык макулдашууларды, келишимдерди түзүүгө байланышкан сунуштарды даярдоо.
6) Кеңештин функциялары:
- жаштардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кылмыштуулуктун жана социалдык оорулардын алдын алуу, кадрдык потенциал, эс алуу жана маданият, адеп-ахлактык, эстетикалык жана патриоттук жактан тарбиялоо, эл аралык кызматташтык чөйрөлөрүндө жаштардын өнүктүрүүнүн практикалык чараларын камсыздоо жана макулдашылган иштерди жүзөгө ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелеринин иштерине мониторинг, талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- жаштар саясаты жагынан чет өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө байланыштуу маселелерди кароо;
- илимдин, кадр потенциалын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер үчүн сунуштарды иштеп чыгуу жана жаш адистер менен иштөө.
7) Кеңеш ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн:
- макулдашылган мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүү маселелеринде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгат жана тиешелүү сунуштарды даярдайт;
- жаштардын динамикалуу өнүгүшүнө кедерги болгон көйгөйлөрдү аныктоо жана четтетүү максатында жаштар саясаты боюнча абалды анализдейт;
- Кеңешке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Кеңештин мүчөлөрүнүн арсынан, жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринен жана башка көз карандысыз эксперттерден жумушчу тобун түзөт;
- жаштар саясатынын маселелери боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону жана экспертиза жүргүзүүнү уюштурат.
4. Кеңештин иш тартиби жана анын иш аракетин камсыздоо
- Кеңештин курамы төрага, орун басары, катчы жана 10 мүчөсүнөн турат.
- Кеңештин курамы аткаруу бийлик өкүлдөрүнөн, жаштардын өкмөттүк эмес бирикмелери менен топторунун, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарынын (Кеңештин курамынын жалпы санынын жарымынан кем эмес) өкүлдөрүнөн түзүлөт жана Кара-Көл шаардык мэриясынын токтому менен бекитилет.
- Кеңештин мүчөлөрү анын отурумдарына алмаштыруу укугусуз катышат.
- Кеңештин отуруму бекитилген иш планга ылайык кварталына кеминде бир жолу, зарыл болгон учурларда кезексиз өткөрүлөт.
- Кеңеш өзүнүн отурумдарына зарыл болгон шарттарда тийиштүү адистерди чакырууга укуктуу.
- Кеңеш өзүнүн отурумдарына жүктөлгөн милдетке ылайык анын компентенциясына кирүүчү маселелерди карайт. Кеңештин отуруму ага
- Кеңештин мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болуп эсептелет.
- Кеңештин чечими мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен, ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат, протокол менен таризделет. Кеңешинин төрагасы жана катчысы кол коёт. Кеңештин чечимдеринин негизинде Кара-Көл шаардык мэриясынын аппараты тарабынан тиешелүү нормативдик укуктук актылары иштелип чыгышы жана кабыл алынышы мүмкүн.
- Жаштар кеңешинин төрагасынын укуктары жана милдеттери:
- Кеңешке башчылык кылат;
- Кеңештин иш планын бекитет;
- Кеңештин отурумдарын чакырат;
- Кеңештин отрумдарына кворум жок болгон учурда, отурумдарды башка
күнгө жылдырат;
- Кеңештин отурумдарынын күн тартибин аныктайт;
- Кеңештин отурумдарын өткөрөт жана ага төрагалык кылат;
- Кеңештин чечимдерине кол коет;
- шаардык мэриянын, шаардык кеңештин сыйлыктары менен сыйлоого өтүнүч бере алат жана Кыргыз Республикасынын сыйлыктары менен сыйлоо үчүн шаардык мэрияга жана шаардык кеңешке өтүнүч киргизиши мүмкүн.
- Кеңеш жүктөгөн башка милдеттерди аткарат.
Кеңештин төрагасы Кара-Көл шаардык мэриясынын коллегиясына жаштардын атынан мүчө болушу мүмкүн.
4.10. Жыл ичинде өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда кеңештин төрагасы Кеңештин жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен төрагалыктан бошотулушу мүмкүн.
4.11. Жаштар кеңешинин төрагасынын орун басарынын укуктары жана
милдеттери:
- Жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат. Ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
4.12. Жаштар кеңешинин катчысынын укуктары жана милдеттери:
- Жаштар кеңешинин катчысы Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Кеңештин отурумдарынын орду, күнү, убактысы жөнүндө мүчөлөргө маалымдайт;
- Кеңештин отурумдарынын протоколун түзөт, ага төрага кол койгондон кийин кол коет;
- Кеңештин иш кагаздарын сактоону камсыз кылат;
- сактоо мөөнөтү аяктаган иш кагаздарды акт менен тизим боюнча мэриянын архивине өткөрүп берет.
Кеңештин курамынан, жаштардын өкмөттүк эмес бирикмелеринин жана топторунун өкүлдөрү болуп саналган анын мүчөлөрүн чыгаруу төмөнкүлөрдүн негизинде Кеңештин чечими боюнча ишке ашырылат:
Кеңештин мүчөсү жеке арыз бергенде;
Кеңеш жоюлган учурда;
- жүйөлүү себептерсиз үч жолудан ашык Кеңештин отурумдарына катышпаганда ,
Кеңеш жүктөгөн тапшырмаларды аткаруудан баш тартканда же талаптагыдай аткарбаганда.
Кеңештин негизги милдеттерине жана иштин багыттарына ылайык жаштар иштери боюнча аймыктык структуралардын иштерине мониторинг жүргүзүлөт.
Кеңештин жумушчу органы катары шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү иштейт.
Кеңештин иштерин техникалык камсыздоо Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
Жаштар кеңеши жылына бир жолу аткарылып жаткан иштер боюнча депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясында отчет берет. Отчет учурунда Жаштар кеңешинин жүргүзүп жаткан иштери “канаттандыраарлык эмес” деген баа алышы, Жаштар кеңешинин курамын жана төрагасын алмаштырууга негиз болушу мүмкүн.
5. Кеңештин иш аракетин токтотуу
Жаштар кеңешинин иш аракети Кара-Көл шаардык кеңешинин токтому менен токтотулат.
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси К.И.Нурматова