Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 145/26-7
“Кыргыз Республикасынын Президентиинин 16.02.1995-жылдагы № ПЖ-37 Жарлыгын ”, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 26-февралындагы жыйналышынын чечимин эске алуу менен шаарыбыздын жарандарынын бала бакчага болгон муктаждыктарын чечүү максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 26-февралындагы жыйналышынын чечими эске алынсын.
2. Шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), шаардык кеңешке (Б.Н.Кыргызалиев) төмөндөгү бала бакчаларды артка кайтаруу жана өз багытында иштетүү иштерин жүргүзүү үчүн жогору турган органдарга кат жолдосун. ШБББмү (А.Б.Мырзалиева) шаар ичиндеги бала бакчалар боюнча анализ жүргүзсүн.
3. Шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), шаардык ММБна (Э.Э.Бабаканов) төмөндөгү бала бакчаларды артка кайтаруу жана өз багытында иштетүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
- Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын балансында турган М.Сабиров көчөсүндө жайгашкан 2(эки) кабаттуу 300 орундуу, аянты 9369,3чарчы метр түзгөн бала бакчаны;
- Каскад Токтогул ГЭСинин балансында турган М. Сабиров көчөсүндө № 718 Аскер бөлүгү жайгашкан 2 (эки) кабаттуу 200 орундуу, аянты 12431,1 чарчы метр түзгөн бала бакчаны;
- Каскад Токтогул ГЭСинин балансынан жеке менчикке өтүп кеткен З.Л.Серый көчөсүндө жайгашкан типтүү эмес (барак), авариялык абалда аянты 15000,0 чарчы метр түзгөн бала бакчаны;
- ШММБнын балансында турган жана бузулуп кеткен бала бакчаларды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү;
4. Шаардык ММБна (Э.Э.Бабаканов) Токтогул көчөсүндө жайгашып имараты бузулуп кеткен “Ромашка”, “Колокольчик” балдар бакчаларынын ордуна бала бакча куруу үчүн типтүү проект, сметаларын даярдап бюджетке сунуштасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ШММБна (Э.Э.Бабаканов) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |