Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 99/16-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 беренесинин 13 пунктуна, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07.08.2017 жылдын №466 “Кыргыз Республикасыныны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” Токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.10.2013 жылдын № 543 “Өкмөт токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат менен алектенген иштеген кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" 23.01.2008 ж. № 22 Токтомдоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03.2017 жылдын № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жана баа берүү жөнүндө”, ошондой эле каржы-экономикалык бөлүмү тарабынан берилген материалдар менен таанышып, Орловка шаарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Орловка шаарынын Кеңешинин штаттык тизмеси бекитилсин, 2 даана өлчөмүндө. № 1 Тиркемеге ылайык.
2. 2019 жылга Мэриянын аппаратынын штаттык тизмеси бекитилсин, 18 даана өлчөмүндө, анын ичинде 15 даана негизги кызматкерлери, 3 даана ТТК жана ККК, № 2 Тиркемеге ылайык.
3. 2019 жылга Орловка шаарынын мэриясынын ТЖКК бөлүмүнүн штаттык тизмеси бекитилсин, 46,5 даана ТТК жана ККК, № 3 Тиркемеге ылайык.
4. 2019 жылга “Маданият” бөлүмүнүн штаттык тизмеси бекитилсин, 15,5 даана, № 4Тиркемеге ылайык.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровка жүктөлсүн.
Төрага | Д.С. Сарбаев |