Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-октябрындагы № 543
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 65 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын эмгегин шыктандыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
4-пункт «башкарманын курамындагы бөлүм башчынын (начальниктин)» деген сөздөрдөн кийин «, башкармалык жок учурунда - өз алдынча бөлүмдөрдүн башчыларынын» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4-1.-пункт менен толукталсын:
«4-1. Бухгалтерлердин кызматтык маяналары жетектөөчү адистердин деңгээлинде белгиленет.»;
- 3-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2013-жылдын 1-октябрынан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын
кызматтык маяналары
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маянасы (сом менен) |
1. | Автобустун, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу | 4200 |
2. | Транспорттук-жыйноочу унаалардын, электр жана автоарабанын айдоочусу | 3000 |
3. | Уста, сантехник, слесарь, электрик | 3000 |
4. | Документтерди мукабалоочу | 2700 |
5. | Короо тазалоочу, бакчы | 2700 |
6. | Гардеробчу, кароолчу (вахтер), лифтер, от жагуучу, кастелянша, курьер, кампачы | 2500 |
7. | Имараттарды тейлөө жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн жумушчу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, кызматтык жайларды, аймактарды тазалагыч | 2500 |
Эскертүү:
1. Автоунаалардын айдоочуларына ченемге салынбаган жумушчу күн үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынын өлчөмүнөн 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.
2. Кароолчуга түнкү убакта иштегендиги үчүн сааттык тарифтик коюм өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндө кошумча акы төлөө белгиленет.
3. Тиешелүү кызматтык маянасынын өлчөмүнөн кесиптик чеберчилиги үчүн 4-разряддагы жумушчуларга - 15 пайыз, 5-разряддагыларга - 20 пайыз жана 6-разряддагыларга - 25 пайыз дифференцияланган үстөк акы белгиленет.
4. Жеңил автоунаанын айдоочусунун кызматтык маянасы адистин кызматтык маянасынан 15 пайызга кем белгиленет.
5. Кызматтык имараттарды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маяналарына 25 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк акы белгиленет.