Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 90
Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин, Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 10 бөлүмүнүн негизинде, шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин жана депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылга иш-планы бекитилсин (иш план тиркелет)
2. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылга бекитилген иш планынын аткарылышын камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлериден, туруктуу комиссиялардан талап кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын
Төрага | К. Исмаилов |
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылыш)
XIX сессиясынын 8-февраль
2019ж. № 90 токтомуна тиркеме
Сүлүктү шаардык кенешинин 2019-жылга иш- планы
I.Сеесияда каралуучу маселелер
| ||||
№ | Каралуучу маселелер | Аткарууга жооптуулар | Маселени даярдоого жооптуулар | Аткаруу мооноту |
I чейрек
| ||||
1 | 2018 – жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы 2019-жылга бекитилиши жөнүндө | Сүлүктү шаарынын мэри | Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары Өнөр жай жана социалдык маселелер боюнча | I-чейрек 2019-жыл |
2 | Сүлүктү шаарынын 2018–жылкы бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджети жана 2020-2021–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сүлүктү башкармалыгы | Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы | I-чейрек 2019-жыл |
II чейрек
| ||||
1 | Сулукту шаарынын аймагындагы курулуш куруунун нормаларынын жана архитектуралык талаптардын аткарылышы жөнүндө
| Шаардык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | II-чейрек
2019-жыл |
2. | Сүлүктү шаарынын аймагындагы коомдук тамактануучу жайлардын жана соода түйүндөрүнүн санитардык абалы жана сатылуучу азыктардын санитардык талапка жооп бериши жөнүндө | Шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиялсы
| II-чейрек 2019-жыл
|
III чейрек
| ||||
1. | Салык инспекциясынын бюджетти толтуруу боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө | Шаардык салык башкармалыгынын башчысы | Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы | III-чейрек 2019-жыл |
2 | Уйүнө барып социалдык жактан тейлөө боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы жөнүндө №365 05.07.2011ж | Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | III-чейрек 2019-жыл |
IV чейрек | ||||
1 | Сүлүктү таза суу канал жана Сүлүктү тазалык муниципалдык ишканаларынын аткарган иштери жөнүндө
| Сүлүктү тазалык, Сүлүктү таза суу канал муниципалдык ишканаларынын жетекчилери | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | IV -чейрек
2019-жыл |
2 | Сулукту шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө | Сулукту шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | IV -чейрек 2019-жыл |
II. УЮШТУРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАСЕЛЕЛЕР
№ | Аткарылуучу иштер | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Шаардык кеӊештин депутаттары жана фракциялар менен иш алып баруу | Шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
2. | Шаардык кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруу (график менен) | Фракциялардын жетекчилери, шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
3 | Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары менен иш жүргүзүү | Шаардык кеӊештин башкы жана жетектөөчү адиси | Ар дайым |
4 | Шаардык кеӊештин депутаттарын жана жооптуу кызматкерлерге окутууларды, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү. ЖӨАБЭАМ боюнча агенттиги менен макулдашуу менен | Шаардык кеӊештин төрагасы Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы | Ар дайым |
5 | Коомдук иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү -Уч айлык көрктөндүрүүнүн алкагында шаардык эс алуу багында ишембиликти уюштуруу - маданий массалык иш-чараларга активдүү катышуу жана уюштуруу | Шаардык кеӊештин депутаттары, Шаардык кенештин жооптуу кызматкерлери
Уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада-салт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясы | Уч айлык көрктөндүрүүнүн биринчи жумалы гында
Жыл ичинде
|
6 | Шаардык кеӊештин депутаттарынын аткарган иштерин массалык маалымат каражаттарына чагылдыруу жана калктын маалымдуулугун камсыз кылуу | Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарлары жана шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
Жооптуу катчы: М. Джураева