Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 93
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негизинде, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтуу сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуштарын эске алып Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарындагы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу комитеттеринин жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Сүлүктү шаарындагы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу комитеттеринин төрагалары менен иштөө тартибин ушул бекитилген жобого ылайык жүргүзүү жагы; Сүлүктү шаардык мэриясына тапшырылсын:
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтуу сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жана Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаровго тапшырылсын.
Төрага | К. Исмаилов |
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылыш)
XIX сессиясынын 8-февраль
2019ж. № 93 токтому менен бекитилген
Сүлүктү шаарындагы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу комитеттеринин жобосу
1. Жалпы жоболор.
2. Комитеттерди уюштуруу жана шайлоо.
3. Комитеттердин ыйгарым укуктары жана милдеттери.
4. Комитеттин төрагасынын милдеттери.
5. Комитеттерди жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо.
6. Комитеттердин каржы ресурстары.
7. Комитеттердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүлөрү.
8. Комитеттин документтери.
1.Негизги жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык аймактык коомдук өз алдынча башкаруу комитеттеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салат.
«Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу комитеттери жөнүндө» Жобо (мындан ары – Жобо) шаардын аймагындагы көчөлөрдө комитеттерди түзүү тартибин, негизги укуктарын жана ишмердүүлүк чөйрөсүн аныктайт.
1.1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу комитеттер (мындан ары – Комитеттер) жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө жана өзүнүн жоопкерчилиги астында өз демилгелерин ишке ашырууга багытталган аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун түрү болуп саналат.
1.2. Комитеттер көчөлөрдө, айылдарда, конуштарда жана бир канча көп батирлүү үйлөрдө түзүлөт.
1.3. Комитетин түзүүнүн тартиби:
– комитеттер жарандардын жалпы чогулуштарында (жыйындарында) шайлоонун негизинде түзүлөт;
– комитет көп батирлүү үйлөрдүн же көчөнүн жашоочуларынын жалпы чогулушунда шайланган адамдардын ичинен түзүлөт;
– комитеттин төрагасы комитеттердин мүчөлөрүнүн ичинен комитеттин биринчи жыйынында шайланат;
– комитеттин биринчи (уюштуруу) жыйыны жашоочулардын 3 кишиден кем эмес демилгечи тобу тарабынан чакырылат;
– жыйындын протоколуна жыйындын төрагасы жана катчысы кол коёт;
– жыйындын протоколу тийиштүү күбөлүк берүүгө негиз болот.
1.4. Комитеттин ишмердүүлүк аймагынын чек аралары шаардын жашоочуларынын сунуштарын жана кайрылууларын эске алуу менен шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
1.5. Шаардык кеңеште милдеттүү түрдө каттоодон өткөндөн кийин комитеттер өздөрүнүн макамына ээ болушат. Комитет аны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан баштап 10 күндүн ичинде каттоого документтерди тапшырышат. Комитет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык тараптын макамын алууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ага келишимдик негизде өткөрүлүп берилген милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткарууга укуктуу.
1.6. Комитеттер аларды шайлаган жарандардын чогулуштарына жана аларды каттаган шаардык кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген милдеттер боюнча Сүлүктү шаарынын мэриясына отчеттуу.
1.7. Комитет көчөнүн жашоочуларынын атынан көчөнүн жашоочуларына түздөн түз тиешелүү маселелерди чечүүгө катышат жана коомдук башталышта иштешет.
1.8. Комитет менчиктин бардык түрлөрүндөгү турак жай фондун оңдоп түзөтүүнү жана сактоону, ошондой эле аймакты, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу обьектилерин, кичи архитектуралык түрлөрдү, спорттук курулуштарды тутууну камсыз кылуу көйгөйлөрүнө жашоочуларды кеңири тартуу максатында иш аракет жүргүзөт, көчөнүн жашоочуларынын керектөөлөрүн канааттандыруу менен байланышкан иш чараларды өткөрүүгө көмөктөшөт.
Комитет көчөнүн жашоочуларын социалдык инфраструктураны, турак жай – коммуналдык чарбаны өнүктүрүүгө, коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого багытталган иш чараларды өткөрүүнү уюштурат.
2. Комитеттерди уюштуруу жана шайлоолорду жүргүзүү
2.1. Комитеттерди шайлоо ушул көчөнүн же көп батирлүү үйдүн (үйлөрдүн) аймагынын чегинде жашаган жана каттоодо турган жарандардын жалпы чогулушунда жүргүзүлөт.
2.2. Жалпы чогулушту ушул аймактын жашоочулары уюштурат жана өткөрөт. Чогулушту өткөрүүнүн датасы жана орду шаардык кеңеш менен макулдашылат.
2.3. Жалпы чогулуштун ишине төмөндөгүлөр катыша алышат:
- 18 жашка чыккан,тийиштүү аймакта каттоодо турган жергиликтүү жамааттын мүчөсү;
- кеңеш берүүчү добуш укугу менен шаардык кеңештин депутаттары, шаар мэриясынын өкүлдөрү.
2.4. Комитеттин мүчөлөрүн шайлоо көчөлөрдүн жалпы чогулуштарында тийиштүү документтерди түзүү менен жашоочулар тарабынан жүргүзүлөт.
2.5. Көчөлөрдүн чогулуштары төмөнкү кворумда укуктуу деп эсептелинет:
- комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо жалпы үйлөрдүн өкүлдөрүнүн – 50% дан кем эмеси катышса;
- комитеттеринин мүчөлөрү 4 жылга шайланат.
2.6. Комитеттин курамына анын иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн 3 төн кем эмес мүчөлөр шайланат. Комитеттин сандык курамы жалпы чогулушта бекитилет жана үйлөрдүн жана батирлердин санына жараша 9 дан ашык эмес жогору карай өзгөрүшү мүмкүн. Комитеттин сандык курамы так санда болушу керек.
2.7. Комитеттин төрагасы аракетке жөндөмдүү, каттоосу бар жана ушул көчөдө туруктуу жашаган, 30 жаштан жаш эмес, 65 жаштан улуу болбогон, орто билимден төмөн эмес билими бар, соттолбогон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттолгондугу алынган же жоюлган Кыргыз Республикасынын жараны болуусу керек.
2.8. Шайланган комитет чогулуштан кийин түздөн түз комитеттин уюштуруу жыйынын өткөрөт, ал жыйында комитеттин төрагасы, төрагасынын орун басары шайланышат.
2.9. Шайланды деп ачык добуш берүүдө жөнөкөй көпчүлүктүн добушун алган талапкерлер эсептелинет. Комитеттин төрагасын шайлоо боюнча жыйынга кеңеш берүүчү добуш укугу менен шаардык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү, шаар мэриясынын өкүлдөрү катыша алышат.
2.10. Жаңы комитетти түзүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушу ушул Жобонун 2.2.пунктуна ылайык чакырылат.
2.11. Жаңы комитетти түзүү, ошондой эле шайлануучу адамдарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушун даярдоо жана өткөрүү ачык жана айкын өткөрүлөт.
3. Комитеттердин ыйгарым укуктары жана милдеттери
3.1. Комитет төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
а) мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда коомдук кызыкчылыкты, өз укуктарын, ушул аймакта жашаган жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын көрсөтүүгө жана коргоого;
б) тийиштүү аймакты өнүктүрүү пландарын жана программаларын иштеп чыгууга катышууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана кызмат адамдарынын кароосуна сунуштарды берүүгө;
в) социалдык чөйрөдөгү обьектилерди кабыл алууга катышууга;
г) бекитилген аймакта көрктөндүрүү, жашылдандыруу, оңдоп түзөө, санитардык тазалоо иштерин уюштурууга;
д) Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
е) жергиликтүү жамааттын чогулуштарынын (конференцияларынын) чечимдерин аткарууну уюштурууга;
ж) курулуштарды куруунун, турак жайларды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үй алдындагы аймактарды кармоонун, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана сантитардык нормалардын сакталышына, жерлерди, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышына коомдук көзөмөл жүргүзүүгө, аныкталган кемчилдиктерди четтетүү боюнча тийиштүү органдарга сунуш берүүгө;
з) бекитилген аймактагы тийиштүү органдарга санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык, өрткө каршы көзөмөл жана коопсуздук иш чараларын өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө;
и) укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүгө;
к) коомдук жашоонун ар түрдүү маселелери боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш берүүгө;
л) Кыргыз Республикасынын аракеттеги укуктук ченемдик актылары жана чечимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери жөнүндө жана аларды аткарууну уюштуруу жөнүндө жашоочуларга маалымат берүүгө.
3.2. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу тарабынан ага келишимдик негизде өткөрүлүп берилген милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3.3 Комитеттер өз аймагындагы жашоочуларды төмөндөгү иш-чараларга тартат:
- турак жай фондун сакталышына жан оңдоп түзөөгө;
- үй алдындагы аймакты жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө;
- балдар ойноочу жана спорт аянтчаларын куруу жана оңдоп түзөөгө.
3.4. Комитеттер жергиликтүү өз алдынча башкарууга төмөнкүлөрдү көзөмөлгө алууга көмөк көрсөтөт:
- короонун аймагына курулуштарды куруунун тартибин сактоого;
- өз алдынча гараждарды, киоскаларды, палаткаларды, ар түрдүү кошумча курулуштарды куруу фактыларын болтурбоого;
- жерлерди пайдалануунун эрежелеринин бузулуш фактыларын болтурбоого.
3.5. Комитеттер жергиликтүү өз алдынча башкарууга жашоочулар арасында тарбиялык жана маданий-массалык иштерди уюштурууга, элдик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, кызыкчылыктары боюнча кружокторду түзүүгө жардам көрсөтөт.
3.6. Комитеттер өрт коопсуздугу көзөмөл органдарына үйдүн жана короонун аймагындагы обьектилерди өрткө каршы иш чараларды камсыз кылууга көмөктөшөт.
3.7. Кварталдык жана үй комитети тийиштүү коомдук тартип жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына көмөк көрсөтүшөт.
3.8. Комитеттер өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аймактагы жашоочуларынын кайрылууларын карашат.
4.Комитеттин төрагасынын милдеттери
4.1. Комитеттин төрагасы комитеттин ишин жетектейт жана уюштурат, комитеттин мүчөлөрүнүн арасында милдеттерди бөлүштүрөт. Эреже катары комитеттин төрагасы жоктугунда же анын тапшырмасы боюнча мүчөлөрдүн бири комитеттин жыйынын алып барат.
4.2. Комитетти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде, уюмдарда жана коомдук уюмдарда көрсөтөт.
4.3. Комитеттин төрагасы комитеттин ишин уюштурат, комитеттин жашоочуларынын жалпы чогулуштарынын чечимдерин, шаардык кеңештин, мэриянын токтомдорун жана өз чечимдеринин аткарылышын, ишке ашырылышын уюштурат.
4.4. Комитеттин төрагасы комитеттин жыйындарын даярдайт жана чакырат, комитеттин чечимдеринин аткарылышын уюштурат жана көзөмөлдөйт.
4.5 Турак жайларды пайдалануунудагы өз адынча курулуштарды, жертөлөлөрдү куруу, өз алдынча гараждарды орнотуу, батирлерди, үйлөрдү жана коомдук пайдалануудагы жайларды кайра пландаштыруу, жашыл бак-дарактарды кыюу фактыларын аныктоого көмөк көрсөтөт.
4.6. Комитеттин төрагасы төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) турак жай бөлмөлөрүн жана ага жакын жайгашкан аймактагы коомдук пайдалануудагы жайларды пайдалануунун эрежелерин бузган, турак жай жана турак жай эмес курулган, жанына курулган бөлмөлөрдү жалдагандарга, алардын ээлерине, алар менен чогу жашаган жарандарга, башка юридикалык жана физикалык тараптарга карата коомдук таасир көрсөтүү чараларын көрүүгө;
2) курулуш иштери жана оңдоп түзөөнүн түрлөрү аткарылгандан кийин үйдү (анын бөлүгүн), жакын жайгашкан аймакты, жылуулук, электр энергияларын, газды, сууну берүү тармактарын кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиянын ишине катышууга;
3) шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммуналдык мекемелерге Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын, аларга теңдештирилген категориядагы адамдардын жана аз камсыз болгон жарандардын батирлерин, үйлөрүн ремонттоого жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылууга. Жалгыз бой жана улгайган жарандарга, каза болгон жоокерлердин үй бүлөлөрүнө, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, жарандардын башка аялуу катмарына жардам берүү боюнча социалдык коргоо органдары менен байланыш түзүүгө. Тийиштүү органдарга жалгыз бой жарандардын каза болгондугу жөнүндө маалымат берүүгө;
4) аймагынын чегинде жашаган жарандардын бак, дарак, малдары, мълкъ тууралуу, жана жарандардын ошол көчөдө жашагандыгы, үй-бүлөсү тууралуу маалымат берүүгө; (Эскертүү: бул пункттагы маалыматтар боюнча комитеттин төрагасы жеке жоопкерчилик тартат)
5) көчөнүн жашоочуларын комитеттин жыйынына же көчөнүн жашоочуларынын жалпы чогулушуна чакырууга;
6) өзүнүн ишинде турак жайларды пайдалануу, коммунадык жана башка мекемелер менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
7) көчөнүн чогулушуна катышууга;
8) комитеттин төрагасы жыл сайын комитеттин иши жөнүндө көчөнүн жашоочуларынын алдында жалпы чогулушта отчет берүүгө жана төрт жылга эки жолудан көп эмес кайра шайланууга.
4.7. Тийиштүү аймактын калкынын кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелерди чечүүдө өз ыйгарым укуктарын аша чапкан учурларда шаардык кеңеш тарабынан Комитетке кат жүзүндө эскертүү берилиши мүмкүн.
4.8. комитеттин төрагасы комитеттин документтеринин болуусуна жана абалына (жүргүзүлүшүнө) жеке жоопкерчилик тартат.
5. Комитеттерди жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо
5.1. Комитеттерди жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) комитеттин курамынан анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү чыгып кеткенде;
б) шаардык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясынын, ошол аймакта жашаган жашоочулардын жалпы санынын 50% кем эмесин түзгөн жашоочулардын демилгечи тобунун сунушу боюнча;
5.2. Комитеттердин төрагалары төмөнкү учурларда кайра шайланышы мүмкүн:
а) каза болгондо;
б) төраганын өз каалоосу боюнча кызматтан баш тартканда;
в) өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганда;
г) шаардык кеңештин тийиштъъ туруктуу комиссиясы, ошол аймактын жашоочуларынын жалпы санынын 50% кем эмеси жана Комитет тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндө;
д) өзүнүн жеке арызы же ден соолугу боюнча;
е) аракеттеги мыйзамдарда белгиленген башка учурларда.
5.3 Кайра шайлоодо Комитеттин төрагасы комитеттин учурда иштеп жаткан мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
5.4. Комитеттин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, комитеттин жаңы мүчөсүн шайлоо чогулушта комитеттин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулган күндөн баштап 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
6. Комитетинин финансалык ресурстары
6.1. Комитетинин финансалык ресурстары көчөнүн жашоочуларынын каражаттарынан, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, калктын ыктыярдуу салымдарынын жана кайрымдуулук каражаттарынын жана башка кирешелердин эсебинен түзүлөт.
6.3. Каражаттарды көчөнүн муктаждыктарына бөлүштүрүү көчөнүн жашоочуларынын чогулушунун чечимине ылайык жүргүзүлөт.
7. Комитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- жашоочуларга турак үйдү, көчөнү, жалпы үлүштүк менчикте турган чектеш аймакты, коомдук пайдалануудагы жайларды кармоого жана пайдаланууга өз алдынча укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт:
- комитеттердин калыптануусу жана натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон тийиштүү шарттарды түзүп беришет;
- комитеттердин ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн аларга турак жай эмес бөлмөлөрдү жана коомдук пайдалануучу жайларды, анын ичинде үй алдындагы жер тилкелерин кошуп өткөрүп беришет;
- комитеттердин ишмердүүлүгүн жетектейт, аларга уюштуруучулук жана методикалык жардамдарды көрсөтүшөт;
- комитеттер менен келишимдерди түзүшөт, алардын ыйгарым укуктарынын чегинде жашоочулардын чогулуштарында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышына жардам беришет.
8. Комитеттин документтери
Төрага комитеттин төмөнкү документтерин жүргүзөт:
8.1. А.А.А., туулган датасын, жашаган жана иштеген жерин, үйүндөгү жана кызматтык телефондорун көрсөтүү менен комитеттин мүчөлөрүнүн тизмеси;
8.2. көчө жашоочуларынын тизмеси;
8.3. берилген маалымкаттарды каттоочу журнал;
8.4. комитеттин чогулуштарынын протоколдорунун журналы;
8.5. комитеттин жалпы жашоочуларынын жыйындарынын журналы;
8.6. көрүлгөн чаралар жөнүндө белгилер менен даттанууларды жана сунуштарды эсепке алуу журналы;
8.7. жашоочулардын коомдук иштерге катышкандыгын эсепке алуу журналы.