Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 101/ХVI -27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Л. Суюнтбекованын сунуштаган Кочкорбаев айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата иш планын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айылдык кеңешинин жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткаруучу иштеринин планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2019-жылга карата аткаруучу иштеринин планын көзөмөлдөө жана аткаруу айылдык кеңештин төрагасы А. Албекеновго жүктөлсүн.
3. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткаруучу иштеринин планын көзөмөлдөө жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |
БЕКИТИЛСИН
Кочкорбаев айылдык
Кенешинин төрагасы
Албекенов А.Б.
________________________
06.03.2019 -жыл
№ | Аткарылуучу иш чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу кызматкерлер |
Кочкорбаев айылдык кенешинин сессиясында каралуучу маселелер | |||
1-квартал | |||
| Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык –экономиканы өнүктүрүү планы 2018-жылдагы аткарылышы жана 2019-жылга карата социалдык –экономиканы өнүктүрүү боюнча планын түзүп бекитүү | 1 квартал | Айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Керимкулов |
| 2018-жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2019-жылга карата бюджеттин проектисин бекитүү | 1 квартал | Каржы бөлүмүнүн башчысы Эгемкулова Д.О. |
| Жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган ишинин отчету 2019-жылга карата иш планын бекитүү | 1 квартал | Жайыт комитетинин төрагасы Р. Качкимбаев |
| “Кенеш Суу”, “Ай Барат” суу пайдалануучулар ассоциациясынын СПАнын 2018-жылы аткарган иш аракеттеринин отчету жана 2019-жылга карата иш планы боюнча | 1 квартал | СПАнын мүдүрлөрү М. Коомбаев, Айвазов |
2 квартал | |||
| Кочкорбаев айыл өкмөтүндө тартип бузууга каршы күрөшүү боюнча аткарган иштер жөнүндө маалымдамасы | 2-квартал | Участкалык инспектор, Аксакалдар сотунун төрагасы С. Будайчиев |
| Айыл башчыларынын аткарган иштери боюнча отчету | 2-квартал | Айыл башчылары Т. Исаков, Б. Казабаев |
| Маданият үйүнүн башчысынын аткарган ишинин отчету | 2-квартал | Маданият үйүнүн башчысы В. Дурсунова |
| Ветеринардык врачтын 2018-жыл ичинде жана 2019-жылдын 1 чейрегинде аткарган ишинин отчету, малдарды идентификациялоо боюнча аткарылып жаткан иш аракеттердин отчету | 2-квартал | Жеке ветеринардык врачтар |
3-квартал | |||
| Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр ФПС боюнча” мыйзамын аткаруу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү төлөмдөр айыл чарбалык эмес жерлердин салыктары жөнүндө” мыйзамын аткаруу | 3-квартал | Жетектөөчү адис Г. Тынаева |
| Калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндо | 3-квартал | Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы |
| Кыргыз Респуликасынын “Билим берүү жөнүндө” законунун аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө | 3-квартал | Мектеп директорлору М. Кайдулатова, С. Койлубаева, А. Абдылдаева |
4 квартал | |||
| Муниципалдык менчик объектилерди көзөмөлдөө жөнүндө | 4-квартал | Жер боюнча башкы адис С. Адиков |
| Социалдык жактан коргоо боюнча аткарылган иш аракеттердин отчету | 4-квартал | А. Чуйтиев |
| ( муниципалдык ишкананын отчету) | 4-квартал | М. Карагулаков, Айвазов |
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ ОТУРУМДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР
№ | КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕНИН МАЗМУНУ | АТКАРУУ МӨӨНӨТҮ | АТКАРУУЧУ |
| Жыл башында аткарылуучу иштердин планын тузуп бекитүү. Курултайга даярдануу жана өткөрүү | январь | Жооптуу катчы Суюнтбекова Л.Э. , айыл өкмөтүнүн аппараты |
| Советтик аскердин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылышынын күнүн 30 жылдыгын белгилөө жөнүндө | январь | А. Чуйтиев |
| 8-март Аялдардын Эл Аралык күнүн өткөрүү жөнүндө | февраль | А. Чуйтиев |
| Айыл башчыларынын аткарган иштери боюнча отчету жана 2019-жылга карата иш планы. | февраль | Т. Исаков, Б. Казабаев |
| “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча программасын” ишке ашыруу максатында иш жүргүзүү | март | Г. Тынаева жана айыл башчылары Т. Исаков, Б. Казабаев |
| 2018-жылдын 1- кварталынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышы (Салык боюнча) | апрель | Г. Тынаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жениш күнүн майрамдоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү” жарлыгын аткаруу жөнүндө | апрель | А. Чуйтиев, А. Кубанова |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү” № 63 жарлыгын аткаруу
| май | А. Чуйтиев |
| Ысык-Ата районунда калктуу конуштардын аймактарында, айлана чөйрөнү тазалоо жана инфраструктураны көтөрүү, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын жыйынтыгы жөнүндө | май | Айыл башчылары Т. Исаков, Б. казабаев |
| “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын” ишке ашыруу боюнча иш жүргузүү | июнь | Айыл башчылары Т. Исаков жана Б. Казабаев |
| Жогорку органдар жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан келген иш кагаздардын аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө | июнь | Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова |
| Жашоочулардан түшкөн арыздардын аткарылышын көзөмөлдөө жана өз учурунда чечүү боюнча жүргүзүлгөн иштер | июль | Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.10.2017-жылдагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы калкты турак –жай фондун каттоого даярдоо жана өткөрүү боюнча” токтомдун аткарылышы боюнча | июль | Башкы адистер С. Адиков жана М. Сариева |
| Кенеш, Буденовка орто мектептеринин 2019-2020-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | август | Мектеп директорлору М. Кайдулатова жана С. Койлубаева |
| 31-август Кыргыз Респуликасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун салтанатууу иш чарасы жөнүндө | август | А. Чуйтиев |
| Кочкорбаев айыл аймагынын экономика-тармактары менен калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө |
|
|
| Карылар күнүн бир айлыгын өткөрүү боюнча | сентябрь | А. Чуйтиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы №600 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасы жөнүндө” токтомун аткаруу | октябрь | Спорт инструктор Р. Качкимбаев |
| Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бир айлыгын өткөрүү | ноябрь | А. Чуйтиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды “Жарлыгынын аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө |
|
|
| 2017-жылдагы соицалдык-экономикалык өнүгүү боюнча пландын аткарылышы жөнүндө | декабрь | Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова |
Жооптуу катчы: Л. Суюнтбекова