Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-июлу № 7/2
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүрович, сессиянын алдында сессияга катышпай кетип калгандыгына байланыштуу акт түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)
2. Айылдык кенештин депутаттарынын сунушунун негизинде Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Женишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча добуш берүү жабык добуш берүү тартибинде өткөрүлсүн.
3. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Женишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жабык добуш өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй эсептөө комиссиясынын курамы түзүлсүн.
1) Көбөнова Жаңыл Чүкүковна, 2) Султангазы уулу Бекболот, 3) Токталиев Тилек Токталиевич.
4. Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын, мүчөлөрүн дайындоо жана иш бөлүштүрүү боюнча № 1 токтому бекитилсин. (№ 1 токтом тиркелет)
5. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбекке Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча бюллетендин текстин бекитүү боюнча эсептөө комиссиясынын № 2 токтому бекитилсин. (№ 2 токтом тиркелет)
6. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча 2 (эки) добуш жумуш ордунда калсын деп жана 8 (сегиз )добуш жумуш ордунан кетсин (ишенбөөчүлүк көргөзүлсүн) деген эсептөө комиссиясынын №3 токтому бекитилсин. (№ 3 Токтом тиркелет)
7. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көргөзүлгөндүгү белгиленсин.
8. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичти ээлеген кызмат ордунан бошотуп берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Ж.Субакожоевден суралсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | К. Асаналиев |
Акт
08.07.2019-жыл Ак-Моюн айылы
Биз төмөндө кол коюп акт түзүүчүлөр Ак-Моюн айылдык кенештин төрагасы К.Асаналиев, айылдык кенештин депутаттары М.Манаев, Б.Түмөнбаев, У.Ыбышов, Т.Асанов, У.Шеримбаев, Б.Султангазы у. Т.Мурзалиев, Т.Токталиев, Ж.Көбөнова, жоопту катчы Н.Аскербеков, айыл өкмөтүн кароолчусу С.Айтбаев болуп акт түздүк.
Себеби: 2019-жылдын 8-июль күнү саат 14:00гө чакырылган Ак-Моюн айылдык кеңешинин кезексиз 7-сессиясына айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек сессияга чакырылгандыгына жана күн тартиби менен тааныш экендигине карабастан сессия башталганда эч кимден уруксат сурабастан кетип калды. Күн тартибинде төмөнкү маселе коюлган: “Ак-Моюн айыл өкмөт башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө”. Сессияга чакыруу кагазын Кайыпов Жеңишбек айыл өкмөтүнүн кароолчусу Айтбаев Сапарбектен 5-июль күнү саат 11лерде алган, С.Айтбаев айыл өкмөтүнө эки жолу киргендигине карабастан кол койгон эмес. Уктум, макул сессияга катышам деген. Айылдык кенештин депутаттары Кайыпов Жеңишбектин бүгүнкү жоругун жетекчилик этикага ылайыксыз деп таап. Күн тартиби бекигендиктен сессиянын ишин уланта берүүнү, башкача айтканда регламентте бул жагдай каралбагандыктан сессияда айыл өкмөт башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө маселени карай берүүнү туура деп табышты.
________________ К.Асаналиев
________________ У.Ыбышов
________________ М.Манаев
________________ Б.Түмөнбаев
________________ Т.Асанов
________________ У.Шеримбаев
________________ Б.Султангазы у.
________________ Т.Мурзалиев
________________ Т.Токталиев
________________ Ж.Көбөнова
________________ Н.Аскербеков
________________ Айтбаев С.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Ак-Моюн айылдык кенеши тарабынан жашыруун добуш берүүнү эсептөө боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ № 1
“ 08 ” июль 2019-ж Ак-Моюн айылы
Отурумга катышты: Ак-Моюн айылдык Кенештин депутаттары, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү; Ж.Көбөнова, Б.Султангазы у. Т.Токталиев
КҮН ТАРТИБИНДЕГИ МАСЕЛЕ:
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүү жөнүндө.
УГУЛДУ:
Эсептөө комиссясынын мүчөлөрү Султангазы у Б, Т.Токталиев чыгып сүйлөп эсептөө комиссиясынын төрайымына Ж.Көбөнованы сунуштады. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү Ж.Көбөнованы эсептөө комиссиясынын төрайымына шайлоо боюнча бир добуштан добуш беришти.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы Ж.Көбөнова чыгып сүйлөп: Эсептөө комиссиясынын катчысына Т.Токталиевди жана мүчөлүгүнө Б.Султангазы уулун сунуш кылды.
Комиссиянын төраймы Ж.Көбөнованын сунушу бир добуштан кабыл алынды.
Т.Токталиев: Жумуш бөлүштүрүү боюнча төрайым Ж.Көбөнова жалпы көзөмөл жүргүзүп турууга дайындалсын.
Ж.Көбөнова: Бюльетен таратууга жана уюштурууга Т.Токталиев, урнаны кароого жана көзөмөл кылууга Б.Султангазы уулу дайындалсын.
Күн тартибиндеги маселе боюнча жашыруун добуш берүүнү эсептөө боюнча комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эсептөө комиссиясынын төрайымына депутат Ж.Көбөнова шайлансын.
2.Эсептөө комиссиясынын катчысына депутат Т.Токталиев шайлансын.
3.Эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө депутат Султангазы у Б шайлансын.
4.Эсептөө комиссясына төмөндөгүдөй иш бөлүштүрүлсүн.
1. Ж.Көбөнова жалпы көзөмөл жүргүзүп турууга дайындалсын.
2. Т.Токталиев бюльетен таратуу жана уюштурууга дайындалсын.
3. Б.Султангазы у урна кароого жана көзөмөлдүк кылууга дайындалсын.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: Ж. Көбөнова
Т.Токталиев
Б.Султангазы у.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Ак-Моюн айылдык кенеши тарабынан жашыруун добуш берүүнү эсептөө боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ № 2
“ 08 ” июль 2019-ж Ак-Моюн айылы
Отурумга катышты: Ак-Моюн айылдык Кенештин депутаттары, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү; Ж.Көбөнова, Б.Султангазы у. Т.Токталиев
КҮН ТАРТИБИНДЕГИ МАСЕЛЕ:
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча бюллетенинин текстин бекитүү жөнүндө.
УГУЛДУ:
Эсептөө комиссиясынын төрайымы Ж.Көбөнова чыгып сүйлөп бюллетендин текстин төмөнкүдөй кылууну сунуштады.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин X чакырылыштагы 7-кезексиз сессиясы.
2019-жыл. 08-июль
Бюллетень
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көргөзүү боюнча:
1 | Кайыпов Жеңишбек Өмүрович | Жумуш ордунда калсын |
|
2 | Кайыпов Жеңишбек Өмүрович | Жумуш ордунан кетсин |
|
Айыл өкмөт башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө ким ишенбөөчүлүк көрсөтсө жумуш ордунан кетсин деген графага белги (питичка) коёт. Ал эми ким ишеним көрсөтсө жумуш ордунда калсын деген графага белги (питичка) коёт. Калыс деген графа комиссиянын мүчөлөрүнүн макулдугу менен болгон жок.
Т.Токталиев: Эсептөө комиссиясынын токтому айылдык кенештин сессиясына бекитүүгө сунуш кылынсын.
Күн тартибиндеги маселе боюнча жашыруун добуш берүүнү эсептөө боюнча комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча бюллетендин тексти бекитилсин.
2. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча бюллетендин текстин бекитип берүү жагы айылдык кенештин X чакырылыштагы кезексиз 7-сессиясына сунуш кылынсын.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы: Ж. Көбөнова
Эсептөө комиссиясынын катчысы: Т.Токталиев
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Б.Султангазы у.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Ак-Моюн айылдык кенеши тарабынан жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгынын
ПРОТОКОЛУ № 3
“ 08 ” июль 2019-ж Ак-Моюн айылы
Отурумга катышты: Ак-Моюн айылдык Кенештин депутаттары, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү; Ж.Көбөнова, Б.Султангазы у. Т.Токталиев
КҮН ТАРТИБИНДЕГИ МАСЕЛЕ:
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.
УГУЛДУ:
Эсептөө комиссиясынын катчысы Т.Токталиевдин билдирүүсү: Урматтуу депутаттар Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча 10 депутат катышты. Урнаны ачкан убакта төмөндөгүдөй болуп чыкты. Жумуш ордунда калсын деп 2 добуш, жумуш ордунан кетсин деп 8 добуш берилген.
Күн тартибиндеги маселе боюнча эсептөө камиссиясынын отуруму жогорудагыларды угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жашыруун добуштун жыйынты боюнча 2 добуш жумуш ордунда калсын жана 8 (сегиз) добуш жумуш ордунан кетсин (ишенбөөчүлүк көргөзүлсүн) деп добуш берилгендиги белгиленсин.
2. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча эсептөө комиссиясынын токтомун бекитип берүү жагы Ак-Моюн айылдык кеңешинен суралсын.
3. Добуш берилген бюллетендер айыл өкмөтүндө сакталсын.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы: Ж. Көбөнова
Эсептөө комиссиясынын катчысы: Т.Токталиев
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Б.Султангазы у